Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:42

Дүйнөлүк басма сөзгө сереп (26-31-март).

Дүйнөлүк басма сөздү барактап отуруп, азыркы заманда адамзаттын тынчын алган эки өтө чоң маселе, эки зор көйгөй бар экенине көзүң жетет. Биринчиси, эл аралык коопсуздук болсо, экинчиси - энерегетика маселеси же энергетикалык көз карандысыздык. Азыркы убакта бул эки маселе тууралуу баш оорутпаган, эмне кылуу керектигин ойлонбогон бир да саясатчы, бир да мамлекет жок болсо керек. АКШ да, Кытай да, Жапония да, Батыш да, Чыгыш да дээрлик күн сайын ушул эки маселенин үстүндө бардык аракеттерин жасап, аны чечүүнүн ар кандай жолдорун ойлонуп жатканын көрүүгө болот.

Маселен, The Christian Science Monitor гезити эмне үчүн Батыш мамлекеттери Ирандын ядролук программасына түп көтөрө каршы болуп жатканына токтолуп, эгер кокус Иран атом бомбасына ээ болсо, анда аны туурап сөзсүз Сауд Аравиясы, андан соң Түркия, анан, албетте, Израиль атом бомбасы үчүн бардык күч аракеттерин жасаарын, ошентип эл аралык коопсуздук өтө опурталдуу тобокелчилик акыбалында калаарын жазып чыкты.

Ушул эле теманы уланткан Fox News агенттиги Израиль Азербайжанга 1.5 миллиард долларга курал сатып, Азербайжандан болсо зор көлөмдө мунайзат ташып атканын, ошону менен бирге Израиль Илхам Алиевдин өкмөтүнөн Иранга сокку уруу үчүн кайсы бир аэропортун база катары сурап атканын шардана кылды. Израилдин бул аскерий аракеттерине азыркы Америка жетекчилиги макул эмес экендигин, деле Барак Обама согуштук иш-аракеттерге караганда дипломатиялык жолдор менен маселе чечүүгө көп аракет кылып жатканын баса белгиледи басылма.

Эл аралык коопсуздук маселесин анализдеген дагы бир макалада жогоруда аталган The Christian Science Monitor гезити былтыркы жылы көзү тазаланган Усама бин Ладендин дүйнөгө, айрыкча Америкага тийгизген түздөн-түз таасири тууралуу кызыктуу макаланы жарыялады. Бул тууралуу бир эле мисалды келтире кетүү жетиштүү, дейт гезит. Маселен, бир кезде Американын, Европанын самолетторуна жүргүнчүлөр анча-мынча эле текшерүүдөн өтүп, заматтын ичинде орундарына отуруп калса, азыр ар бир адам рентгенден баштап, бутундагы байпагына чейин, чачты жууган шампунга чейин текшерүүдөн өтүп калганын, көчө-көчөлөрдө, эл чогулган жерлерде видео камералар орнотулуп, метро менен автобустарга кирип-чыккан жүргүнчүлөрдү тасмага тартуу көнүмүш болуп калганын, буга миллиарддаган акча каражаттар сарпталып жатканын жазды гезит. Бин Ладен дүйнөдөгү ансыз да көп проблемаларды ого бетер көбөйтүп, миллиарддаган каражаттарды коопсуздук маселесине коротууга мажбурлаганы - бул бүгүнкү турмуштун фактылары дейт The Christian Science Monitor гезити.

Дүйнө басма сөзү энергетика маселесин да өтө көп талкуулап, бул жагынан кандай иштер, кандай илимий изилдөөлөр жана долбоорлор жасалып жатканын жазууда. Мунайзат, башкача айтканда, бензин жасалган кара майдын, газдын запасы баары бир дүйнөдө азайып, анын ордуна энергия ала турган кандай булактар бар экендигин анализдеген The Guardian гезити индиялык окумуштуулардын бир чоң илимий жетишкендигине токтолду.

Азыркы учурда Индиянын уламдан-улам өсүп бараткан энергетикалык талаптарын канааттандыруу үчүн урандын ордуна индиялык окумуштуулар торий деген элементти пайдаланууга ыктап, бул зат уран сыяктуу радиоктивдүү эмес экенин, атмосферага да зыяны алда канча аз экенин, бирок ядролук реакторлордо урандын ордуна отун катары пайдаланууга болоорун жазды. Экинчи олуттуу альтернатива - бул кадимки эле балырдан алууга мүмкүн болгон электр энергиясы дейт The Guardian. Биринчиден, балырды аябагандай чоң көлөмдө өстүрүү абдан оңой болсо, экинчиден, энергия алуу үчүн зарыл болгон гидрокарбон балырда 400 эсе көп, дейт гезит. Бул долбоорду АКШнын Президенти Обама да колдоп, бул багытта атайын мамлекеттик программа жасоо керек деп айтканын жазды аталган басылма.

Эми мурунку союздук республикалардагы, азыркы КМШ өлкөлөрүндөгү айрым газеталарга да токтоло кетели. “Россияда коррупция күн санап өсүүдө” дейт РБК Daily агенттиги. Орус генпрокуратурасынын билдиргенине караганда 2011-жылы 2010-жылга караганда 40 пайызга көп кылмыш иштери табылып, козголгон иштердин жалпы саны 312 миңге чыгып кетиптир. Федералдык структураларда коррупция 150 пайызга, ал эми жер-жерлерде 50 пайызга өстү, дейт РБК Daily.

REGNUM агенттиги кошуна Өзбекстанда 45 миңден ашуун камакта отурган адамдарга Президент Ислам Каримов тарабынан мунапыс берилип, миңдеген кылмышкерлер боштондукка чыгаарын кабарлады. Ошол эле Өзбекстанда электрдин баасы 7 пайызга өсүп, ысык суу менен менен муздак сууга да төлөмдөр кыйла көтөрүлгөнүн REGNUM агенттиги өз сайтында шардана кылды. Ал эми Өзбекстан менен Тажикстандын ортосундагы мамилелер абдан эле ырбап кеткени, тажиктер өзбектерден газды дээрлик албай калганы бара-бара олуттуу регионалдык маселеге айланып кетиши толук мүмкүн дейт агенттик.

Астанадан чыккан “Казахстанская правда” гезити Белорус экономикасындагы айрым олуттуу оош-кыйыштар тууралуу макалага орун берди. Жыйырма жылдан бери бийлик башында отурган, катуу эл аралык саясий изоляцияга кириптер болгон Лукашенко жакында 200 миң рублдик номинациясы бар акча кагазын чыгарууга буйрук бериптир. Себеби улам өсүп бараткан инфляция азыркы күндө 107 пайызга чыгып, деле белорус валютасынын кунары абдан кетип атыптыр. Жогоруда айтылган 200 миң рублдик акча кагазынын кунары болгону 24 АКШ долларына тете экен. Азыр Белорустун эң чоң акча кагазы 100 миң рублдик кагаз. Айтор, бул өлкөнүн финансылык жагдайы, экономикасы өтө кыйын кырдаалда экенин жазып чыкты “Казахстанская правда” гезити.
XS
SM
MD
LG