Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:08

Нобель сыйлыгы: кубанычтар, талаштар...


Адабият боюнча быйылкы Нобель сыйлыгын алган Кытай жазуучусу Мо Ян.

Адабият боюнча быйылкы Нобель сыйлыгын алган Кытай жазуучусу Мо Ян.

Апта ичиндеги дүйнөлүк басма сөзгө сереп (8-14-октябрь)

Ѳткөн аптада Нобель сыйлыгынын жаңы лауреаттарынын аттары аталды. Бирок биз, кыргыздар Нобель сыйлыгы дегенде эле ушул сыйлыкты албай кеткен Чыңгыз агабызды, анын чыгармачылыгын учурунда баалай албаган Швециядагы Нобель комитетин өкүнүү менен эстейт эмеспизби. Мен өзүм кесибим боюнча адабиятчы болгондуктан ачык эле айталам: кийинки замандарда Нобель сыйлыгынын адабият боюнча критерийлери бир топ эле өзгөрүп кетти. Жакшы адабият, адамзатка керектүү адабият, Чыңгыз агабыз нечен кайталап айткандай, адам баласын жакшыртканга, дурусураак кылып тарбиялаганга, ойлонтконго түрткөн адабият, тагыраак айтканда гуманисттик адабият азыр анча деле баада эмес.

Чыңгыз Айтматов болсо дал ошол улуу адабияттын өкүлү эле. Ѳзүнчө бир тарыхый доорду, атап айтканда, совет коомунун карама-каршылыктарын, ички драмасын иликтеп, ошону эң сонун ачып берген, ал коомдун туюкка бараткан багытын СССР кулагандан алда канча мурдараак эскерткен даанышман жазуучу болчу.

Мен адабият тармагына ыйгарылган быйылкы жылдын Нобель сыйлыгын Кытай жазуучусу Мо Ян алганын угуп алып, ушуну ойлодум. 57 жаштагы кытай жазуучусу «галлюцинативдик реализмди жана элдик легендаларды пайдаланып, тарыхты жана азыркы заманды ачып көрсөтө билгендиги үчүн» алыптыр. Баса белгилеп айта кете турган нерсе, дал ошол элдик легендалар менен мифтерди пайдаланып, азыркы заманды, тарых менен доордун карым катнашын биринчилерден ачып көрсөткөн жазуучу жана ойчул Чыңгыз Айтматов болгонун, аны тилекке каршы, Нобель комитети учурунда этибарга албаганын айта кетели. Мо Яндын Нобель сыйлыгын алганын анын айрым мекендештери да сынга алды. Белгилүү диссидент жана чоң сүрөтчү Ай Вей Вей «Нобель комитети табит жагына келгенде катуу аксап атканын» ачык эле айтты.

Физика боюнча, химия боюнча, медицина боюнча жана ошондой эле тынчтыкты сактоо боюнча Нобель лауреаттары да өткөн аптада аталды. Америка менен Англиянын гезиттери менен журналдарына, атап айтканда The Christian Science Monitor жана The Guardian гезиттерине чыккан пресс-релиздерге караганда, табигый жана техникалык илимдерде, ошондой эле медицинада эң мыкты жана пайдалуу ачылыштар жасалып жатыптыр. Микродүйнөдө, атап айтканда ааламдагы эң майда бөлүкчөлөр болуп эсептелген квантты, фотонду жана тирүү клетканы изилдөө багытында зор иштер жасалып жатыптыр. Буюрса, квант менен иштеген компьютерлердин заманына да, адам баласынын гендерин кайра которуштуруунун натыйжасында айыктырыла турган оору-сыркоолордун да заманына акырындап келет окшойбуз.

Баса, Альфред Нобель өзү бир жолу минтип айткан экен жери бар экен: «Эгер менде жыл сайын 300гө чукул идея болуп, бирок анын жок дегенде бирөө эле ишке ашса, анда аракетим сая кетпеген экен деп ойлоого толук акым бар». Бирок эң кызуу талаш-тартыштарды жараткан маселе - тынчтык боюнча Нобель сыйлыгы бул жолу конкреттүү адамга эмес, эл аралык уюмга, атап айтканда Еврошериктештик уюмуна берилгени болду. Нобель комитетинин жарыясында бул сыйлык: «Алтымыш жылдан бери Европа континентинде тынчтык менен өз ара түшүнүшүүгө, жана ошондой эле демократия менен Адам укуктарын коргоого кошкон салымы үчүн берилди», - деп айтылат.

Ѳткөн аптадагы батыш гезиттери менен журналдары катуу талкуулаган маселе - Америкадагы улам жакындап келаткан президенттикке шайлоолор болду. Президенттикке талапкерлер телеэкранда таймашкандан кийин вице-президенттикке ат салышкан кандидаттардын, атап айтканда Жо Байден менен Пол Райандын теле таймашы өттү. Сыягы, тажрыйбасы мол демократ Байден өзүнө караганда бир топ жаш Райандан тышкы саясат жагынан кадимкидей эле тың экенин, профессионал экенин көрсөттү дейт Time журналы. Ал эми The Christian Science Monitor акыркы номурунда Обаманын рейтинги кайрадан жогорулап, Ромнини бир топ артка калтырып койгонун жаңылык катары жазып чыкты.

Акырында USA Today гезитинде жарыяланган эң акыркы илим дүйнөсүнө тиешелүү жаңылыкты ортого сала кетели. Марста жүргөн изилдөөчү аппарат өткөн аптада бул бейтааныш планетанын кыртышынан үлгүнү атайын жабдылган калагы менен сузуп алып, аны анализге алды. Көрсө Марстын бетиндеги таш сыяктуу катуу кесектер кадимки эле жер бетиндеги вулкан атырылгандан кийин пайда болгон таш кесектерге опокшоштугу билиниптир. Аталган гезит аны аныктоого аппараттагы рентген нурлары жардам бергенин кабарлады.
XS
SM
MD
LG