Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:59

Апта ичиндеги дүйнөлүк басма сөзгө сереп (16-22-июль).

Азыркы учурда араб дүйнөсүндө доор алмашып, деле Түндүк Африка менен Жакынкы Чыгышта фундаменталдуу өзгөрүштөр жүрүп жаткан кез. Илгери, маселен, Гамаль Абдель Насердин убагында саясий проблемалар көп болсо кан сарай төңкөрүштөрү менен эле чечилип, антиизраилдик риторика аздыр-көптүр арабдардын (шейит же сүннөт экенине карабай) башын бириктирип келсе, азыр “революция” деген сөз эң эле кеңири таралган саясий девиз, калың элди дүүлүктүргөн массалык чакырык болуп калды. Баягы эки тизгин, бир чылбырды колдон чыгарбай келген шейхтердин, диктаторлордун заманы бүтүп, араб дүйнөсүндө жаңы доор башталууда.

Бул тууралуу өткөн аптада The Washington Post гезити атайын макала жарыялап, араб дүйнөсүндөгү фундаменталдуу өзгөрүштөр жалпы мусулман дүйнөсү үчүн эле эмес, Батыш демократиялары үчүн да эң бир маанилүү, эч бир кечиктирилгис проблема экендигин баса белгиледи.

Ал эми Time журналы болсо Сириядагы жүрүп аткан ич ара согушка токтолуп, эгер эл аралык коомчулук тез арада кийлигишпесе бул мамлекет бир кездеги Югославия, андан мурунку СССР сыяктуу бир нече майда мамлекетке бөлүнүп кетиши толук мүмкүн деп жазды. Ошол эле Time журналы АКШын коргоо министри Лео Панеттанын “Сирияда акыбал бара-бара көзөмөлдөн чыгып баратат, бул абдан опурталдуу маселе” деген сөзүнө шилтеме жасады.

“Араб көктөмүн” (the Arab Spring) баштан кечирген мамлекеттердин ичинен азырынча бир гана Ливиядан жакшы кабар келүүдө. Newsweek журналы маалымдагандай, 6.7 миллион калкы бар, территориясы абдан чоң, далилденген кара май запасы 45 миллиард баррелден ашуун бул мамлекетте демократиячыл күчтөр шайлоодо жеңип, бир кезде Американын Питтсбург шаарында профессор болуп иштеген, билимдүү-илимдүү 60 жаштагы Махмуд Жибрил президент болуп шайланды. Ал эми Тунис менен Египетте революциядан кийин жалаң исламисттер бийликке келди, ошондуктан бул өлкөлөр кай жакты көздөй бет бурат - бул азырынча белгисиз маселе, деп жазат журнал.

Ошол эле мезгилде Лондондон чыкккан The Economist журналы “Деликаттуу сунуш” деген кызыктуу макала жарыялады. Макалада журнал араб дүйнөсү исламисттер жана демократтар, сүннөттөр жана шейиттер болуп экиге, кээде андан да көпкө бөлүнүп жаткан кезде европалыктар, тескерисинче, азыркыдан да тыгыз баш бириктирүүгө бардык күч-аракеттерин жумшап жатканына токтолду.

Эски континенттин эң башкы кредитору Германия банкрот болгон банктары үчүн акча сураган европалык мамлекеттер дагы да тыгыз интеграцияга барып, жалпы фискалдык контролго, ички жана тышкы саясатты тыгыз координациялаганга макул болушу керек деп талап кылууда. Анда улуттук көз карандысыздыктан кол жууп, баарыбыз Брюсселге баш ийип калабызбы деп башын ооруткан европалыктар андан көп. Айтор Европа Кошмо Штаттары деп бир кезде азил, тамаша катары айтыла калчу сөз азыр чындыкка айланып, кыстаган турмуштун айынан Европа чыныгы супермамлекетке айланып баратат.

Эми Америка Кошмо Штатындагы саясий маселелерге келели. Time журналы, The Washington Post, The Christian Science Monitor гезиттери азыркы атаандаштардын, Обама менен Ромнинин саясий рейтингин жарыялады. CBS News, The New York Times сыяктуу маалымат каражаттарынын сурамжылоосуна караганда, азыр Барак Обаманын рейтинги жалпы Америка боюнча Ромниге караганда алда канча жогору экен. Ага биринчи себеп Обаманын агрессивдүү эмес, тынчтыкты сүйгөн эл аралык саясаты, калк көйгөйүн ойлогон социалдык программалары болууда.

Баса бир жолку эл менен жолугуусунда Митт Ромни президент болсом Обаманын социалдык программаларын жойдурам, мамлекеттик аппаратты кескин кыскартам деп айтты эле, дароо угуп отурган эл ага кыйкырык, ышкырык-чуу менен жооп берди. Муну СNN, ВВС телеканалдары көп жолу жаңылыктар программасында көрсөттү. Анын үстүнө Ромнинин бизнесмен катары мурда кетирген айрым чекиликтери, айрыкча салык төлөө боюнча табылган айрым көз жаздымдары басма бетине жарыяланып, ал фактылар шайлоочуларда бир топ иренжүү сезимин жаратууда.

Акырында ошол эле Америкадагы коомдук пикир тууралуу дагы бир кызыктуу маалымат. Учурда бул мамлекетте да бир топ терең өзгөрүүлөр болуп жатыптыр. The Christian Science Monitor гезитинин кезектеги сурамжылоосу “Америка социалисттик мамлекет болуп баратабы?” деген суроонун тегерегинде болду. Суроого жооп бергендердин 40 пайызы ага “ооба” деп жооп бериптир. Мындай суроо узатуунун негизги себеби - Барак Обаманын 34 миллиондон ашык америкалык колу жука жарандарга мамлекеттин эсебинен дарыланууга шарт түзүп бергени, ошону менен бирге мамлекеттик аппараттын улам барган сайын чоңойгондон чоңоюп баратканы себеп болууда, дейт The Christian Science Monitor гезити.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG