Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:37

The Economist: Айрылыш жолдогу Европа


Апта ичиндеги дүйнөлүк басма сөзгө сереп (28-май - 3-июнь)

Эл аралык турмуштун эң мыкты барометри – пресса: газеталар менен журналдар го. Азыркы дүйнөнүн акыбалын, айрыкча Европа менен Америка кандай кыйын социалдык жана экономикалык кырдаалды баштан кечирип атканын ондогон, жүздөгөн газеталар, журналдар, интернет сайттары күн сайын саймедиреп жазып жазат. Прессаны карап отурсаң, проблемалар азаймак түгүл, улам арбып баратабы дегендей таасир калат кээде. “Атаңдын көрү дүнүйө, арбыды мээнет күнүгө” деген “Манастагы” сөз айрыкча ушул заманда абдан актуалдуу болуп бараткансыйт.

Лондондон чыккан эң мыкты аналитикалык журнал The Economist жакында “Айрылыш жолдогу Европа” деген макала жарыялап, 60 жыл нечен аракеттер менен баш бириктирген, ошонун натыйжасында ич ара конфликт, согуштардан кутулган бул континент тоодой болгон карыздардын, айрыкча банктардын кризисинен улам ыдырап баратканын жазып чыкты. “Азыр Европада эки эле жол калды, дейт англис журналы. Биринчи жол - еврозонанын кыйрашы, анын ансыз да кыйын акыбалда турган Европа үчүн абдан оор экономикалык жана саясий кесепеттери. Экинчи жол - чыныгы федерация, акча каражаттарынын бир мамлекеттен экинчи мамлекетке ээн-эркин көчүшү, анын натыйжасында суверенитет деген нерсенин дээрлик жок болушу. Ошентип Европа деген супермамлекеттин пайда болушу”. Журналдын ою боюнча, азыр Европа Союзун кыйроодон сактап турган бир гана Германия, анын үстөккө-босток берип жаткан кредиттери болуп турат. Бирок Берлин улам талап кылып аткан реформалар башка өлкөлөрдө, айрыкча карызакор мамлекеттерде жүзүгө ашырылбаса, анда немистер да “тойдум байдын кызына” дегендей тескери карап басып кетиши толук ыктымал.

Анда Европа 60 жыл баштагы, башкача айтканда дүйнөлүк экинчи согуштан кийинки ич ара араздашкан, душмандашкан, өз ара кекенишкен континентке кайра келиши толук мүмкүн дейт The Economist.

Европалыктардын таптакыр айланы куруткан Грекия боюнча пикири да азыр таптакыр өзгөрдү. Ошол эле The Economist журналынын сурамжылаганына караганда, ушу тапта европалыктардын басымдуу көпчүлүгү - 60 пайызга жакыны Грекия өз оокатын өзү кылып, еврозонадан чыгып кетишин каалап калыптыр. 40 пайызга жакын калк гана еврозонанын биримдигин каалап, кризистен чогуу чыгууну жактайт экен.

Ал ортодо Орусиянын банктарында бир топ катуу паника болуп, заматта пайда боло калган финансылык кырдаал аз жерден Кремлдин айласын кетире жаздады. Эл аралык базарда бензин арзандап, евронун шаштысы кетип, орустардын улам кымбаттап аткан газы европалыктардын нааразычылыгын туудуруп жаткан чакта, Орусияда акчаны кайсы валютада сакташ керек деген маселе чыкты.

Ошондо орусиялык байлар, ири компаниялар банктарда сакталган рубль акчаларын тезирээк долларга айырбаштоого шашып, бирок анча көп акчаны дароо колго бералбаган банктар эмне кылаарын билбей, айтор аз жерден рубльдын да тымтыракайы чыга жаздады.

Эми The Foreign Policy Journal аттуу тышкы саясат маселесин жазган журналдагы бир кызыктуу макалага токтоло кетели. Макала Иран-Израиль маселесине карата болгон ирандык аналитик Али Омидинын көз карашын чагылдырат. Макала “Ирандын ядролук өндүрүшүнө кийлигишкенге Израилде моралдык укук барбы?” деп аталат да, жөөттөрдүн Иранды ар качандан бир качан жөөлөп, коркутуп-үркүткөнгө эч бир укугу жок экенин, өзүнүн башындагы төөнү көрбөй, бирөөнү башындагы чөптү көрүп атканын жети пункттан турган төмөнкүдөй аргументтер менен далилдейт.

Биринчиден, деп жазат The Foreign Policy Journal Иран Эл аралык атом энергиясы агенттиги (МАГАТЭ) түзүлгөн алгачкы күндөн баштап анын толук кандуу мүчөсү. Иран ядролук куралды таратпоо боюнча келишимге биринчилерден болуп кол койгон, ал эми Израиль 1993-жылдан бери жашап келаткан бул маанилүү эл аралык келишимди көрмөксөнгө, билмексенге салып, ага ачыктан-ачык кол койбой келатат, дейт бул америкалык журнал. Экинчиден, Израилдин эки жүзгө жакын атомдук бомбасы бар, бирок ошондой эле куралды башка мамлекеттер, маселен, Иран деле жасаганга караманча каршы. Башкача айтканда, Израилге баары уруксат, ал түгүл адам баласына каршы кылмыш жасаса да болот, Палестинаны каалган учурда бомбалап, элин кырса уруксат, бирок башкаларга деле эч нерсе уруксат эмес.

2009-жылкы Газа тилкесиндеги кыргынды Бириккен Улуттар уюму адам баласына каршы жасалган кылмыш катары айыптаган, бирок Израиль ал кылмыш үчүн эч качан жана эч бир жерде жаза тарткан жок, дейт The Foreign Policy Journal.

Үчүнчүсү, Израиль ошол МАГАТЭ уюму бүт жакынкы Чыгыштагы мамлекеттерди чыркыратып туруп текшерсин деп ар дайым талап кылат, бирок өзүнүн ядролук ишканаларын текшергенге эч кимге уруксат бербейт. Бешинчиден, Иран XX-XXI кылымда эч кимге кол салган жок, согуш ачкан эмес, ал эми Израилдин кандай агрессор мамлекет экенин, башка мамлекеттердин мыйзамдуу территорияларын басып алган өлкө экенин бүт дүйнө билет, дейт журнал. Алтынчысы, Израиль өзүн мамлекетмин деп эсептесе, кандайдыр бир географиялык чек арасы болуш керек эле, аны кошуна мамлекеттер менен макулдашыш керек эле, бирок аны Израиль эч бир жасаган жок. Жетинчи аргумент, деп жазат The Foreign Policy Journal Изаиль ар качан эл аралык терроризмге каршы мамлекет катары сүйлөйт, бирок өзү болсо каалаган учурда кимди болсо да өлтүрөт же өлтүртөт, башкача айтканда мамлекеттик деңгээлде терроризмди ишке ашырат.

The Christian Science Monitor гезити бир катар мамлекеттерде, анын ичинде Америкада коомчулук марихуананы легалдаштырууга даяр болуп калганын жазып чыкты. Муну кийинки убакта жүргүзүлгөн сурамжылоолор көрсөттү, деп жазат гезит. Канча жылдан бери бангизатка каршы күрөш жүрүп келатат, бирок көзгө көрүнөөрлүк ийгилик дале болсо жок. Ал эми марихуана героин сыяктуу өтө күчтүү бангизатка кирбейт, ошондуктан алкоголь, тамеки кандай мыйзам менен тескелсе, марихуана деле ошондой көзөмөлгө алынса туура болот деп эсептейт экен сурамжыланган элдин 56 пайызы. Аларга каршы чыккандардын саны 36 гана пайызды түзүптүр.

Акырында Кытайдагы демографиялык бир маанилүү өзгөрүш тууралуу маалыматты окуй кетели. Жогоруда аталган The Christian Science Monitor гезити калкы эң эле жыш жана көп бул мамлекетте эркек балдардын саны кыз балдарга караганда алда канча көп болуп кеткенин жазып чыкты. Анын негизги себеби - бир балалуу болуу саясаты жана ультраүн аппараты менен курсактагы баланын жынысын билип алуу мүмкүнчүлүгү болуп жатыптыр. Эгерде курсактагы наристе кыз экени билинсе, аялдардын негизги көпчүлүгү баланы боюнан алдырат экен. Натыйжада азыр Кытайда 117 балага 100 кыз туура келет экен. Бирок бул көрүнүш башка мамлекеттерде да болуп жатыптыр. Маселен, Индиянын Пенджаб штатында 100 кызга 126 бала туура келет экен. Бул тенденция Кавказ өлкөлөрүндө, Латын Америкасында, Чыгыш Европада да улам күчөп баратат, дейт The Christian Science Monitor гезити.
XS
SM
MD
LG