Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:16

Президенттер деле бийлешет


Орусия -- Президент Борис Ельцин шайлоо алдындагы митингде бийлеп жатат. Ростов, 10-июнь, 1996.
Орусия -- Президент Борис Ельцин шайлоо алдындагы митингде бийлеп жатат. Ростов, 10-июнь, 1996.

Өлкө башчылары деле пенде да, кадимки адамдардай эле бийлешет, ырдашат... Бирок көбүнчө алардын мындай жосуну эл көзүнчө болуп кетет. Бул мурда-кийин боло жүргөн эле көрүнүш, болгону мурда өлкө башчыларынын ырдап-бийлегенине айланасындагылар эле күбө болуп кала берсе, азыр заматта интернетке жайылып кетет.

Канткен менен президенттердин эл көзүнчө тайраңдап бийлеп киришин ар ким ар кандай кабыл алат. Айрымдар муну ал деле пенде, музыка ритминен кармана албай калды дешсе, дагы бирлери өзүн көрсөтүп жатат деп ойлошот. Дагы бирлери бийлигине мас болуп, элди көзгө илбей калды деп эсептешет. Өзгөчө Кыргызстанга окшогон жакыр өлкөлөрдө башчылардын эл көзүнчө бийлешин көп жактыра беришпейт. Кыйналып жашаган элдин арасында "биз араң жашап атсак, муну карасаң, килтеңдеп бийлеп жүргөнүн", - дечүлөр четтен табылат. Мындан 5-6 жыл мурда ошондогу президент Курманбек Бакиев Ала-Тоо аянтында бийлеп киргенде да эл ичинде ушундай сөздөр көп айтылган.

Төмөндө бир канча өлкө башчыларынын ар кандай учурда тартылып калган бий тасмаларын сунуштайбыз. Кимиси кантип, кандай жагдайда бийлегенин өзүңүз баалап алыңыз.

Президент Николай Федоров

1995-2010 - жылдары Орусия Федерациясындагы Чуваш Республикасын жетектеген. Анын бийлегени түшкөн тасма бийчи президенттердин тасмаларынын алдыңкы сабында.


Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев

2007-жылдын 31-августунда - өлкөнүн эгемендик майрамында аянттагы шаан-шөкөткө күбө болуп отурган президент капыстан эле тура калып, "Анжиян полькасына" бийлеп киргени көптөрдүн оозун ачырган.



Орусия президенти Дмитрий Медведев


Орусиянын мурдагы президенти, азыркы премьер-министр Медведев да бирге окуган курсташтары менен болгон бир кечеде студент кезиндеги бий кечелерин эске салган.




Президент Борис Ельцин


Орус өлкөсүн 1991-1999 -жылдары башкарган маркум Борис Ельциндин бийлемек тургай, башка да толтура "жосунсуз жоруктары" камерага түшүп калган.


Президент Барак Обама

АКШ президенти Барак Обама эки жолку ант берүү аземинде тең жубайы Мишель менен бийлеп чыккан. Бул тасмада болсо Обама кайсы бир телепрограммага катышып жатат.



Президент Жорж Буш

АКШнын мурдагы президенти Жорж Буш да өзүнүн тамашалары менен журналисттерди эриктирчү эмес.



Президент Ильхам Алиев

Азербайжан президенти Илхам Алиев прессага спортко жакын экенин такай айтып келет. Бирок анын бийге жакын экенине да күбө болгондор аз эмес. Бир канча жыл мурда Youtub порталына Илхам Алиев кызы Лейланын үлпөт тоюнда бийлегени чыккан.


Президент Абульфаз Эльчибей

Азербайжандын көзү өтүп кеткен мурдагы президенти Абульфас Эльчибей Бакудагы бир салтанатта бийлеп жатат. Кыязы бул анын акыркы бийи болгон окшойт.

Президент Ислам Каримов

Жергиликтүү журналисттер өзбек президенти улгайып калганына карабай жыл сайын Нооруз майрамында бийлээрин жазып келет.


Президент Эмомали Рахмон

Дагы бир кошунабыз - Тажикстандын президенти да биздин Бакиевден ашса ашат, асти кем калышпай "катыра" бийлей алат. Айырмасы - үн созуп, ырдай да коёт.

Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров

Рамзан Кадыров да бийдин катыгын берет. Өзгөчө шаан-шөкөттөрдө жандуу музыка жаңырганда карап тура албайт, атайын чакырык күтпөй эле дароо өзүн ортого "таштайт"


RFE/RL
XS
SM
MD
LG