Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:07

Апта ичиндеги дүйнөлүк басма сөзгө сереп. (21-27-май)

Өткөн аптада атактуу америкалык философ жана саясат таануучу Фрэнсис Фукуяма Newsweek журналында окурмандар менен Интернет аркылуу маек курду. Теги жапон, бирок жашаган жери Америка болуп калган Фукуяма азыркы дүйнөдө Збигнев Бзежинский, Генри Киссинджер сыяктуу абдан абройлуу ойчул, таанымал саясий аналитиктердин бири экенин белгилей кетели. Анын атагын дүйнөгө чыгарган “Тарыхтын бүтүшү же эң соңку адам” (1992), “Мамлекет куруу жана ХХI кылымдагы дүйнө” (2004) сыяктуу китептери азыр ондогон тилдерге которулуп, саясат таануучулардын окуу китебине айланган.

Ошол Фукуяма азыр Египетте болуп жаткан президенттик шайлоо, Сирияда улам жалбырттап бараткан ич ара согуш, араб дүйнөсүндөгү өзгөрүштөр тууралуу айтып келип, революция жасоо салыштырмалуу оңой иш, а бирок демократияны куруу, айрыкча демократиялуу мамлекет куруу аябагандай оор процесс экенин, ал чыдамкайлыкты, саясий эркти талап кылган нерсе экенин билдирди.

Фукуяманын оюнда, революциядан кийинки Ливияда, маселен, мамлекет деген нерсе жок эсептүү болуп калыптыр; Египетте да турмуш жакынкы арада оңолуп кетиши кыйын болчудай, ал эми Сириядагы согуш оңой менен басыла койчу түрү жок.

Фукуяма “Уолл Стритти окккупациялагыла” деген кыймылдан да конкреттүү эч нерсе чыкпайт деп эсептейт, анткени демонстрацияга чыккандар бирдиктүү саясий күч эмес, конкреттүү сунуш-идеялары жок. Ошондуктан араб мамлекеттери чыныгы демократия куруп, турмуштары оңолгуча дагы көп заман өтөт дейт Фрэнсис Фукуяма.

Бирок түндүк Африкадагы катуу тополоңдор дүйнө экономикасына, анын ичинде арабдар менен ирегелеш жашаган Израилге да залдарын катуу тийгизип жатыптыр. Christian Science Monitor гезити жазгандай, азыр еврейлердин мамлекетине баш паанек сурап качып келгендердин саны күн санап өсүп, жалаң Тель-Авивде 60 миңге чукул өңү кара африкалыктар жашап жатыптыр. Жакынкы эле күндөрдө бул шаарда жаалы келген жөөттөр көчөлөргө чыгып, каралардын үйлөрүнө, минген машиналарына чабуул жасап, айтор, полициянын айласын бир топ кетириптир. Ушул тапта туш тараптан агылып келип жаткан мигранттардын жолун кантип бөгөгөнгө Израиль мамлекети жол издеп жаткан кези экен.

9-майда Индонезияда тоого урунуп талкаланган, ичиндеги 50гө жакын кишиси ажал тапкан Орусиянын Suprjet-100 деген жапжаңы жүргүнчү учагы боюнча ар түрдүү божомолдор дале болсо тынчый элек. Ошол эле Christian Science Monitor гезити жазгандай, азыр орустар жапжаңы учактын кыйрашы - бул атайын уюштурулган саботаж, ага Американын техникалык шпиончулугу күнөөлүү деген сөздү таратып жатыптыр.

Жакартанын аэропорту чынында да америкалык технология менен жабдылган экен, ошондуктан конууга даярданып келаткан учакка туура эмес команда берип, учкучтарды адаштырып коюу андай деле татаал жумуш эмес имиш. Орусиянын Suprjet учагын талкалоонын башкы максаты - авиатранспорт маркетине жаңы конкурент болбосун деген коммерциялык максат болушу мүмкүн деп жазат орус гезити “Комсомольская правда”. Бирок маселенин чын-бышыгы учактын кара ящигин ачып окуганда гана билинээри айтпаса да түшүнүктүү нерсе.

Баса, конкуренция, алдыңкы технологияларды чыгаруу маселесине байланыштуу RBK daily агенттиги орус профессору Наталья Волчкованын макаласын жарыялады. “Эгерде Путин мурунку эле саясатын улантып, ишкер чөйрөлөрдүн ортосундагы конкуренцияга, атаандашуучулукка шарт түзбөсө, Орусиянын акыбалы абдан жаман болушу мүмкүн”, - деп жазат профессор.

Путин өзү деле Орусияда дүйнөнүн мыкты фирмалары менен теңтайлаша турган өндүрүш жок деп нечен кур айтып келет, бирок ал маселени чечүүгө эң алды менен саясий эрк керек экендигин түшүнгүсү келбей жатканы кейитет, деп жазат автор. Деле ошол саясий эрк Путинде барбы же жокпу - бул чоң суроо дейт профессор. Экономиканын 70 пайызы жалаң гана нефть менен газга таянып жашаганы - Орусия дале болсо экономикалык жерпайы бошоң, технологиялык жактан дале болсо артта калган мамлекет экендигинин белгиси дейт профессор.

The Economist журналы соңку номурунда Кытайдагы улам күчөп келаткан улутчулдук маселеси тууралуу кызыктуу макала жарыялады. Кийинки жылдардагы экономикалык өсүш, айрыкча Бээжинде зор ийгилик менен өткөн Олимпиада, Шанхайда андан бетер жакшы өткөн ЭКСПО көргөзмөсү кытайлардын өз мамлекетине сыймыктануу сезимин ойготуп, патриоттугун козгоп, бул өлкөдө башта билинбеген бир катар жаңы көрүнүштөр пайда боло баштады, деп жазат журнал. Ал эми гезит беттеринен түшпөгөн Америка менен диспут, айрыкча Чен аттуу сокур диссидентке Америка баш паанек бергени улутчулдуктун чырагына ого бетер май тамызды, деп жазат The Economist журналы.

Ошону менен бирге чет өлкөлүк компанияларга эшигин кенен ачкан, алар үчүн бардык шартты түзгөн Кытайда чет элдиктер өздөрүн кудайдай сезип, жергиликтүү калкка ыдык көрсөтүү, уруп-согуу, ал гана эмес кыз-келиндерди зордуктоо, аларды каалаганындай пайдалануу фактылары абдан көп кездешет экен. Бул да кытайлардын намысын ойогтуп, улутчулдугун күчөтүүгө түрткү болуп жатыптыр.

Серептин акырында Time журналындыгы эки кызыктуу макалага окурман көңүлүн бура кетели. Биринчиси, жакында 80 жашка чыккан Англия королевасы Елизавета 11 тууралуу макала. Дүйнөнүн эң эски демократияларынын бири Англияда дале болсо монархия сакталып, король же королева мамлекет башчысы болуп саналаары жакшы белгилүү. Англиянын азыркы королевасы эмне иш жасайт, кантип мамлекетти башкарат деген суроого Time журналы мындай жооп берет.

Королева Елизавета конституция боюнча парламентти таратып, премьер-министрди кызматынан бошотууга толук укугу бар экен. Бирок ал конституциялык укугун королева дээрлик пайдаланбай, негизинен улуттун биримдүүлүгүн, тарыхый салтын сактаган символикалуу инсан катары өзүн алып жүрөт. Саясий процесстерге баш-оту менен аралашып, бирине жакшы, экинчисине жаман көрүнө баштаса, анда Елизавета 11 тээ тереңде бугуп жаткан антимонархисттик сезимдерге жол ачып, өз статусуна зыян келтирип алам деп чочулайт.

Ошондуктан королева Вестминистер, Биг Бен же болбосо Британ империясынын эскиден калган тарыхый символу катары эл көзүнө аброюн катуу сактап, имиджин түшүрбөй келатат, дейт Time журналы. Ошондуктан королева, анын үй-бүлөсү ар дайым ички ыйкы-тыйкылардан, ушак-айыңдардан алыс болууга тырышып, ошон үчүн элге кадыры чоң, урмат менен сыйга ээ мамлекет башчысы болуп келатат, деп жазат журнал.

Time журналынадгы экинчи бир кызыктуу макала - ден соолукка байланыштуу макала. Уйку деген эмне, түш деген эмне, анын пайдасы жана зыяны кандай деген суроого, уйку - ден соолук үчүн өтө маанилүү деп жазат Time. Ырас, уйкуга өтө көп берилүү дене салмагы үчүн жоопкер деп эсептелген генге тике таасирин тийгизип, семирип кетүүгө шарт түзөт. Муну Сиетл шаарындагы Вашингтон университетинин окумуштуулары далилдеп чыкты.

Ошону менен бирге уйкуда өткөн убакыт - бошко кеткен убакыт деп айтуу да эч бир туура эмес. Дал ошол уйку маалында мээ чыгармачылык жактан активдүү иштеп, нечен жазуучу, акын, музыкант, окумуштуу адамдар көп кызыктуу идеяларды тапкан экен.

Ал эми уйкусуздукчу? Окумуштуулардын айтканына караганда, уйку качкан убакта иш кылуу - кандын составындагы инсулинди көбөйтүп, диабет оорусуна чалдыгууга алып келиши мүмкүн. Окумуштуулар мындай деп эскертет: эгер уйкуңуз качып, кыйналып жүрсөңүз, баары бир уйкунун дарысын ичкенге кызыкпаңыз. Жаңы изилдөөлөр көрсөткөндөй, кыска өмүр сүргөндөрдүн арасында дары менен уктагандар көбүрөөк кездешет экен.

Айрымдар уйкусуздуктун айынан нормадан ашык тамак жегенге ыктап, режими бузулат дешет америкалык окумуштуулар. Ошону менен бирге жекшемби күнү конгуроону бир саат кечирээк коюп, бир саат ашыгыраак төшөктө жатсаңыз, уйкуну бекемирээк кандырсаңыз, жакшы эс алып, көңүлүңүз да жайдары болот.

Америкалык медиктер байкаган дагы бир нерсе, кичинекей кезинен коңурук тарткан бөбөктөр чоңойгондо ар түрдүү эмоциялык жана мүнөздүк чектен чыгууларга дуушарланат экен. Бирок бөбөктүн коңурук тартканына дыкат көз салып, керек болсо дарыгерге кайрылуу максатка ылайык дешет америкалык медиктер.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG