Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:55

EDM: Кыргызстандагы Кытай экспансиясы...


Апта ичиндеги дүйнөлүк басма сөзгө сереп (5-11-ноябрь).

Бул жолку эл аралык басмаларга серепти адегенде Кыргызстан тууралуу материалдардан баштасак. Тилекке каршы, кийинки учурларда чет элдик гезит-журналдардан биз жөнүндө оң пикирдеги маалымат окуш же угуш улам барган сайын кыйын маселе болуп баратат.

Eurasia Net жумалыгы жаңы чыгарылышында кыргыз бийликтери Орусиянын эскиден калган СОРМ деген тыңшагыч аппаратын сатып алып, шек санаган кишилерин каалашынча аңдыганга, калган убакта бири-биринин телефондорун тыңшаганга, интернеттен кат жазышууну текшергенге чоң мүмкүнчүлүк алганы тууралуу макала менен чыкты. Деле азыркы учурда ар кандай шылтоо менен каалаган телефонду тыңшаганга же интернетти караганга бир эле Мамлекеттик коопсуздук кызматы эмес, бардыгы болуп 11 мекеме, анын ичинде коргоо министирлиги, чек ара кызматы, бажы кызматы жана башкалардын да акысы бар экен.

Ошол тыңшагыч аппараттын жардамы менен 2010-жылы бир катар чиновниктердин, айрыкча Бакиевдердин жашыруун сүйлөшкөндөрү, айрым төңкөрүшчүлөрдүн коррупциялык иштери жазылып алынып, жалпы журтка шардана болгон эле. Ал сүйлөшүүлөрдү ким тыңшап отурган, ким жазып алган, орустарбы же кыргыздар өздөрүбү - бул азыркыга чейин башы ачыла элек маселе, дейт жумалык.

Баарынан кызыгы, деп жазат Eurasia Net жумалыгы, ошол СОРМ аппаратын пайдаланып, Орусия да каалаган учурда Кыргызстандагы керектүү телефонду же интернет түйүнүн тыңшаганга же жазып алганга толук мүмкүнчүлүгү бар экен. Демек Орусиянын Кыргызстанга болгон таасири ого бетер күчөйт, нечен иштер көзөмөлдө болот. Бул тууралуу бир катар жергиликтүү жарандык уюмдар олуттуу тынчсызданганын билдирүүдө деп жазат жогоруда аталган Eurasia Net жумалыгы.

Экинчи бир Eurasia Daily Monitor аттуу басылма “Кыргызстандагы Кытай экспансиясы: канчасы чын жана канчасы калп?” деген макала менен чыкты. Макалада коңшулаш Кытай менен Кыргызстандын соода-сатык алакалары улам күчөгөн сайын Кыргызстанда жашаган кытайлык жарандардын саны да арбып баратканы айтылат. Ал эми эки ортодогу дүң сооданын жылдык көлөмү бир нече миллиард долларга жетиптир. Ушул тапта Кытайдан соода ташып оокат кылган, ошол сооданын пайдасын көрүп, турмуш-тиричилигин оңдогондордун саны 800 миңге чукул адам экен. Албетте, улам күчөп бараткан соода-сатык алакалары кытайлардын да Кыргызстанга отурукташуусуна көмөк берүүдө, дейт Eurasia Daily Monitor.

Айрым коомдук уюмдар азыркы тапта Кыргызстанда же соода жасап, же бизнес кылып жүргөн кытайлардын саны 90 миңге жакын деп эсептеп келишет. Бирок Бишкектеги Кытай элчилигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда жашап жана иштеп жаткан кытайлардын саны алда канча аз: болгону 8000 адам.

Эми батыш басмаларындагы башка маанилүү макала-анализдерге да кыскача токтоло кетели.

The Wall Street Journal Кытайдагы ызы-чуусуз бийлик алмаш тууралуу айтып келип, азыркы учурда Кытай элитасы “бир мамлекет, эки коалиция” деген саясий принцип менен жашап жатканына токтолду. Атап айтканда, кетип аткан президент Ху Цзиньтяо жетектеген Коммунисттик жаштар Лигасы жана андан мурунку Кытай президенти Цзянь Цземиндин “Туанпей” деп аталган командасы азыркы саясий процесстин негизги оюнчулары, дейт The Wall Street Journal.

Ал эми жаңы шайланган Си Цзинпин Цзянь Цземиндин тарапкерлеринен болот дейт ошол эле америкалык журнал.

Батыш массалык маалымат каражаттарында дале болсо Америкадагы президенттик шайлоо, Барак Обаманын жеңиши негизги темалардын бири бойдон калууда. Бирок батыш басмаларындагы АКШдагы шайлоо тууралуу акцент азыр толугу менен өзгөргөнүн баса белгилеп кеткибиз келет. Өткөн аптадагы гезиттер менен журналдар бул мамлекеттеги бышып жетилип калган бир катар орчундуу экономикалык маселелер, айрыкча ички карыздын өтө зор көлөмү тууралуу көп макалаларды жарыялады.

Бирок Обама тез арада чече турган эң орчундуу маселе - келе турган январда күтүлүп жаткан финансылык үзүлүш, жаңы жылдагы бюджет, аны оң жагына чечүү үчүн Конгресстеги республикачыл күчтөр менен тил табышуу, дейт The New York Times гезити. Бай америкалыктардан алынуучу салыктын көлөмүн дагы көбөйтөм деген Обаманын сөзүн Конгресс азыртан эле четке кагып жатканын эске алсак, кайра шайланган президенттин алдында чече турган өтө оор маселелер турганын байкайбыз. Эгер бул маселени чечилбесе, Америка эле эмес, бүт Европа, анын соңунан Кытай экономикалык рецессияга туш болуп, дүйнө экономикасы мындан бетер артына кетиши мүмкүн, дейт Aндрю Тэйлор деген аналитик Associated Press агенттигине берген интервьюсунда.

Бир катар беделдүү аналитиктер бул жолку шайлоо эмнегедир америкалыктарды абдан бөлүндү кылып кеткенин белгилешүүдө. Маселен, USA Today and World Report гезити көптөгөн америкалыктар Обаманын кайра шайланганын зор жеңилиш катары кабыл алып, ушу менен АКШ “оңолгус жолго түштү, “экономикалык жана руханий суицид абалына келди” дешсе, атактуу миллиардер Дональд Трамп кечээ кийинки шайлоону “маскарачылык жана пародия” катары баалады. Дагы бир америкалык 236 жыл башта Англиянын колониясынан чыгып кеттик эле, эми королевага кайра кат жазып, кечирим сурап, бизге кайрадан баш-көз болуп бериңиз деп сурансак окшойт дегендер да жок эмес...

Ошону менен бирге Барак Обаманын кайра шайланганын чоң майрам, америкалыктардын улуу жетишкендиги, жеңиши катары баалагандар да миллиондоп саналат. Көрсө, демократиялык маанайда өткөн шайлоонун уу-чуусу жердин баарында эле окшош тура...
XS
SM
MD
LG