Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:10

Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчылыгына талапкерлер арасында Португалиянын мурунку өкмөт башчысы Антониу Гуттериш алдыга чыкты.

Коопсуздук Кеңештин беш туруктуу мүчөсүнүн бирөө да ага каршы чыккан жок. Натыйжада Гутерриштин шайлануусу чечилген иш катары аталууда.

Бириккен Улуттар Уюмундагы дипломаттардын айтуусунда, Португалиянын мурунку өкмөт башчысы Антониу Гутерриштин БУУнун жаңы баш катчысы болору чечилип калды.

Талапкерлерди тандоо боюнча 5-октябрда өткөрүлгөн шайлоонун алтынчы айлампасында ал алдыга чыкты. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу беш мүчөсүнүн бири да Гутерриштин талапкерлигине каршы чыккан эмес.

5-октябрдагы добуш берүүлөрдөн кийин Коопсуздук Кеңештин мүчөлөрүнүн катышуусунда Орусиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы элчиси Виталий Чуркин Гутерриш негизги талапкер экенин белгиледи:

- Бүгүн, биздин алтынчы добуш берүүбүз фаворит ким экенин айкын көрсөттү, анын ысымы Антиониу Гутерриш. Биз эртең мененки саат 10до формалдуу добуш берүүнү уюштуралы дедик. Аны баарыбыз колдоого алалы деп турабыз. Эртеңки күнү жалпы колдоо болорун көрүп турабыз. Ошентип, эртең жалпы колдоо, андан кийин Гутерриш мырзанын Улуттар Уюмунун Баш катчысы милдетин жакынкы беш жылдыкта мыкты аткаруусун каалайбыз.

6-октябрда Коопсуздук Кеңешинин добуш берүүсүнөн кийин Антониу Гутерришти Улуттар Уюмунун Баш катчылыгына шайлоо БУУнун Башкы Ассамблеясына сунушталат. Ал Пан Ги Мундун ордуна келет. Пан Ги Мундун мөөнөтү быйылкы жылдын аягында бүтөт. Ал Баш катчылыкты ар бири беш жылдан эки мөөнөт аткарды.

Антониу Гутерриш менен кошо БУУнун Баш катчылыгына ат салышкан он талапкерлер болгон. Алардын беши аял, бешөө эркек. Баш катчылыкка аялдарды шайлоого мезгил келди деген пикирлерге байланыштуу Болгария өкүлү Ирина Бокованын ысымы көбүрөөк аталып келди. Бирок алдын ала шайлоолордо Португалиянын мурунку өкмөт башчысы алдыга чыкты.

БУУдагы Британиянын өкүлү Маттеу Рикрофт Баш катчылыкка аялдын шайланышына мезгил келгенин белгилеп, бирок башкысы бул кызматка келе турган адамдын сапатына көңүл бурулганын билдирди:

- Бул кызматка аял шайланышына мезгил келди деген ойдо болгом. Бирок баарына бирдей түзүлгөн шартта, Британия үчүн эң башкысы бул орунда сапаттуу жетекчиликтин болушу болду. Менин оюмча, Антониу Гутерриш жаңы жана ачык добуш берүү жараяндарында алдыга чыкты десек адилеттүү болот.

Антониу Гутерриш акыркы кезде Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар иши боюнча Жогорку Комиссары болуп келген. Ал бул ишмердүүлүгүндө качкындардын укугун коргоо, аларды кабыл алууга даярдык көрүүгө батыш өлкөлөрүн үндөп келген.

Гутерриш мырза качкындар террордун биринчи курмандыгы экенин эскерткен:

I

I

- Ар кандай сөздөр чыгып жатканына карабай, качкындар террордун булагы эмес, террордун курмандыгы экенин унутпашыбыз керек. Өмүрүнө коркунуч туулган үчүн качууга аргасыз болгондор коркунучтун булагы деп айыпталбашы зарыл. Ооба, качкындар арасына террорчулар да аралашып келиши мүмкүн. Бирок акыркы окуялар көрсөткөндөй бул жердеги радикалдашкандар көбүрөөк коркунуч туудурууда.

Антониу Гутерриш Баш катчылыкка шайланып калса, Улуттар Уюмунун жалпы системасынын ырааттуу иштешин камсыздоого, проблема жараткан негизги үч багыт - тынчтык, өнүктүрүү жана адам укугун сактоодо жаңы стратегия табарын билдирди. Террор жана чыр-чатакты четтетүүдө эл аралык коомчулук ийгиликтерге жетише албай жатканын айткан Гутерриш, аны өзгөртүү үчүн алдын алуу дипломатиясын бекемдөөнү убада кылды.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG