Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:01

Апта ичиндеги дүйнөлүк басма сөзгө сереп (11-17-июнь)

Араб дүйнөсүндөгү төңкөрүштөр азыр жаңы фазага өтүп, эски система менен жаңы муундардын кагылышы жакында бүтпөй турган маселеге айланып калды окшойт. Дүйнөлүк пресса да, аналитиктер да азыр кагылышууга катышы бар тараптардын кайсыны туура, кимисине жакындан жардам берүү керек деген маселеленин тегерегинде огеле көп талашып-тартышып, бирок эч ким ачык жана даана жыйынтыкка, бирдиктүү пикирге эч бир келе алган жок.

Ошону менен бирге араб революциялары эски замандагы “кансыз согуштун” айрым синдромдорун кайра жандандырууда. Маселен, The New York Times гезити Орусия Сириянын Башар Асад баштаган өкмөтүнө аскерий жаткан жардам берип, деңизден жана кургактан коргоно турган курал-жарактарды, тик учактарды ачыктан-ачык жеткирип жатканын кабарлады. Ал эми орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Сирия оппозициясына АКШ курал-жарак жеткирип, Батыш ич ара согуштун отуна ого бетер май чачып жатканын расмий түрдө айтып чыкты.

Сыягы бул мамлекеттин маселесин тынчтык жол менен чечүү абдан эле кеч болуп калды окшойт. Ал эми эч бир токтобой аткан атышуулар, көп сандаган курмандыктар, айрыкча кичинекей балдардын өлүмү Сирияда кадимки ич ара жарандык согуш башталды деп айтууга толук негиз болууда.

Ал эми революция жеңип чыккан дагы бир араб мамлекети - Египетте саясий абал улам оорлошуп бараткандай. Мурунку бийликтин өкүлдөрү, атап айтканда Хосни Мубарактын шакирттери эч бир пайда алып келбеген кагылыштан тажаган арабдардын бир кыйла бөлүгү кайра эски бийликти эңсеп жатканын сезип, кадимкидей жандана баштады. Ошол эскиден калган сот бийлиги жакында эле шайланган парламентти таратууга, керек болсо өз адамын мамлекет башына алып келүүгө кам урууда.

Натыйжада египеттиктер ого бетер бөлүндү болуп, ички ажырым андан бетер күчөп, бул кырдаал бара-бара ич ара согушка алып келеби деген кооптонуулар дээрлик бардык таасирлүү газет-журналдарда айтылууда.

Деле эл аралык кырдаал кийинки чейрек кылым ичинде эч качан мынчалык опурталдуу, мынчалык башаламан болгон эмес эле. Маселен, араб дүйнөсүндөгү түбү өтө тереңге кеткен конфликттерге баш-оту менен кийлигишкенге азыр Европада да, Америкада да ашкере каалоо жок.

Биринчиден, The Economist журналы жазгандай, евронун, жалпы эле еврозонанын акыбалы өтө татаал; эң ири дүйнө экономикасы деп эсептелген АКШда өндүрүш, соода көрсөткүчтөрү, жумушсуздукту кыскартуу аракеттери эч бир ойдогудай болбой жатат. Абдан тез өсүп атат деген Кытайда да кийинки убакта төмөндөө башталды; Индияда, Латын Америкасындагы күчтүү экономика болуп бараткан Бразилияда да көрсөткүчтөр болбой эле төмөн карай жылууда. Европадагы кыйын акыбалды бир болсо Ангела Меркель баштаган Германия өкмөтү, немистердин дени-карды соо экономикасы гана сактап калышы мүмкүн деп билдиришүүдө аналитиктер.

The Economist журналы ачык эле: “Моторуңду от алдыр, Ангела!” деп чакырык таштады. “Дүйнө экономикасы коркунучта, анын тагдыры канцлер айымдын колунда калды” деп жазды жогоруда аталган The Economist журналы.

Саясатчылардын ортозаар чечимдери, ишке ашпай калган реформалар, утурумдук саясий кызыкчылык үчүн үстөккө-босток алына берген карыздар азыр эми бүтүн дүйнөнүн экономикасын муунтуп, келечек турмуш кандай болоорун эч ким билбей турган кези деп жазат экинчи бир абройлуу аналитикалык журнал The Foreign Policy Journal.

Батыштагы эң эле пессимисттик маанайдагы макалаларды ушул журнал басууда. Мисал катары бул журналдын кийинки убакта жарыялаган эки эле макаласын атай кетели: биринин аты - “Ѳлүп бараткан Империя” (Америка жөнүндө), экинчисинин аты “Жакындап калган кыйроо” (еврозона тууралуу). Батыштагы азыркы экономикалык саясатка башынан оппозицияда келаткан бул журналдын пикири боюнча Уолл Стриттин азыркы финансылык саясаты, карызга баткан банктарды куткарып алыш үчүн кеткен опол тоодой каражаттар, ар кайсы жердеги Америка түздөн-түз катышып, же катышпаса да толгон-токой акча коротуп жаткан согуштар, жыл сайын 1.5 триллиондон кошулуп жаткан ички карыз акыры Батышты, анын ичинде Американы чыныгы тозокко алып келиши мүмкүн деп эскертет The Foreign Policy Journal. Дейт да, бир кезде сенатор Артур Ванденбургдун 1947-жылы пайгамбарчылык менен айткан “Кудай Американы ар кандай тозогунан сактасын” деген бир сөзүн эскертет.

Франциядагы шайлоодон кийин Батыш басма сөзү Америкада ушул күздө өтө турган президенттик шайлоого көбүрөөк көңүл бура баштады. Time журналы, Германияда чыккан белгилүү Der Spiegel басылмасы Барак Обама тууралуу негативдүү пикирди жазып, күзгү шайлоодо утулат го дегендей маанайды билдирүүдө. Ошол эле Time мурунураакта азыркы америкалык президент тууралуу ар дайым жылуу оюн билдирип келсе, кийинки учурда көбүрөөк сын пикирин айтчу болду.

Эми илим жана техника дүйнөсүнөн дагы бир маанилүү жаңылыкты кабарлай кетели. Жакында эң белгилүү жана абройлуу илимий журнал Nature Принстон университетинин окумуштуулары тапкан бир ачылышты жазып чыкты. Көрсө, адам баласынын денесинде жүз миң же жүз миллион эмес, жүз триллион бактерия жашайт экен жана бактерия десе эле ал зыяндуу, залалдуу бир нерсе деп ойлогон натуура экен. Ошол триллиондогон бактериялар биз жеген тамак-ашты сиңиргенге, ар кандай зыяндуу микробдорду жеңгенге, витаминдерди синтездегенге, оору-сыркоолордон сактаганга жардам берет экен. Бирок мынча көп бактериялардын чыныгы табиятын ачып, толук изилдеп чыгуу - алыскы келечектин иши дешет америкалык окумуштуу-микробиологдор. Бул тууралуу толугураак маалыматты The Christian Science Monitor гезитинен окууга болот.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG