Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:01

Сирия: кан төгүүгө каршы аракет


АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.
АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.

Араздашуу жана карама-каршылык аренасына айланган Жакынкы Чыгышта ири мамлекеттер мунаса таап, кан төгүүнү токтотууда натыйжалуу кызматташа алабы? Айрым бир көрүнүштөр мына ошондон кабар берүүдө. АКШнын мамлекеттик катчысы 14-июлда Москвага жаңы сунуштар менен келгени кабарланууда.

14-июлда АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Орусияга келет. Маалыматка караганда, ал Москвада президент Владимир Путин жана тышкы иштер министри Сергей Лавров менен сүйлөшүү өткөрөт. Анда Керри Кремлге “Ислам мамлекети” аталган экстремисттик уюмга каршы күрөштө аскердик кызматташуунун жаңы жолун сунуштайт. Анын ордуна Вашингтон Сирияда жаңы өкмөт түзүүгө Орусиядан көмөк күтөт.

"Вашингтон пост" гезитинин жазганына караганда, Жон Керри Москвага жыл ичиндеги экинчи жолку эки күндүк сапарында Сирияда жарандык согушту токтотуу, президент Башар Асаддын тагдыры менен бирге Украина кризисин да орус расмийлери менен талкуулайт.

“Ислам мамлекети” аталган террордук уюм жана “Жебхат ал-Нусрага” каршы күрөштө абадан соккуларды координациялоо үчүн биргелешкен командалык борбор түзүүнү сунуштайт. Ал борбордо америкалык жана орусиялык офицерлер, чалгынчылар жана эксперттер бирге отурууга тийиш. Бул бириккен топ Иордания борбору Амман шаарынан алыс эмес жерде жайгашмакчы.

"Керри буга чейин Сирия жаңжалын жөнгө салуу боюнча Кремлге сунуштары өтпөй калып, бир нече жолу көңүлү кайт болгон. Бирок ал дагы бир жолу аракет кылат", - деди Мамлекеттик департаменттин өкүлү Марк Тонер 13-июлда.

Айрым маалыматтарга караганда, Кошмо Штаттардын “Жейш ал-Ислам” жана “Ахрар аш-Шам” өңдүү Сириядагы куралдуу топтор боюнча позициясында өзгөрүү бар.

Жакында эле Жон Керри аларды “Жебхат ал-Нусра” сыяктуу террордук уюмдун катарында атаган. Орусия бул эки уюмду террордук уюмдардын тизмесине кошуу демилгесин буга чейин көтөрүп, бирок Бириккен Улуттар Уюмунда АКШ, Британия, Франция жана Украина тарабынан тосмолонгон.

Сирия маселесинде региондогу таасирлүү мамлекеттерден болгон Түркиянын саясатында өзгөрүү бар экени байкалууда. Буга чейин түрк бийлиги президент Башар Асад кетиши керек деген бекем позицияны карманса, 13-июлда түрк өкмөт башчысы Бинали Йылдырым Түркия Ирак жана Сирия менен мамилесин жөнгө салуу максатын билдирди:

- Биз Орусия жана Израил менен мамилебизди калыбына келтирдик. Мен ишенем, биз ошондой эле Сирия менен да мамилебизди оңдой алабыз. Терроризмге каршы күрөштө ийгилик болушу үчүн Сирия жана Иракта күчтүү бийлик болуп, туруктуулук орношу керек.

Бинали Йылдырым Ирак жана Сирия, ошондой эле Кара деңиз жана Жер Ортолук деңизди бойлой жайгашкан мамлекеттер менен кошуналык мамиледе болуу жана кызматташууну өнүктүрүү Түркиянын эң башкы максаты экенин кошумчалаган.

Ирак майданында кандуу теракттар токтобой жатат. 13-июлда Багдаддын түндүгүндө кезектеги терактта онго чукул адамдын өмүрү кыйылды. Июль айынын башындагы теракт 300, андан кийинкилер ондогон өмүрлөрдү кыйган.

Теракттардын көбөйүшүнө карабай Ирак бийлиги “Ислам мамлекети” аталган террордук уюмга каршы күрөштө ийгиликтерин айтууда. Маселен, 10-июлда Мосул шаарына жакын жердеги ал-Кайяра аба майданы алынганы кабарланган. Андан кийин аба майданга жакын жерде, Тигр дарыясынын өйдө жагында кыштак алынып, ал Ирак күчтөрүнүн байланышын бекемдегени кабарланды.

Кошмо Штаттар ал-Кайяра Мосулду алууда негизги таяныч пунктка айлантыларын билдирүүдө. АКШнын коргоо министри Эш Картер 11-июлда Багдадда болгон учурунда ал тууралуу билдирген эле:

- Ал-Кайяра батыш аба майданын колго алуунун максаты бар. Ал жерде логистикалык борбор курулуп, ага материалдык-техникалык жактан колдоону АКШ көрсөтөт. Ал жерди бекемдөө максаттарыбыздын бири. АКШнын бир батальон санындагы аскерлери ал жерде жайгаштырылып, алар түштүк тараптан Мосулга жыла турган Ирак күчтөрүнө кеңеш берет. Мунун баары Ирак өкмөтү менен түзгөн пландын бир бөлүгү.

Кошмо Штаттар "Ал-Кайяра" аба базасында 560 аскер кармап, ал Мосулду алуу үчүн таяныч катары колдонмокчу. "Ислам мамлекети” аталган экстремисттик уюмдун колунда учурда миллиондон көп калкы бар Мосул жана Сирияда борбор деп жарыяланган Ракка шаары кала берүүдө.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG