Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:44

Исламабад: регионалдык саммит үзгүлтүккө учурай турган болууда


Кашмирдеги Индиянын жоокери.
Кашмирдеги Индиянын жоокери.

Пакистан борборунда ноябрь айына белгиленген саммитке Индия жана Бангладеш бийликтери катышуудан баш тарткандан кийин аны башка убакка которуу зарылдыгы пайда болду. Түштүк Азия бирикмеси регионалдык уюмунун саммитине катышпасын Ооганстан жана Бутан да 28-сентябрда кабарлады. Индия бир күн мурун жыйынга катышпай турганын жарыялаган.

Индиянын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө Пакистанды атабай, бирок террорчулукту колдойт деп сындаган. 18 аскердин өлүмүнө алып келген Кашмирдеги аскердик базасына кол салуу боюнча Индия Пакистанды айыптаган.

Түштүк Азия регионалдык уюмунда Индия, Пакистандан сырткары Ооганстан, Бангладеш, Бутан, Мальдивы, Непал жана Шри-Ланка бар. Пакистандын Тышкы иштер министрлиги тынчтык жана кызматташуу ниетинде кала берерин билдирди. Регионалдык уюм 1985-жылы түзүлгөн. (AiT)

XS
SM
MD
LG