Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:12
Ѳткөн аптадагы бир жаңылык бардык жагынан ойго сала турган болуп калды окшойт. Биринчиден, АКШ Ооганстанды НАТО мүчөлөрүнөн кийинки эң маанилүү союздаш деп жарыя кылды.

Экинчиден, Токиодо өткөн эң бай деген өлкөлөрдүн Ооганстан маселеси боюнча атайын саммитинде өз ара тутумдаш эки маселе: Ооганстанга бериле турган акчалай жардам жана Карзай жетектеген азыркы ооган өкмөтүнүн коррупцияны токтотуу боюнча пландары каралды.

Ушул маселени талкуулаган The Washington Post гезити ондогон жылдар бою согуштан башы чыкпай келаткан бул мамлекетте сырттан келген каражаттар кумга сиңгендей эле изсиз жок болуп жатканын белгилеп, эски көнүмүштөн кутулуу Карзайдын жан-жөкөрлөрү үчүн кыйын маселе боло турганын сөз кылды. Бирок кийинки бир нече жылда Кабулда, дагы бир катар шаарларда курулуш иштери кыйла жанданып, көп кабаттуу заманбап үйлөр курулуп, кантсе да жакшы турмушка, комфортабелдүү шартта жашоого умтулуунун белгиси байкалууда, деп жазат The Washington Post.

Азыр Кабулда изи суубаган жарылуулар менен катар Батыш мамлекеттериндегидей дүкөндөр пайда болуп, анда кымбат баалуу буюмдар, кийим-кечектер көп сатыла баштады. Демек стабилдүү, тынч турмушка ыктоо кантсе да ооган коомунда бара-бара калыптанып баратат. Ошондуктан Токиодогу жолугушууда Ооганстан мындан ары аскер күчтөрүн эмес, акча күчүн, финансы жардамын, 160 миллиард доллар өлчөмүндөгү инвестиция жиберүү макулдашылды. Башкача айтканда, курал, күч менен маселе чечүү аракети кийинки заманда кантсе да эч бир жерде өзүн актабай, андан көрө акчалай жардам берүү алда канча пайдалуураакпы деген ой Батыш дүйнөсүндөгү геосаясаттын жаңы бир доорунун башыбы дегендей ой жаралат.

Иран менен болгон эл аралык конфликт да азырынча негизинен санкция, Тегеран менен байланыштарды үзүү, айрыкча соода иштерин максимумга чейин токтотуу сыяктуу тынчтык чаралар менен чектелип жатат көрүнөт. Анын үстүнө азыркы каржы кризиси кычап турган заманда Израиль айткандай Иранды курал күчү менен ийге келтирүү өтө опурталдуу маселе экенин Барак Обама баштап, бардык Батыш жетекчилери абдан жакшы баамдап турушат. Ошондуктан өткөн аптада Ирандан мунай сатып алуу иши дээрлик токтолду, айрым гана мамлекеттер айласыздан соода жасап жатат.

Ушуга байланыштуу “РБК дейли” агенттигинин дагы бир маалыматын ортого сала кетүү туура болуп турат. АКШ ушул тапта арабдардан ташып жаткан мунай менен газды 2020-жылы эки эсеге кыскартуу планына киришти. Сланец жана карамай кумдарынан газ бөлүп чыгаруу технологиялары азыр дээрлик жолго коюлуп, келечекте транспорттун бардык түрлөрүн газга которуу иши башталды. Бул технология Америка үчүн эле эмес, бүтүн Батыш мамлекеттери үчүн зор стратегиялык утуш болмокчу. Бирок бул маселенин бар гана жагы.

Маселенин экинчи жагы - жалаң кара май менен газ сатып оокат кылган өлкөлөр үчүн бул эң бир жагымсыз жаңылык. Мисалы, Орусия, Иран, айрым араб мамлекеттери, Африканын Нигерия баштаган бир канча өлкөлөрү эртерээк жаңы технологияларга кезек берип, экономикаларын башка жолго салбаса, нака кризис ушул мамлекеттерде болушу көрүнүп турган иш деп жазат «РБК дейли» агенттиги.

Эми илим дүйнөсүндөгү кабарларга көңүл буралы. Жакынкы убактарда илим дүйнөсүндө эки маанилүү ачылыш катталганын эл аралык New Scientist журналы билдирди. Биринчиси, микродүйнөнүн чыныгы сырын чечүүгө жардам бере турган эң майда элементардык бөлүкчө - Хиггстин бозону табылды. Хиггс деген атактуу америкалык физиктин аты менен байланышкан бул бөлүкчөнүн бар экендиги теориялык жактан алда качан болжолдонсо да, эч ким көзү менен көрүп, бөлүп ала элек болчу. Азыр ал бөлүкчө табылды жана далилденди.

Эгерде наамы «бозон» деп аталган бул эң майда бөлүкчөнүн маанисин бир сөз менен тактай турган болсок, анда «бозон» материяны бир бүтүнгө бириктирип турган өзүнчө бир цемент сыяктуу нерсе деп айтсак туура болот го. Баса, “цемент” деген салыштырууну да пресс-конференция учурунда окумуштуу-физиктер колдонду.

Экинчи илимий ачылыш Сатурн планетасынын орбитасында айланган жылдызда эң чоң океан табылганы болду. Ырас, ал океан сыртта эмес, жердин терең катмарында экен жана аны алыстан жасалган спектрографиялык анализдин жардамы менен аныкталыптыр.

Акырында дагы бир илимий кабар: жапон окумуштуулары Жер шарынын эң терең жерине, башкача айтканда жердин мантиясына, эл сөзү менен айтканда жети түбүнө чейин бургулоо жүргүзүүнү пландаштырууда. Анткени былтыркы жылкы жер титирөө учурунда жер кыртышында белгилүү бир жарака пайда болуп, ошол жарака жер кыртышына терең бургулоо жасаганга абдан ыңгайлуу шарт түзүптүр. Техникалык жактан эч бир тоскоолдук жок дешет окумуштуулар, бир гана тоскоолдук - акча каражат маселеси. Азыр окумуштуулар ошол маселенин тегерегинде иштеп жаткан кези, деп кабарлайт New Scientist журналы.
XS
SM
MD
LG