Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:48

Трамптын сунушу, Ирандын камтамасы


АКШ президенти Трамп Ирандын ядролук куралга ээ болушуна жол берилбесин дагы эскертти. Иран президенти Роухани 2013-жылы бийликке келгенден бери биринчи жолу Кувейт жана Оманга сапар менен барды.

Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху 14-февралда Кошмо Штаттарга сапар менен келди. Ал Вашингтондо президент Трамп менен эки тараптуу мамиле, Иран, Палестина маселелери боюнча сүйлөшүү өткөрдү.

15-февралда АКШ президенти Дональд Трамп жана Израил премьер-министри Нетаньяху биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүп, анда Трамп Ирандын ядролук куралга ээ болушуна жол берилбесин айтып, дагы бир жолу Тегеран жана ири алты мамлекеттин ядролук келишимин сынга алды. Трамп ошондой эле Израил Улуттар Уюмунда “өтө акыйкатсыздыкка кабылууда” деди.

Дональд Трамп көп жылдан бери чечилбей келаткан палестин маселесин жолго коюу үчүн сунушу бар экенин айтып, Израилди басып алган жерлерге үй салууну токтото турууга чакырды:

- Үйлөрдү курууга келгенде, мен аны бир азга токтотуп турушуңарды каалайт элем. Биз бирдеменин үстүнөн иштеп атабыз, келишимге жетишүүнү каалайм. Менин оюмча, келишим болот. Мен бардык президенттердин ага жетишүүгө кызыкдарлыгын билем, бирок алардын көпчүлүгү келишимге жетүү мүмкүнчүлүгүн көрбөгөндүктөн, ага киришүүгө батына алган эмес. Биньямин жана мен бири-бирибизди көп мезгилден бери билебиз. Ал акылдуу инсан, мыкты сүйлөшүүчү, биз келишимге жетебиз деп ойлойм. Ал бул бөлмөдөгү адамдардын оюна келбеген чоң жана мыкты келишим боло алат. Ал мүмкүн.

Дональд Трамптын курулушту “бир азга” токтото туруу чакырыгын Палестинанын бийликтери сынга алды.

Бирок АКШнын жаңы президенти Нетаньяхунун өкмөтүнө бекем колдоо көрсөтүүдө. Ал эми Барак Обама менен Нетаньяхунун жеке мамилеси дурус болбогону маалым. Барак Обаманын тушунда Иран менен ири алты мамлекет ортосунда Тегерандын ядролук программасы боюнча келишимге кол коюлган. Аны Израил колдогон эмес. Дональд Трамп 2016-жылы шайлоо өнөктүгү учурунда бул келишимди сынга алган.

Вашингтон менен Тегерандын мамилеси Ирандын баллистикалык ракета сыноосунан кийин дагы начарлады. АКШ Иранга жаңы санкцияларды киргизди.

Ирандын ракета сыноосу жана куралдары Сауд Арабиясы баш болгон өлкөлөрдү да тынчсыздандырып келатканы маалым.

Иран президенти Хасан Роухани 15-февралда Кувейт жана Оманга жасаган сапары учурунда араб дүйнөсүнүн чочулоосун жайгарууга аракет жасап, Ирандын куралдануусу коргонуу максатын гана көздөрүн билдирди. Ал буга чейин да андай пикирин билдирген:

- Биздин курал өлкөбүздү коргоого гана керек, башка эч нерсеге. Ошондуктан, кээ бир адамдардын азыркы кырдаалдан пайдаланып, регионду жана эл аралык абалды начарлатуусуна жол бербешибиз керек.

Омандагы жолугушууда Хасан Роухани Тегеран “жакшы кошуналык мамилеге” ар дайым умтулуп келгенин белгиледи. Ал ошондой эле сунниттер менен шииттерди биримдикке чакырып, исламдын бул эки агымы эзелтеден ынтымакта келгенин кошумчалаган.

Иран президенти Йемен жаңжалын диалог менен чечүүнү жактап, ал жерде оор абалдан адамдар азапка түшүп жатканын айтты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG