Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:52

Кытайдын Түштүк-Кытай деңизиндеги талаштуу аралга ракеталарын жайгаштыруусу Вьетнам менен Филлипиндин нааразылыгын жаратты.

Буга байланыштуу Манилада нааразылык акциясы да болду. Талаштуу аралда ракета орнотулганы тууралуу кабардан кийин Бээжин Түштүк-Кытай деңизинде аскер-аба күчтөрүнүн машыгууларын өткөрүүгө да киришкен.

Вьетнам өкмөтү Кытай анын “суверенитетин олуттуу бузуп жатканына” нааразылыгын ушул жума күнү расмий билдирди. “Кытайдын аракеттери терең тынчсыздантат. Бул - Вьетнамдын Парселге суверенитетин олуттуу түрдө бузгандык, аймактагы тынчтыкка жана стабилдүүлүккө, кемелердин эркин жүрүүснө коркунуч туудургандык. Биз Кытайдан мындай жаңылыш иштерди тезинен токтотуусун талап кылабыз”,- деп айтылат Вьетнам тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

Өлкөнүн тышкы саясий мекемеси соңку окуялардан улам Кытайдын Ханойдогу элчилигине нота тапшыруу менен бирге БУУнун башкатчысы Пан Ги Мунга да кат жолдогон.

Вуди аралы

Вуди аралы

Вьетнам Тышкы иштер министрлиги Парсель деп Түштүк-Кытай деңизиндеги Парсель архипелагын айтып жатат. Бул архипелагдагы Вуди аралына Кытай зениттик-ракеталык комплексттерин орноткону 17-февралда белгилүү болгон. Бээжин 1974-жылы оккупациялап алган бул архипелагды Вьетнам менен Тайвань да өзүнүкү катары санайт.

Вьетнам менен Тайвандан тышкары Түштүк-Кытай деңизинин бөлүктөрүн Кытайдан Бруней, Малайзия, Филиппин да талашып жүрөт.

Ракеталар боюнча жаңылыктан кийин Манилада нааразылык акциясы болду. Филлипин тышкы иштер министрлиги болсо бул “терең камтамачылык” жаратуу менен катар ишенимди бузуп, ансыз деле чыңалган кырдаалды курчутарын белгиледи.

Филлипиндеги нааразылык

Филлипиндеги нааразылык

Австралия менен Жаңы Зеландиянын үндөөсү

Ал эми океан ортосундагы Австралия менен Жаңы Зеландия жума күнү Кытайды чыңалууну күчөтүүдөн оолак турууга үндөдү:

- Сунушубуз абдан эле жөнөкөй. Биз талашкан тараптардын бирине да тартпайбыз. Австралия менен Жаңы Зеландиянын Түштүк-Кытай деңизи боюнча эч кандай дооматы жок. Биз буга ишендирип кете алабыз. Бирок чыңалууну басаңдатууга эбегейсиз кызыкчылык бар. Ошондуктан биз коммюникебизде деңизди талашкан тараптырдын баарын сабырдуулукка чакырдык, - деди жума күнү Сиднейдеги сүйлөшүүлөрдөн кийин Австралиянын премьер –министри Мальколм Тернбулл.

АКШнын жана Тайвандын расмий өкүлдөрү спутниктен тартылган сүрөттөргө таянып, Кытай Түштүк-Кытай деңизиндеги талаштуу Вуди аралына ракета жайгаштырганын билдиргенде, Бээжиндеги бийликтер бул маалыматты ырастаган да, четке да каккан эмес.

Кытайдын "коргонуусу"

Бирок аралда коргонуу жабдуулары узактан бери орнотулуп жатканын моюнга алып, мунун артынан Түштүк –Кытай деңизинде аскер-аба күчтөрүнүн машыгууларын өткөрүүгө да киришкен.

Кытай тарап ошондой эле Түштүк –Кытай деңизиндеги аралдар анын ажырагыс бөлүгү экендигин, ал жерде эмне кааласа ошону жасоого толук укуктуулугун да утур-утур айтууда:

- Түштүк -Кытай деңизиндеги аралдар байыркы замандан бери эле Кытайдын ажырагыс бөлүгү болгон жана Кытай аны коргоого толук укуктуу. Өз аймагына талап кылынган, коргонуу каражаттарын жайгаштыруусу эл аралык укуктун чегиндеги иш, милитаризация эмес. Андыктан, Түштүк- Кытай деңизине тиешеси жоктор бул маселе боюнча тарыхый фактыларга таянып, объективдүү турумда болот, конструктивдүү эмес сунуш жасабайт деп үмүттөнөбүз, - деди Бээжиндеги басма сөз жыйында Кытай тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хонг Лей.

Кытай өкүлү ага катар Түштүк-Кытай деңизин көздөй учактарын жиберүү менен аймакты милитаризациялап жатканы үчүн АКШны күнөөлөдү.

АКШнын көз-карашы

Вашингтон болсо Бээжин Түштүк-Кытай деңизиндеги талаштуу аралдарда курулуш иштерин жүргүзүү, аскерий турумун чыңдоо менен эл аралык нормалар менен эрежелерди сактабай, коңшуларынын укугун бузуп жатат деп эсептейт:

- АКШнын кызыкчылыктары кандайдыр бир конкреттүү талапка жана жерге эмес, бул аймакта соода-сатыктын эркин жүрүшү улантылышына байланыштуу. Анткени, мунун АКШнын экономикасы, дүйнөлүк экономика үчүн кесепеттери эбегейсиз. Ошол эле учурда АКШнын армиясы биздин көз - карашыбызды ачыктоо үчүн операцияларды өткөрүүдө. Биздин көз –карашыбыз - эл аралык укук уруксат берген жерлерде учуу, деңиз аркылуу ары-бери каттоо жана иштөө. Биз бул принципти бекем кармайбыз”,- деди Ак үйдүн өкүлү Жош Эрнест 17-февраль күнү.

Түштүк Кытай деңизинин маанилүүлүгүн талдоочулар ал аркылуу азыр дүйнөлүк сооданын 40% жүрүп же жылына 5 триллион доллардык товар ташылары, деңиз ошондой эле мунай -газдын коруна бай экендиги менен түшүндүрүшөт.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG