Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:03

Апта ичиндеги дүйнөлүк басма сөзгө сереп (27-август - 2-сентябрь)

Быйылкы 2012-жылдын эң маанилүү жана эң орчундуу саясий окуясы улам жакындап келатат - Америкада ушул күздө президенттикке шайлоо болот. Шайлоо жакындаган сайын америкалыктардын башы чындап эле катып жаткан кези, себеби келе турган төрт жылда Американын эле эмес, бүт дүйнөнүн экономикасынын тагдыры чечилгени турат.

Азыр Европада терең финансылык кризис, анын кесепети Американын экономикасына да сезилээрлик тийип жатат. Ошол эле мезгилде Кытайдын экономикасы дүркүрөп өсүп, экинчи бай мамлекет деп эсептелген Жапонияны дүңүнөн алганда басып өтүп, азыркы тапта Америкага кыр көрсөтүп, экономикалык жана саясий таасири бүт дүйнөдө сезиле баштады. Ошондуктан ар дайым бардык көрсөткүчтөр боюнча биринчи болуп көнүп калган америкалыктар азыркы мамлекет башчысы Барак Обаманы ордуна калтырабызбы же мамлекеттин эки тизгин, бир чылбырын Ромниге беребизби деп чынында эле баш оорутуп жаткан убагы.

Ѳткөн аптада Флоридада республикалык партиянын чоң курултайы өтүп, анда мурунку губернатор, чоң бизнесмен, дини боюнча мормон Митт Ромни расмий түрдө президентикке кандидат болуп көрсөтүлдү. Келе турган аптада демократтар Обаманы экинчи мөөнөткө сунуш кылмакчы.

Бирок Америкадагы саясий конфигурация, башкача айтканда ким кимди колдойт деген маселе эмитен эле билинип калды. Сурамжылоолорго караганда, демократ Барак Обама америкалык каралардын, миллиондогон шайлоо укугуна ээ мигранттардын, чөнтөгү жука ак жүздүү америкалыктардын, андан тышкары согушту, милитаристтик саясатты каалабаган атуулдардын добушун алат сыяктанат. Ал эми Митт Ромни негизинен актардын добушун алууга, айрыкча орто класс деп аталган өз оокатына тың, бизнеси, байлыгы бар америкалыктарга таянууда. Дүйнөдөгү эң бай деп эсептелген бул мамлекетте оокаттуу, акчалуу жарандар миллиондоп саналат. Ошондуктан Евроньюс телеканалы Ромнини “Американын ак жүздүү үмүткөрү” деп атады.

Аналитиктердин айтканына караганда, демократтардын курултайы республика партиясынан да өткөн саясий шоу боло тургандай. Эгер Ромнини бир гана Клинт Иствуд, Голливуддун атактуу актеру колдоп чыкса, Обаманы эң кеминде онго жакын Голливуддун супержылдыздары колдоп-буттап кеткидей. The Economist журналы жазгандай, ал үчүн бир катар олуттуу себептер бар: биринчиден, Обама өткөн төрт жыл ичинде бир да согуштук иш аракеттерге АКШны аралаштырган жок, негизинен тынчтыкты сүйгөн саясатты жүргүздү. Экинчиден, номер биринчи террорист Усама бин Ладенди жок кылып, Ооганстан менен Ирактан Американын аскерлерин чыгарып кетүүгө болгон аракетин жумшоодо. Үчүнчүдөн, бай америкалыктардан салыкты көбүрөөк алуу жагын ойлоп, ошону менен бирге ондогон миллион колу жука америкалыктарга бекер медицина кызматынан пайдаланууга жакшы шарт түздү. Ошондуктан Обаманын рейтинги дале болсо Ромниден жогору бойдон калганы анча деле таңгала турган көрүнүш эмес, деп жазат Лондондон чыккан The Economist журналы.

Эми саясаттан бир аз алыстап, илим жана билим жаңылыктарына келели. Албетте, ХХI кылымдын башындагы зор маанилүү илимий сенсация - бул Марска барып конгон Curiosity аттуу аппарат болду. Бул аппарат азыркы тапта бул планетанын үстүнкү бетин укмуштуудай тактык менен сүрөтүн тартып, жерге жөнөтүүдө. Ѳткөн жумада Марста кадимкидей эле чаң көтөрүлүп, аппараттын иштөөсүнө тоскоол болду, бирок азыр кайра нормага келип, ишин улантууда. Баарынан таң калычтуусу - Марстын үстүнкү бети, көрүнүшү, химиялык структурасы биздин жашаган Жер шарынын эле көрүнүшү экен. Албетте, илимий коомчулукту кызыктырган негизги суроо - Марста жашоонун, тиричиликтин кандайдыр бир формалары, белгилери барбы деген суроо. Азырынча ага жооп табыла элек.

Космос темасы козголуп калган соң, кечээ жакында каза болгон легендарлуу астронавт, айга барып конуп, биринчи болуп буту баскан, айда изин калтырган Нейл Армстронг тууралуу эки ооз сөз кыла кетпесек болбойт. Армстронг Юрий Гагарин сыяктуу эле аты адамзаттын тарыхына алтын тамга менен жазылып калган адмдардын экени талашсыз. Ошону менен бирге Батыш гезиттери америкалык астронавттын мүнөзүн, жөнөкөйлүгүн, пресса менен көп аралашпаганын, негизинен абдан тамашакөй адам экенин көп эскерүүдө.

Бирок баарынан кызыгы, баатырдык менен кадыресе турмуш ар дайым тизгиндеш деген сөз чын окшойт, себеби Армстронгдун бир жолу мындай деп эскергени бар: айга эң биринчи кадам таштап, ары-бери басканда эмнегедир астронавттын табарсыгы бошоп, анын үстүнө айда жүргөндүктөн, абдан ыңгайсыз акыбалда калган экен. Башкалар болсо бул эпизодду эч кимге айтпай, жашырып коймок, бирок Нейл Армстронг болгон чындыкты тамашага аралаш айтып, “Баатырдын атын алыстан ук, жанына келсең бир киши” деген акылман сөздү чындыкка чыгарган экен.

The Christian Science Monitor гезити өткөн аптада жогорку билим берүү маселесине арналган кызыктуу макаланы жарыкка чыгарды. Плагиат, башкача айтканда өзгөлөрдүн илимий эмгегин, идеяларын өзгөртпөй көчүрүп алмай адат азыркы учурда Батышта да, анын ичинде Америкада да баш ооруткан проблема экен. Буга биринчи себеп Интернет, ошол Интернеттен керектүү китептерди, илимий эмгектерди каалаган учурда таап алуу мүмкүнчүлүгү болуп жатыптыр. Башкасын кой, атактуу Гарвард университетинде да магистранттар, докторанттар ар кандай жолдор менен башка бирөөлөрдүн илимий табылгасын байкатпай туруп пайдаланып жүргөнү билинип калып, азыр Гарвард университетинин адистери ушул кейиштүү көрүнүшкө каршы кандай чараларды колдонуунун жолун издеп жатышыптыр. “Интернеттен табылган булактарды өзүмдүк катары пайдалануу азыр студенттер арасында норма катары каралып, психологиясына сиңип баратат”, деп жазат Рутгерс университетинин профессору Дональд Маккейб.

Сурамжылоо учурунда америкалык 10 мыкты деген коллеждин алтоонун студенттери плагиат, же болбосо башкалардын эмгегин шилтеме бербей көчүрүп алуу адатка айланып кеткенин моюнга алышыптыр. Ал эми плагиат чыныгы билим алууга эч качан көмөк көрсөтпөй турганы айтпаса да түшүнүктүү нерсе.

“Борбор Азия Интернетте” аттуу маалымат булагы жана UzDaily агенттиги кошуна Ѳзбекстанда, атап айтканда Кашка-Дарыя областында газ менен кара майдын эң чоң кени табылганын, анын запастары триллион кубометрге жакын экендигин кабарлады. Бул кенди орусиянын Лукойл-Оверсиз компаниясы таап, эми азыр газ менен кара майды Кытайга ушул компания түтүк аркылуу жеткирүүнү пландап жатыптыр.

Эми Time журналы жазып чыккан уйку жана уйкусуздук маселеси боюнча макаланын кыска мазмунун айта кетели. Биринчиден, өнүккөн мамлекеттерде калктын 17 пайызы уйкусуздуктун азабын аябай тартат экен. Экинчиден, түн ичинде иштеп, күндүзү эс алган адамдар уйкусу таптакыр бузулуп, натыйжада жүрөк ооруларына, инфаркт менен инсультка көбүрөөк чалдыгаары далилдениптир. Үчүнчүдөн, маанай жакшы болбой турганда телевизор карап, компьютерде иштегендер, түн ичинде жасалма жарыктан пайдалангандар нормалдуу уктай албайт экен жана депрессияга кабылат экен. Ошондуктан жарыкты өчүрүп, жуурканды жумшактап салып, уйкуга камыныңыз, дейт Time журналы.

Ырас, кээ бирлер караңгыда уктагандан корксо, кээ бирлер жарык күйгүзүп уктаганга көнгөн, бирок жасалма жарыктын пайдасынан зыяны көп дешет адистер. Дагы бир кызык маалымат, европоид тибиндеги калктар азияттарга караганда жакшыраак уктайт экен, ал эми азиялыктардын уйкусу африкалыктарга караганда узагыраак дешет изилдөөчүлөр. Түш көрүү маселеси да көңүл бура турган маселе экен. Жакшы түш - жакшы көрүнүш го, аны баарыбыз билебиз, бирок улам-улам коркунучтуу, түшүнүксүз, чалды-куйду түш көрсөңүз - этиеттик кылып, керек болсо адис дарыгерге көрүнүп койгонуңуз ашык болбойт, себеби жаман айтпай жакшы жок, дейт Time журналы. А бирок эң жакшы уктагандар, капталында ишеничтүү жан түгөйү, сыр жашырбас жартысы менен уктагандар, дейт ошол эле журнал.
XS
SM
MD
LG