Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:56

Апта ичиндеги дүйнөлүк басма сөзгө сереп (31-декабрь - 6-январь)

Жаңы 2013-жыл кандай жыл болот? - деген маселенинин тегерегинде дүйнө басма сөзүндө дале болсо ар кандай божомолдор, прогноздор, пикирлер айтылууда. Жалпысынан алып караганда, ашкере оптимисттик маанайдагы божомолдор дээрлик жокко эссе.

Saxo Bank деген Европанын эң чоң банктарынын биринин башкы экономисти Стин Якобсен 2013-жылдын экономикалык прогнозун ортого салды. Анын айтканына караганда, быйылкы жыл айрыкча Европа үчүн бир топ оор жыл болчудай. Еврону эл аралык валюта катары сактап калуу үчүн быйылда катуу күрөш жүрүп, мамлекеттик карыздардан кутулуу үчүн Европада айлык акылар менен социалдык төлөмдөр дагы кыскарып, анткен сайын элдин чыдамы кетип, калк нааразылыгы опурталдуу чекке жакындайт, дейт Якобсен.

Экономикалык рецессиянын айынан быйылкы жылы дүйнө маркетинде алтындын баасы арзандап, ушу таптагы 1600 доллардан 1200 долларга чейин төмөндөшү мүмкүн жана нефтиге болгон баа да бир топ артка кетет. Маселен, дүйнө базарында азыр нефть 110 доллардын тегерегинде болсо, жыл акырына чейин 50 долларга чейин ылдыйлашы мүмкүн дейт Saxo Bankтын башкы экономисти. Кокус акыбал ошондой болуп кетсе, жалаң карамай жана газ сатып бюджетин толтурган Орусия, Түркмөнстан сыяктуу мамлекеттер нака катастрофага туш болушу толук ыктымал. Бул маалыматты RBK daily агенттиги кабарлады.

Стокгольм шаарындагы дүйнө климатынын өзгөрүшүнө байкоо салган Эл аралык изилдөө борборунун маалыматына таянып, The Economist журналы быйылкы жылдын жайы да 2012-жылдагыдай абдан ысык болуп, кургакчылыктын айынан бир катар мамлекеттер олуттуу проблемаларга дуушар болот деген оюн айтты. Албетте, жер кургак болуп, аба ысык болсо - эгин жакшы өспөйт, нан тартыш болот, соя, буурчак өсүмдүктөрүнүн көлөмү азаят.

Ысык жай менен катар кыштын суугу да кийинки жылдары көп кыйынчылыктарды жаратып, анын экономикалык кесепеттери да зор болууда. Баарыдан да башта мындай суук кышты мурда көрбөгөн мамлекеттерде маселелер көбөйүп, миллиондогон кийими жука, үйү суук же үйү жок адамдар катуу азапка калууда. Маселен, The Wall Street Journal басылмасы өткөн аптада кабарлагандай, быйылкы кышта эң эле ысык мамлекет деп эсептелген Индияда көп адамдар сууктан каза тапты. Маселен, бир эле Лакноу деген шаарда 24 сааттын ичинде 114 адам сууктан а дүйнө салганы маалым болду. Кылымдар бою ысык шартта жашап, жука кийим менен кыштан чыгып кетип көнгөн индиялыктар болгону плюс 4 градустан 10 градуска чейинки жылуулуктагы салкын абага чыдай албай, жарык дүйнө менен кош айтышууда.

Ошону менен бирге кийинки 20-30-жылдын ичинде эрип кеткен мөңгүлөр менен карлардын, Арктика менен Антарктиканын, Гренландиянын эриген муздарынын эсебинен деңиздер, дүйнө океаны 11 миллиметрге көтөрүлгөнү далилденди. Абаны булгабай турган, климатка таасири тийбей турган күйүүчү заттарга өтүү аракети бүтүн дүйнөдө катуу болуп жатканына карабай, негативдүү тенденциялар дале болсо күчүндө, дейт жогоруда аталган The Economist журналы менен BBC News телеканалы.

Америкалык The Foreign Policy журналы Владимир Путинди 2012-жылдын дүйнө боюнча эң маанилүү экинчи адамы деп атап, бирок биринчи орунга эч кимди койгон жок. Ошону менен бирге Москвадагы Левада борбору деп аталган аналитикалык уюм орус коомчулугунда, калктын аң сезиминде терең өзгөрүштөр жүрүп жатканын ортого салды. Орусиянын 45 регионунда жүргүзүлгөн сурамжылоодо “эгер Путин Орусияны мурункудай эффективдүү башкара албаса, анын тегерегиндегилер мамлекеттин башкаруу тармактарын өз ара бөлүп кетишет” деген кооптонуу эл арасында бар экени байкалыптыр. Бирок кокус Путин кызматынан кетсе ордуна жарай турган ким бар деген суроо да негизинен жоопсуз калыптыр.14 пайыз гана эл балким Медведев жарайт деген ойду айтса, калгандары суроого эч бир ачык жана даана жооп бере алышпаптыр. Ошону менен бирге “Путинди дагы бир мөөнөткө калышын каалаар белеңиз?” деген суроого 23 гана пайыз калк “макул” деп жооп бергени дайын болду. Эске сала кетели: мындай суроого бир жыл башта 60 менен 70 пайызга чейинки калк “ооба” деп жооп берчү.

Американын жаңы коргоо министри ким болот деген сурого TIME журналы Чак Хейгель аттуу белгилүү сенатордун атын атап, бирок бул сенатор саясаттагы ачык милитаризмди жактабаган, Израилдин азыркы саясатына сын көз менен караган, бул жагынан президент Барак Обамага абдан окшош ишмер экендигин жазып чыкты. Деле азыркы америкалык басма сөздө Израиль темасы, жөөттөрдүн мамлекетинин келечеги, араб мамлекеттери менен Израилдин улам курчуп бараткан конфликти, бул мамлекетти арабдардан аскерий жактан калкалоо үчүн АКШ аябагандай зор каражат коротуп жаткандыгы тууралуу көп жазылууда.

Ал гана эмес атактуу саясатчы жана дипломат Генри Киссинжер да, улуту еврей болгонуна карабастан The New York Post гезитине берген интервьюсунда Израиль мамлекет катары 2022-жылы жашоосун токтотот деп ачык эле айтып салды. Анын пикиринде тегерегин жалаң арабдар курчап турган аз сандуу жөөттөрдү, 1.5 миллиарддан ашуун дүйнө мусулмандары душман катары санаган кичинекей Израилди түбөлүккө калкалап калуу эч бир мүмкүн эмес экен. Ошол эле араб мамлекеттеринин арасында АКШнын эң жакын деген достору да бар экенин эч бир унутууга болбойт, дейт Генри Киссинжер.

Израилдин мамлекет катары өмүрүн узартуунун бир эле жолу - Ирандын ядролук куралга ээ болушуна жол бербөө деп эсептешет жөөттөр. Бирок Барак Обама баштаган эң эле таасирдүү деген америкалык саясатчылар бул жолду туура эмес жол, анык катастрофага алып келчү жол деп эсептешет.

Ошондуктан Барак Обаманын экинчи жолку президенттик мөөнөтү ар кандай талаш маселелерди тынчтык жолу менен чечүү саясаты менен коштолот, дейт аны 2012-жылдын эң мыкты адамы деп жарыялаган TIME журналы.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG