Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:55

Апта ичиндеги дүйнөлүк басма сөзгө сереп (6-12-август)

Лондондон чыккан The Economist журналы акыркы санында көпчүлүк үчүн жаңылык катары кабыл алынган “Еврей фундаментализми: Израиль еврей фундаментализмин башкара албай калдыбы?” (Jewish fundamentalism. Is Israel succumbing to Jewish fundamentalism?) деген макала жарыялады. “Ислам фундаментализми” деген сөздү дүйнө гезиттери бери болгондо жарым кылымдан бери жазып келатат, а бирок еврей же жөөт фундаментализми деген эмне болуп кетти? деген суроо туулат. Макала ушул суроого жооп издеп, эки автордун өз ара талашы, полемикасы катары жазылып, азыркы Израиль мамлекетиндеги кийинки жылдарда абдан эле күчөп кеткен диний радикализм жана улутчулдук, Абрахам Бург жазгандай, ачыктан-ачык “трайбалисттик” тенденциялар талкууланыптыр.

“Еврей фундаментализми” деп аныктама берүүгө негиз берген бул көрүнүш бир эле Израилде эмес, андан сырткары жерлерде да, атап айтканда Америкада да кеңири таралып, маселен “Шалем” (Shalem Centre) деп аталган радикал жөөттөрдүн уюмдары абдан тереңге кеткен, ырбап бараткан маселеге айланып баратканы аталган макалада жакшы анализге алыныптыр.

Баса жакында эле Лондондо, Олимпиада абдан кызый баштаган учурда еврей активисттери атайын жыйналыш өткөрүп, ал жыйналышта чыгып сүйлөгөндөр Эл аралык Олимпиада комитетин (ЭОК), анын жетекчиcи Жак Роггени ачыктан-ачык кекетип, илгери, 1972-жылы Мюнхендеги Олимпиада учурунда палестиналык террористтер өлтүргөн израилдик спортсмендерди эстеп бир мүнөт аза күтүп койгонго жараган жоксуңар деп күнөөлөгөнүн ВВС, Sky News телеканалдары бүт дүйнөгө көрсөттү. “Силер атайын алар израилдик спортсмендер болгону үчүн, еврей болгону үчүн бир минут болсо да аза күтпөй койдуңар”, деп күнөөлөштү ЭОКту жөөт активисттери.

Макала бир жактуу эмес, ар кыл пикирлерди камтыган анализ катары жазылып, Израиль мамлекетинде жөөт ортодокстары менен иудаизм динин тутунган көп сандаган радикалдар демократияга, сөз эркиндигине да салакасын тийгизип, жыйынтыгында саясий аренага да палестиналык арабдардын кызыкчылыгын жеринен четке каккан, ар дайым агрессивдүү саясий платформага таянган оңчул күчтөр келип жатканы талкууланат. “Ортоксалдык чөйрөлөргө жана Батыш Жээкте (Иордан дайрасынын Израиль оккупациялап алган батыш тарабы ушундайча аталат - О.И.) үй-жай куруп алган еврейлерге биз Израилди демократиялык мамлекет катары уурдатып жибердик”, деп жазат аналитик Абрахам Бург.

Ал эми Дэниел Гордис аттуу автор болсо бир катар америкалык еврей жамааттары да ошол фундаменталисттик аң сезимдин таасиринде калып, алардын башын бириктирген Shalem Centre сыяктуу борборлор активдүүлүгүн күчөтүп, ага Шелдон Аделсон сыяктуу акчасы ташыган америкалык радикал жөөттөр финансы ыргытып, ошолор азыркы Израиль премьер-министри Беньямин Нетаньяхуну көкүтүп, ал гана эмес Митт Ромни сыяктуу президенттикке талапкер саясатчыларды финансы жагынан каржылап жатканы жазып чыкты. Ал гана эмес мектептеги балдарды да ортоксалдык иудаизмге сугаруу аракети Израилдин келечегине олуттуу зыян келтириши мүмкүн, деп жазат Дэниел Гордис.

The Foreign Policy Journal Сириядагы азыркы ич ара согуштун эмне менен бүтөөрүн анализдеп келип, эгер ушул кырдаал дагы күчөй берсе, бул мамлекет бир нече майда мамлекетке бөлүнүп кетүү коркунучу алдында турганын жазды. Бул ойду Regnum аттуу интернет-сайтта орус аналитиги Станислав Тарасов да жазып чыкты. Анын айтканына караганда, азыр Ирак менен Сириянын күрттөрү араң эле чыдап турушуптур; эгер бул эки мамлекеттин күрттөрү биригип кетсе, Түркиянын түштүк тарабындагы күрттөр да жөн жатпай турганы турган иш, деп болжол кылат орус эксперти Тарасов.

Орус журналдары менен интернет-сайттары да өткөн аптада бир катар кызыктуу макалалар, анализдер менен чыкты. “Новая газета” акыркы санында Орусиянын калкы кайрадан нааразылык акцияларына чыкканга даяр болуп, Левада сурамжылоо Борборунун маалыматына караганда, 42 пайыз орус калкы азыркы бийликке катуу нааразы экенин жазды. Сыягы, быйылкы күз Владимир Путин үчүн бир топ сыноолордун күзү болот окшойт.

Ошол эле “Новая газета” Дагестандагы токтомок түгүл, улам күчөп бараткан ич ара конфликт, исламизация, күн сайын төгүлгөн кан, терроризм тууралуу макала жарыялады. Бул кырдаалдан чыгып кетүүнүн кандай жолдору бар деген суроого “Новая газета” мындай жооп берет. Дагестанды, деле көп улуттуу орус мамлекетин сактап калуунун бир эле жолу - “Коомдук келишим”, башкача айтканда, ким кандай динди тутам десе, ошого макул болуу, чыдоо, макулдашуу деп жазат гезит.

Акырында кошуна Казакстанда чыккан “Республика” деген оппозициялык гезиттеги айрым маалыматтарга токтоло кетели. Гезитте “Казакстанда ким эң бай?” деген суроо коюлуп, ага азыркы казак президенти Нурсултан Назарбаев эң бай деген жооп айтылат. Азыр Швейцарияда качып жүргөн Виктор Храпунов (мурунку Алматынын мэри) казак президентинин байлыгы 36 миллиард доллар десе, дагы бир казак эксперти Муратбек Кетебаев 60 миллиард деп жооп бериптир.

Албетте, чоң саясатчылардын тегерегинде ар дайым ушак менен айың көп болот го, бирок ошондой болсо да биз казак гезиттеринин бетине чыккан материалды гана айтып жатабыз.
XS
SM
MD
LG