Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:19

Грек трагедиясы: Эси кеткен Европа


Грекия -- Грек парламентинин алдындагы аянтка топтолуп жаткан эл, Афина. 16-май, 2012.

Грекия -- Грек парламентинин алдындагы аянтка топтолуп жаткан эл, Афина. 16-май, 2012.

Апта ичиндеги дүйнөлүк басма сөзгө сереп. (14-20-май.)

Ѳткөн аптадагы эң маанилүү окуя - Грекиядагы кедерине кеткен саясий жана экономикалык кырдаал болду окшойт. Бул мамлекет финансылык жактан толук банкрот болуп, парламентке шайлоодон кийин жаңы өкмөт түзгөнгө шаасы жетпей, ал жердеги саясатчылардын бир даары еврозонадан чыгабыз десе, калгандары эч качан Европа шериктештигинен чыкпоо керек деп, айтор ич ара катуу саясий тартыш болуп жаткан кези. Натыйжада евронун акча катары кадыры бир топ кетип, бүтүн Европаны финансылык параличке алып келе турган кыйын акыбал түзүлдү.

Албетте, кокус Грекия еврого чейинки акчасына (драхма) кайрылып келип, өз жанын өзү багып кетсе, ага эч кимдин деле ичи оорумак эмес, бирок кептин баары нечен замандан бери аракеттенип жүрүп, акыры араң баш кошкон Европа кайрадан таркай баштаганында болгону турат. Ошондуктан бул эң биринчи кезекте саясий жактан урулган сокку болгону турат. Экинчиси, кокус Грекия чын эле шериктештиктен кетсе Европа бери болгондо 1 триллион евро зыянга түшкөнү турат, дейт Time журналы. Ансыз да каражат жагынан каатчылыктын каарын тартып, тышкы жана ички карызга белчесинен батып турган Европа үчүн бул сумма белди мертинте турган сумма болуп калышы толук мүмкүн деп жазат ошол эле Time.

Ошондуктан азыркы кырдаалда грек президенти Иви Морети жана анын 11 миллион мекендештери көп маселенин башын ачканы турат, деп жазды экинчи бир абройлуу америкалык гезета The Washington Post. Ал эми The Economist журналы Грекияны Евросоюздун “ахиллес согончогу”, башкача айтканда шериктештикти бар же жок кыла турган эң талуу жери деп атады.

Күнү кечээ Америкада, Кемп-Девидде эң өнүккөн деген 8 мамлекеттин лидерлеринин жолугушуусу болуп бүттү. Эми Чикаго шаарында НАТОнун кезектеги саммити өтүүдө. Бирок бул жолку жолугушуулар, дейт ошол эле Time журналы, бир кездеги дүйнө тагдырын чечкен алдуу-күчтүү мамлекеттердин жолугушуулары эмес, карыздары тоодой, төрт амалы түгөнгөн, экономикалары өнүгүүнүн “шал оорусуна” кабылган мамлекеттердин кезектеги кеңешмеси болууда.

Евросоюз үчүн катуу турган Николя Саркози азыр кызматтан кетти, ордуна социалист Франсуа Олланд Францияга президент болуп келди. Испания менен Италиянын экономикалык акыбалы да өтө кыйын акыбалда. Жапониянын экономикасы көп жылдардан бери өсүү темпин жоготуп, айрыкча өткөн жылкы цунаминин кесепетинен дале болсо оңоло албай жатат. Португалия менен Ирландия азыр жалаң карыз алган кредиттердин эсебинен жан багып атат.

Батыш мамлекеттери үчүн кезектеги кыйын сыноо - ноябрь айында өтө турган Америкадагы шайлоо боло тургандай. Американын саясий шамалы кайсы тарапты көздөй согот, күздөгү шайлоо эмне менен бүтөт - бул да өзүнчө чоң маселе. Сурамжылоолорго караганда, Барак Обаманын шансы азырынча анча деле жаман эмес, бирок келечектеги Америка кандай мамлекет болот, мурунку илебине нан бышкан супердержава боюнча калабы, же өз оокатына тың көп мамлекеттин бирине айланып, бирок баягы байлык жагынан да, дүйнөгө тийгизген таасири жагынан да эч бир теңдеши жок өлкө болуштан калабы? - деп суроо коёт Мартин Вульф аттуу аналитик The Financial Тimes гезитинде.

Каалайбызбы, каалабайбызбы, азыркы өнүккөн деген мамлекеттер ошол Американын экономикалык жана саясий моделин туурап жүрүп өнүгүп кетишти, дейт автор. Бирок Америка өзү азыр тез аранын ичинде реформаланууга муктаж мамлекет экенин моюнга алуу керек. Эгер Америкада баары шайма-шай болсо, анда азыркы триллиондогон карыздары болбойт эле го, экономикалык рецессияга туш болбойт эле го, деп суроо салат Мартин Вульф. Азыр деле Американын экономикасы Кытайга караганда эки эсе чоң, бирок кийинки жылдардагы кеткен көп жаңылыштыктар, эки партиянын - республикачылар менен демократтардын ортосундагы эч качан бүтпөгөн саясий тартыш, бир жактуу чечим кабыл алуунун оордугу Американы кадимкидей алсыратууда, дейт аты аталган автор.

Бирок Европанын экономикасы таптакыр эле бутуна тургус болуп баратат деген бүтүм айтуу, албетте, туура эмес болоор эле. Жакшылыктан үмүт берген жаңылыктар да жок эмес. Маселен, The Financial Тimes гезити Германиянын экономикасы быйылкы жылдын биринчи кварталында прогнозго караганда беш пайыз көп жыйынтык берип, немистер ушу тапта маңдайы жарылып кубанып жатканын жазып чыкты.

Азыркы учур саясий аналитиктердин, дүйнө экономикасын изилдегендердин заманы болуп баратат десек туура болчудай. Анын себеби түшүнүктүү го: азыркы дүйнөдө жоопсуз калган көп суроолор, башы ачыла элек татаал маселелер абдан эле көп болуп кетти. Ошондой аналитикалык макаланын бирин The Financial Тimes гезити акыркы номурунда жарыялады. Макаланын автору Кейт Маккензи Кытайды жана анын жакынкы келечегин анализге алыптыр. Маккензинин ою боюнча, Кытайдын экономикасы бара-бара ылдыйлайт, саясий модели да бир катар өзгөрүүлөргө дуушар болушу толук ыктымал. Быйылкы жылы экономикалык өсүш Кытайда 8.5 пайыздан 7.6 пайызга төмөндөйт. Ошону менен бирге дал ошол Кытайдын моделин туурап өнүгүп жаткан бир катар чоң-кичине мамлекеттер ага бир топ конкурент болуп, Кытайдын дүйнө соодасындагы үлүшүн азайтып, ага олуттуу конкуренция түзө тургандай түрү бар, дейт Маккензи.

Серептин акырында Лондондон чыккан The Economist журналындагы Тажикстан тууралуу макалага токтоло кетели. Макалада Тажикстан Ооганстандан чыккан баңгизатты Орусияга, андан ары Европага тараткан негизги мамлекетке айланып, наркотрафик бул өлкөнүн экономикасына сезилээрлик таасир бере баштаганы тууралуу сөз болот. Баңги зат өткөн жолдор азыр тажик саясий элитасынын тымызын карамагына өтүп, наркотик Борбор Азиядага эң кедей деп эсептелген бул мамлекеттин астыртан пайда тапкан жем баштыгына, арам акча табуунун негизги булагына айланган. Ооганстан менен 1300 километр жалпы чек арасы болгондуктан Тажикистан аркылуу жашыруун да, ачык да тонналаган героин ташылат. Банги зат болбосо Душанбедеги менчик ак сарайлар, жаңы моделдеги жаркылдаган машиналар кайдан пайда болот эле, деп жазат ошол эле The Economist.

Баңги зат бизнесине өлкөнүн эң жогорку жетекчилеринин аралашып калганы тууралуу айың сөздөр эбектан бери эле айтылып келатат, бирок анын бетин ачууга эч ким батынбайт, дейт журнал. Анын бетин ачуу, деле баңги зат бизнеси менен олуттуу күрөшүү Тажикистанды түз эле нака ич ара согушка алып келиши толук мүмкүн, дейт The Economist.

Батыш мамлекеттери, дүйнөлүк коомчулук жүздөгөн миллион доллар акча коротуп, Тажикстандын чек арасын деле бекитип берди, техникалык нечен жардамдарды көрсөттү, бирок баңги зат ташуу көбөйсө көбөйдү, бирок эч бир азайган жок, деп жазат андан ары журнал. Ушул тапта жылына 90 тоннага жакын баңги зат Тажикстан аркылуу өтөт экен.

Адистердин анализине караганда, азыр тажиктердин дүң продукциясынын 30 пайызга жакыны баңги зат трафиги менен байланышкан. Мамлекет жетекчилери бул маселени чечкендин ордуна улам жаңы кансарайларды тургузуп, ал гана эмес дүйнөдөгү эң бийик байракты борбор шаар Душанбеге курганы абдан өкүндүрөт, дейт The Economist журналы.
XS
SM
MD
LG