Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:18

(Дүйнөлүк басма сөзгө сереп: 4-11-март)

Сыягы, быйылкы жыл эл аралык аренада бир катар маанилүү шайлоолордун жылы болот окшойт. Орусиянын президенти жаңы эле шайланып, анын тегерегиндеги талаш-тартыштар, кайчы пикирлердин деми дале болсо сууй элек. Алдыда Франциянын мамлекет башчысы шайланганы турат. Ал эми Америкадагы шайлоо өнөктүгү жаңы гана арыш керип, Барак Обама менен президенттик үчүн күрөшкө аттана турган негизги талапкердин ысмы дээрлик белгилүү болуп калды. Массачусетс штатынын мурунку губернатору Митт Ромни башка талапкерлерден алдыга озуп чыгып, Вашингтондогу Ак үй үчүн ат салышууга, Обама менен тизгин талашууга катуу даярдана баштаган кези. Ушул тапта Индияда да парламент үчүн күрөш башталып, эч ким күтпөгөн бир катар маанилүү окуялар орун алууда. Кытайда да Компартиянын съезди өтүп, жаңы келе турган президенттин аты эмитен атала баштады.

Анда эмесе Орусиядагы шайлоо кандай эл аралык резонанс жаратты - сөздү ушудан баштайлы. The Christian Science Monitor гезити ЕККУнун орус шайлоо өнөктүгүнө берген терс баасын, Путиндин көз жашын айтып келип, бийлик башына кайра келген орус лидерине үчүнчү жолку мөөнөт - кыйын мөөнөт болоорун, нааразылык акциялары токтобой турганын, айрыкча күзгө жуук абал бир топ кыйындай турганын жазып чыкты.

Дагы бир маанилүү шайлоо, жогортодо айтылгандай, Америкада башталганы турат. Президент Обама ким менен таймашка чыгаарын жакшы билет. Экинчи жагынан, Обама да шайлоо өнөктүгүнө кур кол келбей тургандай түрү бар, себеби Американын экономикасы кризистен аз да болсо чыга баштады, жумушсуздук кыйла кыскарып, өндүрүш жанданып, ушунун баары азыркы президенттин сөзүнө сөз кошкону турат дейт Time журналы.

Лондондон чыкчу The Economist журналы болсо Индиядагы саясий процесстерге арналган аналитикалык макалага орун берди. Те Джавахарлал Неру заманынан бери Индиянын эки тизгин, бир чылбырын колдон түшүрбөй келаткан Конгресс партиясы жаңы башталган парламенттик шайлоодо утулуштан башы чыкпай келатат, деп жазат журнал. Азыр да мамлекетти бийлеп турган илгерки Нерунун чеберелери, анын кызы Индира Гандинин неберелери, террористтин колунан мерт болгон уулу Раджив Гандинин Рахул деген уулу жана Приянка деген кызы саясатка аралашып, бирок ал эч бир оң натыйжа бербей, партия мурунку таасирин улам жоготуп баратат, деп жазат The Economist журналы. Конгресс партиясынын азыркы лидери, Раджив Гандинин жесири Соня Ганди ден соолугу жакшы болбой, рак оорусуна чалдыгып, азыр саясатка убактысы тийбей, ден соолугу менен алек болуп жатат, дейт журнал.

Эми эл аралык прессада байкалган дагы бир кызыктуу көрүнүшкө көңүл бура кетели. Ал 8-март майрамы. Кызык жери, бул майрам мурунку жылдарда негизинен социалисттик багыттагы мамлекеттердин гана пропогандалык саясаты катары каралып келсе, азыр Батыштын дээрлик баардык мамлекеттеринде бул майрам кадимкидей белгилене баштады. Буга күбө - Time журналындагы, The Christian Science Monitor гезитиндеги, Newsweek жумалыгындагы аялдар жөнүндөгү кенен макалалар далил. АКШынын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон бул майрамга карата дүйнөдөгү эң каарман деген он аялдын атын атап, ал тизмеге Мьянманын (мурунку Бирманын) Нобель сыйлыгына татыктуу болгон саясий ишмери, саясий көз караштары үчүн 15 жылдан ашуун үй камагында отурган легендарлуу Ан Сан Су Чини кошту.

Time журналы өткөн аптадагы номурунда азыркы Кытайдагы бизнесмен аялдар тууралуу кызыктуу макаланы жарыялады. Макалада Кытай көп тармактар боюнча эң эле чоң, эң эле зор дей турган көп иштердин өтөсүнө чыкканы айтылат. Маселен, дүйнөдүгү эң чоң ГЭС Кытайда экен. Эң чоң соода борбору, крокодил өстүргөн дүйнөдөгү эң чоң фирма (100 000 крокодил багып өстүрүлөт), аянты Бермуд аралынан кем эмес эң чоң аэропорт да Кытайда экен. Эми дүйнөдөгү эң бай аялдар да ушул мамлекетте пайда болуптур. Кызык жери алардын бири да ата-энесинен бай мурас алып, же оокаттуу үй-бүлөлөрдө чоңойбоптур.

Эми илим менен маданияттын жаңылыктарына да токтоло кетели. “Детали мира” деп аталган аналитикалык журнал Орусиянын демографиялык келечеги, башкача айтканда, улам барган сайын азайып бараткан калкы тууралуу илимий прогнозду ортого салды. Бул мамлекеттин калкы бара-бара азая бере турганы, маселен, 2030-жылы 15 пайызга, же болбосо 20 миллион адамга кыскарып, ал эми 2050-жылы элдин саны 30 пайызга, башкача айтканда 43 миллион адамга кыскара турганы болжолдонууда. Эгер акыбал мындан ары да ушул бойдон кала берсе, Орусияны Азиянын ар түрдүү калктары табигый түрдө каптап кете турганын жазды “Детали мира” деген орус журналы акыркы санында.

Өткөн жумада кеңири талкууланган дагы бир илимий жаңылык - күндүн үстүнкү бетиндеги абдан активдешип кеткен геомагниттик процесстер болду. Окумуштуулардын айтканына караганда, жер шарынын магнитосферасы күндүн үстүнкү бетиндеги жалбырттаган бурганакка катуу дуушарланып, натыйжада адамдардын кан басымы жогорулап, айрым бир оорулар күчөп кетээри байкалды. Ал тургай телефон байланыштары да үзгүлтүккө учурап, жер бетиндеги турмушка кыйла таасирин тийгизди. Кудай жалгап, мындай кубулуштар кантсе да сейрек кездешет, демек, касиеттүү күн адам баласына жадыраган жарык нурун дайыма төгө бермекчи, дейт The Christian Science Monitor гезити.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG