Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:21

Апта ичиндеги дүйнөлүк басма сөзгө сереп (13-19-август)

Саясатта бирөөгө сын тагуу өтө оңой нерсе го, анткени сырттан карасаң баары эле оңой, баары эле жөнөкөй көрүнөт, бирок мамлекетти башкаруу кандай татаал жумуш экендиги иштей келгенде билинет. Ошондой болсо да азыркы орус бийлиги бир катанын артынан экинчисин кетирип, болбогон жерден бүтүн дүйнөгө жаман көрүнчү болду. Ангела Меркель, Кэтрин Эштон, Мадонна, Стинг, Йоко Оно, Фрай Стивен, бүт дүйнөнүн басма сөзү, теле жана радиоканалдар...

Ушулардын баары башта эч ким аты-жытын билбеген Pussy Riot деген панк группанын үч кызын колдоп, орус бийлигин, Путинди айкөлдүк кылууга, жаш кыздарды сот жообуна тартпоого чакырды. Бирок Путин да, орустардын сот бийлиги да айкөлдүккө барган жок. Үч кызды бир нече ай абакта кармап, соттор ары кетип бери кетип отуруп, акыры аларды эки жылга түрмөгө кести.

Бул кыздардын болгон күнөөсү Москвадагы чоң чиркөөдө кудайга жалынгандын ордуна Владимир Путинге каршы ыр ырдап, панк стилинде шоу аткарганы эле. Жыйынтык эмне болду? Жок жерден үч кыздын ырына териккен орус бийлиги Pussy Riot атын бүткүл дүйнөгө чыгарды да, ошентип өз абийирин өзү төктү. Башкача айтканда түз жерден тайгаланып, майдалыгын, таарынчаактыгын билдирип, үч кыздын көрмөксөнгө, билмексенге салып коё турган жоругу үчүн бүт дүйнөгө уят болду.

The Wall Street Journal акыркы санында орус сотторунун бул чечимин Путиндин режиминин аша чапкандыгы катары бааласа, орус гезити “Новая газета” Православие чиркөөсү менен расмий бийлик бири-бирин коргоп, коюн колтук алышып, бирок элден ажырап баратканын, коомчулуктан баратканын белгиледи. Деле бул кабарга комментарий бербеген, өз өкүнүчүн билдирбеген бир да абройлуу гезит же журнал болбогонун белгилей кетели.

The New York Finacial Times гезити көрүнүктүү аналитик Эндрю Карпентердин бизге, Кыргызстанга абдан керектүү бир аналитикалык макаласын жарыялады. Макала “Эмне үчүн таза суу эң пайдалуу бизнеске айланууда?” деп аталып, азыркы учурда суу байлыгы мол мамлекеттер келечектеги эң бай мамлекеттер болоорун айтып чыкты. “Табиятта жашоого эң бир керектүү, башка эч нерсе менен алмаштырууга болбой турган бирден-бир зат суу болгондуктан, - деп жазат Эндрю Карпентер, - таза суу эң маанилүү стратегиялык ресурска айланып баратат. Ошол эле мезгилде таза суунун запасы дүйнөдө улам кыскаруунун үстүндө, себеби климат алмашып, аба булганып, жер кыртышы бара-бара начарлап баратат. Ошондуктан келечекте эң негизги инвестициялар таза суу тармагына салынат, ушул тармак абдан тез өскөн бизнеске, байлыкка айланат”.

Макалада айрым бир эсте калаарык маалыматтар да келтирилет. Көрсө азыркы учурда 1,1 миллиард адам, башкача айтканда адамзаттын алтыдан бир бөлүгү таза суу дегенге жетпей, булак суусу деген эмне экенин укса да, ичип көрбөптүр. Бээжин, Дели, Бангкок сыяктуу эң көп калк жашаган мегаполистер суунун тартыштыганан азыр оор акыбалда экен, ал эми атактуу Нил дарыясы, Ганга, Иордан, Янтцзы сыяктуу дарыялар өтө катуу булганган себептүү тамак-ашка пайдаланууга, ичкенге эч бир жараксыз болуп кетиптир. Маселен, Ангола мамлекети эң көп кара май запасы болгонуна карабастан, азыр миллиарддаган доллар каражатты таза сууну сактап, аны сыртка импорттоо долбооруна коротуп жатканын жазат жогоруда атлган The New York Finacial Times гезити.

Сириядагы ич ара согуш жакында токтой турган түрү жок. Эл аралык уюмдардын ортомчулук аракетинен эч бир майнап чыкпай, азыр кандуу кармаштан бейажал мерт болгондордун саны 20 миңге чукулдады. Бирок Бириккен Улуттар уюму каршылашкан тараптарды жараштыруу аракетин улантуу үчүн белгилүү дипломат, түбү алжирлик ишмер Лахдар Брахимини жөнөтүүнү чечти. Бул кабарды Associated Press агенттиги кабарлады.

Бирок эл аралык коомчулуктун да чыдамы кетип бүттү окшойт, себи жалаң англис тилинде эфирге чыккан орус каналы Russia Today ишенимдүү булактарга таянып, Сирияга жакында куралдуу интервенция боло турганын, максаты Башар аль-Асадды бийликтен четтетүү деп айтып чыкты. Бул кабар канчалык чындыкка жакын экенин убакыт көрсөтөөр.

Акырында жогоруда аталган The Wall Street Journal ортого салган бир макаланын мазмунуна токтоло кетели. Макала азыркы Кытайдагы бир катар маанилүү процесстерди анализдеп, бул мамлекеттеги саясий турмуш мурункудай жабык болбой, улам элдин оозунда болуп, бара-бара ачыкка чыгып баратканын, ошондуктан саясат калайык-калк ачык талкуулаган предметке айланып баратканын жазды. Маселен, азыр Кытайда эң көп талкууланган маселе атактуу революционердин уулу, белгилүү саясатчы Бо Кшилайдын жана анын түрмөгө кесилген аялынын тагдыры, дейт журнал.

Бийлик талаштан улам четке сүрүлүп калган Бо Кшилайдын аялы эмне үчүн жок күнөөлөрдү мойнуна алып, өмүр бою түрмөгө кесилгени, анын укугун коргогон эч ким болбой жатканы элдин сот бийлигине ишенбөөчүлүк сезимин жаратып, нааразылык бир топ күчөп кеткени айтылат. “Бул окуя мындан 30 башта Тяньаньмын аянтындагы тополоңдон кийинки эң биринчи эл ичинде көп талкуулаган окуя болууда,” деп жазат The Wall Street Journal.

Демек “Сыныктан башканын баары жугуштуу” деген макала Кытайда деле туура экен. Демек Кытайда да саясат темасы бийлик коридорлорун аралап, эми көчөгө чыгып, эл талкуулаган негизги темага айланып баратат. Бул көрүнүш бери болгондо отуз жылдан ашуун толук саясий жымжырттыкта жашаган Кытай мамлекетине эмне жемиш алып келет, аны келечек көрсөтөөр.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG