Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:03

Коргонууга өткөн АКШ, же Хантингтондун олуялыгы


Ооганстандагы антиамерикалык маанайдагы акция. Кабул, 17-сентябрь, 2012.

Ооганстандагы антиамерикалык маанайдагы акция. Кабул, 17-сентябрь, 2012.

Апта ичиндеги дүйнөлүк басма сөзгө сереп (10-16-сентябрь)

Ѳткөн жумада дүйнөдөгү көп аналитиктер атактуу америкалык ойчул жана саясат таануучу Сэмюел Хантингтонду эстегенге аргасыз болду көрүнөт. Анын себеби көп мамлекеттеги мусулмандар Америка баштаган батыш өлкөлөрүнүн элчиликтерине кол салышты, машиналарды өрттөп, олуттуу материалдык зыян келтиришти. Айрыкча жапа чеккен АКШнын Ливиядагы элчилиги болду, себеби жаалданган карапайым калк Бенгази шаарындагы элчиликти күлү сапырылганга чейин өрттөп, жыйынтыгында АКШнын бул өлкөдөгү элчиси, дагы үч америкалык дипломат каза тапты.

Мисирдеги, башкача айтканда Египеттеги, Тунистеги, дагы бир катар мусулман мамлекеттеринде да элчиликтер тынч эмес, ушу тапта куралдуу аскерлердин коргоосунда турушат. Террористтер эмес, катардагы мусулмандар Мухаммед пайгамбарды шылдыңдаган кыска фильмге нааразылык көрсөтүп, көчөгө чыкты.

Бирок бул тууралуу атактуу америкалык ойчул жана саясат таануучу С. Хантингтон 1976-жылы чыккан “Демократиянын кризиси: демократияны кантип башкарууга болот” деген эмгегинде жана 1993-жылы чыккан “Цивилизациялар кагылышы” деген китептеринде алдын алып эскерткен жери бар эле. ХХI кылымдагы эң чоң коркунуч - цивилизациялардын кагылышы, диндердин карама-каршылыгы, маданияттардын ортосундагы жаатташуу маселеси болот деп эскерткен эле бул Гарвард университетинде иштеген окумуштуу. Ырас маданияттардын диалогун, диндердин ортосундагы толеранттуулукту бекемдөө үчүн андан бери оголе көп иштер жасалды, бирок Батыш менен Чыгыштын ортосундагы цивилизациялык айырмачылык, эки башка маданият, айрыкча динге болгон мамиле акыры, Хантингтон олуялык кылып айткан кагылышууга алып келүүдө.

Ушуга байланыштуу The Christian Science Monitor гезити акыркы санында миллиондогон мусулмандардын кыжырын келтирген чуулгандуу фильм тууралуу макалага орун берди. Көрсө, өзүн Сэм Басиле деп атап, бирде израилдикмин десе, бирде Египетте жашаган копт деген христиан динин тутунган элденмин деп, бирок ар дайым полициянын көзөмөлүндө жүргөн бул адам Лос-Анжелесте “Чөлдөгү согушчандар” деген темада кино тартмак болуптур. Бирок эмнегедир акыркы мүнөттө эптеп-септеп жумгактай салган кинө сөрөйүн “Мусулмандардын күнөөсүздүгү” деп атай салып, башкы кейипкерине Мухаммед деп ат коюп, ага сценарийдегиден таптакыр башкача сөздөрдү сүйлөтүп салыптыр. Фильм караманча сапатсыз, орус телеканалы РТР-Планета айткандай “нака кейбир” (орусчасы “идиотский фильм” - О.И.) кино болсо да, сөз эркиндиги өкүм сүргөн Америкада аны тыйып же өрттөп салууга эч кандай мыйзам да, укук да жок экен. Бир кейбирдин кесепетинен мамлекет зыян тартып, кишилер өлүп, диндердин ортосуна терең жик кетти. Көрсө, эки башка маданият, эки башка цивилизация деген ушул тура, бирок ошону түшүнгөн киши кайда...

Адаттагыдай эле Америкадан чыккан The Foreign Policy Journal геосаясат, мамлекеттер аралык катнаштар тууралуу көп жана терең макалаларды жарыялоодо. Акыркы номеринде журнал Түркиядагы Режеп Тайып Эрдоган жетектеген Ак партиянын он жылдык башкаруусуна байланыштуу Ричард Фолктун аналитикалык макаласына орун берди. Макалада автор бул мамлекетте өткөн он жыл ичинде чоң экономикалык өзгөрүштөр болуп, бирок баарынан маанилүүсү - Ататүрк заманынан бери мамлекет ичиндеги мамлекет болуп келаткан куралдуу күчтөр азыр өкмөткө баш ийип, аскерлер азыр жарандык бийликке баш ийип калганын, бул Режеп Тайып Эрдоган ишке ашырган зор саясий жетишкендик экенин жазды. Ошону менен бирге исламият маселеси, келин-кыздар ар дайым жоолук менен жүрүшү керекпи же жокпу деген маселе дале болсо түрк коомчулугун туура экиге бөлгөн татаал маселе боюнча калгандыгын эскертет макаланын автору Ричард Фолк.

Stratfor аттуу электрондук аналитикалык журналда Жорж Фридмандын “Согуш жана айбат: Иран, Израиль жана Кошмо Штаттар” деген макаласы жарык көрдү. Макалада ар качандан бир качан Иранга биринчи кол салып, ядролук объекттерин эмитен талкалап салуу керек деп билдирүү жасаган Израилдин чын эле Иранга кол салууга кудурет-күчү жетеби деген суроо коюлат. Эгер чындап эле кол салса, анын жыйынтыгы кандай болот, анда Америка кандай позицияда болушу мүмкүн? - дейт автор. Дейт да, Израилдин бул сыяктуу билдирүлөрүндө чындап эле согушуу аракетине караганда айбат көрсөтүү аракети көбүрөөк экендиги, ал эми Иран болсо чынында эле атомдук куралга ээ болсом, ошентип Батыш менен, Орусия, Кытай сыяктуу ядролук державалар менен тең ата болуп сүйлөшсөм деп эңсегенин белгилейт.

Ал эми Америка болсо мындан он жылдай мурун Ирак менен Ооганстанга согуш ачып, бирок андан эч кандай майнап чыкпагандан кийин дагы бир согуштук авантюрага барышы бир топ эле кыйын го, деген ойду айтат макаланын автору Жорж Фридман.

Акырында The Christian Science Monitor гезити Кытайдан алып жазган куш тилиндей, бирок өтө маанилүү кабарга да окурмандардын көңүлүн бура кетели. Октябрь айындагы компартиянын съездинде азыркы президент Ху Цзинтаонун ордун баса турган Саясий бюронун мүчөсү Жинпин жарым айга жакын таптакыр эл көзүнө көрүнбөй жоголуп кетип, жакында эле кайра пайда болуптур. Айрым батыш жаңылык агенттиктери кадимкидей чуу чыгарып, мындан кандайдыр бир интриганы, жашыруун сырды да издей баштаган эле. Көрсө, келечектеги Кытай президенти аман-эсен эле экен, сууга сүзөм деп, белин кокустатып алып, съездге чейин оңолуп-түзөлүп алайын деп үйүндө жатыптыр, деп жазат The Christian Science Monitor гезити.

RBK Daily агенттиги 14-сентябрда Москвада жана Орусиянын бир катар шаарларында өткөн “миллиондордун маршы” аттуу митингдер тууралуу жазып, ага бир нече миң адамдар катышып, бирок митингге келгендер иренжүү сезими менен тараганын, себеби чыгып сүйлөгөн ораторлор мурунку эле лозунгдарды кайталап, жаңы эч нерсе айтпаганын жазып чыкты.
XS
SM
MD
LG