Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:35

НГ: Кыргызстанга “акыр заман” келдиби?


Апта ичиндеги дүйнөлүк басма сөзгө сереп (10-16-декабрь)

Орусияда чыкчу “Независимая газета” Кыргызстанда жер-жерлерде электр жарыгы өчүп, үйлөр газы жок калганын сөз кылып, “В Кыргызстане наступил конец света тепла” деген макала менен чыкты. Анда минтип жазылат: “Кыргызстанда жума күндүн кечинен бери газ берүү токтоп, электрэнергия да өчүп-күйүүдө. 20 градус сууктун фонунда кыргыздар муну майя календарында айтылган акыр замандай кабыл алууда. Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев болсо элди тынчтандырды: баары жакшы болот жана 2013-жылы Кыргызстанда экономикалык өсүш башталат. Бирок ал качан жылуулук жана жарык болоорун так айтпады".

Эл аралык Transparency International уюму жакында дүйнө мамлекеттеринин уурулук жана коррупция боюнча рейтингин жарыялады. Алдыга карай өскөн, уурулук менен коррупцияга каршы жемиштүү күрөш алып барган мамлекеттер дүйнөдө көп экен. Эң биринчи орунга Дания менен Финляндия чыгыптыр. Мурунку советтик республикалардын ичинен жакшы деген европалык мамлекеттердин катарына Эстония, Литва менен Латвия кошулуптур. Бирок кийинки жылдары коррупцияны кескин кыскартып, Чехия жана Малайзия сыяктуу өнүккөн өлкөлөрдөн да өтүп кеткен, Түштүк Кореядан гана азыраак артта калган мамлекет Грузия болуптур. Ошону менен бирге алга эмес, артка кеткен өлкөлөр да бар экен. Маселен, Орусия менен Казакстандын көрсөткүчтөрү бир топ ылдыйлап, быйыл 176 мамлекеттин ичинен араң 138-орунду ээлептир.

Албетте, “Кыргызстан кайсы орунда экен, алга өсүптүрбү же артка кетиптирби?” деген суроо кызыктырат. Тилекке каршы, быйылкы жылы биз мурункудан да бир топ артка чегиниппиз. Башкасын кой, Африкадагы эң артта калган Гвинея-Биссау, Папуа-Жаңы Гвинея сыяктуу өлкөлөрдү да алдыга өткөрүп ийиппиз. Айталы, Казакстан 138-орунда болсо, биз 154-орунду “ээлеппиз”. Башкача айтканда, арт жагынан эсептегенде 22-орундабыз. Кудайга шүгүр, азырынча биз жок дегенде Тажикистан, Йемен сыяктуу мамлекеттерди алдыга чыгара элекпиз.

Эми өткөн аптада президент Атамбаевдин Германияга сапары тууралуу кандай макала-маалыматтар чыкты - сөз ошодон болсун. Бул боюнча Орусиядан чыккан “Независимая газета” атайын макала басты. Атап айтканда, Григорий Михайлов аттуу журналист “Неудачный “штурм Рейхстага” президента Атамбаева” деген макаласында кыргыз президенти Германияга бир топ жакшы үмүт менен барса да, сапары анча жолдуу болбой, болгону саламаттыкты сактоо, элге билим берүү тармагы үчүн гана 26 миллион евро грант алып, бирок бюджетти толтуруу үчүн сураган каражатка ачык жооп ала албаганын, анын ордуна Бишкекке атайын эксперттер келип, ошолор маселеге чекит коёрун жазып чыкты. Газета ошондой эле кыргыз президенти жыйынтыктоочу пресс-конференцияда Кыргызстанды “эң алдыңкы демократиялык өзгөрүштөрдүн өлкөсү” деп атап, бирок Батыш мамлекеттери ошол эле Грузияга сураган акчасын дембе-дем берип, ар тарабынан колдоо көрсөтсө да, бирок бир эмес, эки жолу революцияны баштан кечирген Кыргызстанга жарытып жардам бербегенин таарыныч катары айтканын да белгилеп өттү.

Ошону менен бирге Германиянын Deutsche Welle маалымат булагы Орто Азия өлкөлөрүнүн ичинен 2005-жылдан 2011-жылга чейин немистердин эң аз жардам алган Өзбекстан болгонун, атап айтканда 90 миллион гана евро жардам алганын, ал эми Кыргызстанга Германия баш-аягы 121 миллион евро акча бергенин маалымдап, кыргыздар таарынганга эч бир себеп жок экенин белгиледи.

Эл аралык басма сөздө Кытай Эл Республикасынын Премьери Вэнь Цзябаонун Кыргызстанга сапары тууралуу да бир катар макалалар жарыяланды. Маселен, орус өкмөтүнө түздөн түз тиешеси бар Region.kg интернет сайты Кытайдын Кыргызстанга көрсөткөн жардамын “кредиттердин жамгыры” деп атап, эл аралык маанидеги стратегиялык темир жолдун долбоорунан баштап, Кыргызстан үчүн нан менен суудай керектүү энергетика тармагына, нефтини кайра иштетүү тармагына, тоо-кен өнөр жайына, “Датка-Кемин” электр линиясына, дагы бир катар долбоорлорго кошуна мамлекет чоң суммадагы каражат бөлүп жатканын жазды. Орто Азияны, анын ичинде Кыргызстанды да колдон чыгаргысы келбеген Орусия конкреттүү жардам жана инвестициялар жагынан Кытайга ачык эле уттуруп, натыйжада бул эл аралык мааниси чоң регионду, башкача айтканда, Орто Азияны Кытай ар тарабынан колго алып жатканын белгиледи.

Ал эми немистердин негизги маалымат каналы болуп эсептелген Deutsche Welle Кытайдын Кыргызстанга катуу жардам берип жатканы тууралуу атайын макала жарыялап, анда Орусия көп мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарып ийгенин, Кытай болсо ар тарабынан катуу киришип, жакында Бишкекте кытай тилинде мектеп ачып, келечекте Кытай университетин да ачканга кам уруп жатканын кабарлады.

Эми Батыш гезит-журналдарындагы эң эле кызыктуу деген макалалардын кыска мазмунуна токтоло кетели. Американын атактуу Time журналы окурмандарынын арасында сурамжылоо жүргүзүп, жылдын эң маанилүү адамы деген наамды Түндүк Кореянын жетекчиси Ким Чон Ынга ыйгарылышын көпчүлүк окурмандар туура көрүп жатканын билдирди.

The New York Times гезити президент Барак Обама кызматынан өз эрки менен кетип жаткан Хиллари Клинтондун ордуна Мамлекеттик катчылыкка киши издеп, Жон Кэрри, Чак Хейгел сыяктуу бир катар абройлуу сенаторлорду караштырып жатканын жазды.

СNN глобалдык телеканалы Сириянын азыркы жетекчиси Башар Асаддын күнү бүтөөрүнө аз калганын жазып, анын өз элин бомбалап, күнөөсүз адамдарга кыргын салганын далилдеген фактылар эл аралык Гаага сотунун колуна тийгенин кабарлады.

Дагы бир космоско байланыштуу кызыктуу окуя басма сөз бетине чыкты. Космосто 55 күн жашап, изилдөөчүлөргө кызыктуу материал берген Нэффи аттуу жөргөмүш жерге аман-эсен кайтып келгенден төрт күндөн кийин жашоонун белгисин бербей калыптыр. “Космоско эч кандай кыйынчылыксыз барып келсе да, жөргөмүш музейде төрт күн жашай алган жок” деп өкүнүч менен жазды The Christian Science Monitor гезити.
XS
SM
MD
LG