Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:40

Апта ичиндеги дүйнөлүк басма сөзгө сереп. (30-июль - 5-август)

“Киргизия ударит по России китайской колеей” деп аталат “Независимая газетада” жарык көргөн аналитикалык макала. Макалада тээ 90-жылдардын башында көтөрүлүп, коомчулукта абдан кызуу талкууланып, бирок ресурстардын, акча каражатынын жоктугунан, анын үстүнө ал кезде Кытай да өз жанын араң багып, эл аралык аренада азыркыдай аброю жоктугунан ишке ашпай калган Кыргыз-Кытай темир жолу тууралуу сөз болот.

Аталган макаладагы негизги ой - кокус бул жол курулуп калса, анда Орусиянын келечеги “коркунучта калып, улуттук коопсуздугуна олуттуу зыян келет” деген ой экен. Ал эми Азия континентинин чок ортосунда калып, эл аралык коммуникациядан алыс, айлана-тегерегин тоолор менен талаалар курчаган географиялык капкада калган Кыргызстандын коопсуздугу, келечеги, эли-журтунун жыргалчылыгы орус туугандардын оюна да келбейт экен. Көрсө расмий деңгээлде кеп айтса “союздашпыз”, “тарыхыбыз бир, келечегибиз бир” деп жүргөн орус туугандардын биз менен сүйлөшкөн тили эки ача, ою менен пикири таптакыр башка экен.

Илгерки "иттин өлүгү жыттанган" империалисттик саясатты реанимация кылсак деген ой Кремлде дале болсо тирүү окшойт. Болбосо эмне үчүн Кытайдан келген бир темир жол, эки даңгыраган асфальт жол Орусия менен чектеш, канатташ Казакстан аркылуу өтсө ал эч бир “коркунуч” келтирбейт да, Кыргызстан аркылуу жол салынса эле тээ алда кайда жаткан Орусиянын “улуттук коопсуздугуна коркунуч” келтирип калат?

Баарынан кызыгы - Кыргыз-Кытай темир жолуна карата коңшу Казакстандын позициясы. Казак жетекчилиги бул долбоорго тээ 2000-жылдардын башында эле ачыктан-ачык ич күйдүлүк кылып, Кытай жетекчилиги менен жолуккан сайын кулактарына кумдай куюп, курсаңар биз аркылуу кургула, дегениңерди аткаралы деп күйпөлөктөп жүргөнү бештен белгилүү болчу. Казак боордоштор бул долбоорго азыр да бут тоскондун аракетин кылууда. Ошол эле "Независимая газета" жазганына караганда казак эксперттери орустарды ого бетер коркутуп, дале болсо кокус жол курулса эч кимге “коркунуч” келтирбеген Казакстан аркылуу гана кургула деп ар кандай жол менен ишендирүүгө аракетин жасап жатыптыр.

Суроо туулат: эмне себептен казактар ар качандан бир качан сууну ылайлап, сөзү менен “баурдас” болуп, ишке келгенде бут тосууга аракет жасоодо? Себеп бирөө эле - биз эле өнүксөк, биз эле алдыга жылсак дейт кошуналар. Кыргыздар бизге күнкор болуп, биздин территория аркылуу ары-бери каттаганда, жүк ташыганда жол акысын төлөп турса дейт. Сөздүн ток этээрин айтсак, ушу казактар да биздин эртелеп бутубузга туруп, геосаясий акыбалыбызды чыңдап, Астана менен теңата сүйлөшкөнүбүздү каалабайт окшобойбу.

The Wall Street Journal жаңы санында Ооганстандан чыгып кетүүгө катуу даярданып жаткан америкалык аскер бөлүктөрү тууралуу репортажды, Монголиянын мурунку президенти Энкбаяр Намбардын коррупциялык иштери үчүн түрмөгө камалышы жөнүндө макаланы жарыялады. “АКШ кеткенге камынып, жүгүн жүктөөгө даяр” деген макалада The Wall Street Journal америкалыктар азыр курал-жарак, техника дегендин баарын катуу эсепке алып, азыркы ооган аскерлерине керектүү жарак-жабдыктардан башкасын баарын жыйнап, 100 миңге жакын контейнерди ташып кетүүгө даяр кылганын жазды. Бул контейнерлер кеминде 45 миң машинага жүк болот экен да, аны АКШнын Азия континентиндеги аскер базаларына толугу менен ташып кетүү пландалып жатыптыр.

The Wall Street Journal ошондой эле Кытайдагы белгилүү саясатчы, бул мамлекеттин эки тизгин бир чылбыры үчүн ат салышканы турган, эл арасында чоң аброю бар, бирок азыр ошол бийлик талаштан улам кызматтан шыпырылган Бо Кшилайдын аялы сот жообуна тартылып, атууга өкүм болгону жатканын жазып чыкты.

The New York Times гезити болсо Ооганстандын парламенти азыркы президент Хамид Карзайдын эң ишенген кадрларын, атап айтканда коргоо министри менен ички иштер министрин ээлеген кызматтарынан кетирип, Карзайдын саясий позициясы учурда бир топ алсызданып калганын сөз кылды.

Айтор батыш басма сөзүн барактай отуруп, дүйнөдө алдын алып болжоого өтө кыйын, бирок оңбогондой татаал процесстер жүрүп жатканын кыйынчылыксыз эле байкоого болот. Араб дүйнөсү дале болсо цунами каптагандай толкуп-ташып, бир калыпка түшө элек. Сириядагы ич ара согуш нака апогейине эми келип жетти. Бир катар абройлуу аскер башчылардын соңунан эми премьер-министр Хажиб Башар ал-Асаддан Иорданияга качты.

Кагылышкан тараптарды жараштырам, сөзгө келтирем деген Кофи Аннан дипломатиялык аракетинен эч бир натыйжа чыгара албай, эми эмне болсоңор ошо болгула деп өткөн жумада милдетин тапшырып берди.

Европадагы кризис эч бир жеңилдеген жок, ал эми Америкадагы саясий турмуш, айрыкча Обама менен Ромнинин ортосундагы ат салышуу азыр гана кызый баштаган кези. Ошондуктан деги эмне болсо да дүйнө тынч болсун, дүйнө ичиндеги биз тынч бололу, Кыргызстаныбыз тынч болсун дегиң келет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG