Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:39

Дональд Трамп генерал Герберт Макмастерди өзүнө кеңешчи кылды


Дональд Трамп генерал Герберт Макмастер (солдо) менен.
Дональд Трамп генерал Герберт Макмастер (солдо) менен.

АКШ президенти Дональд Трамп улуттук коопсуздук боюнча өзүнүн жаңы кеңешчиси кылып, генерал-лейтенант Герберт Макмастерди дайындады. Трамп аны “зор таланттын жана тажрыйбанын ээси” деп атады.

Герберт Макмастер 54 жашта. Ал Ооганстанда кызмат өтөп, Перс булуңундагы согушка катышкан. Генерал ошондой эле өзүнүн АКШ бийлигинин саясатын жана Вьетнам согушун сындап келгени менен белгилүү.

Генерал Макмастер Трамп кызматтан алган Майкл Флинндин ордуна келди.

XS
SM
MD
LG