Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:48

Апта ичиндеги дүйнөлүк басма сөзгө сереп (21-27-январь)

Жаңы 2013-жылдын башындагы эң катуу жана эң убагында айтылган сөз - Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин “СССРди кайра жандандырууга эч качан жол бербейм” деген сөзү болду окшойт. РИА-Новости агенттиги белгилегендей, казак президенти бүт дүйнө ачык да, жабык да сөз кылып жаткан, эмнегедир эсил кайран СССРди эске түшүргөн Евразия шериктештиги, Бажы союзу, ЖККУ сыяктуу регионалдык уюмдардын чыныгы максаты тууралуу маселеге ачыктык кийирди.

Нурсултан Назарбаевдин айтканына караганда, бул регионалдык уюмдардын негизги максаты - экономикалык кызматташууну гана жандандыруу болуп эсептелет, бирок эч качан кандайдыр бир жаңы саясий шериктештикти, айрыкча эбак тарых бүктөмүнө кеткен СССРди эптеп кайра тирилтүү аракети эмес. “Евразия кызматташуусу негизинен менин жеке демилгем менен жанданып келатат, бирок мен эч качан кандайдыр бир жаңы саясий союз түзүүгө же эбак унутулган Советтер Союзун кайра жандандырууга жол бербейм”, деп билдирди Назарбаев.

Белгилүү журналист, "Московские новости" гезитинин баяндамачысы Аркадий Дубновдун пикири боюнча, бул катуу айтылган билдирүүнүн башкы себеби - мындан бир нече ай мурун Казакстандын, Беларустун жана Орусиянын парламентарийлери жолугушкан учурда орус мамдумасынын спикери Сергей Нарышкин ушул үч мамлекеттин парламенттери баш ийе турган жаңы бир уюмду түзсөк кантет деп жыландын башын кылтыйткан экен. Дубновдун да жазганына караганда, казак депутаттары ошол эле жерден жаңжал чыгарыптыр. Бул Казакстандын көз карандысыздыгына шек келтиргендик жана конституцияны тепсегендик болот деп ачык билдиришиптир. Ошондуктан Назарбаевдин жогорудагы кесе айтылган сөзү ошондой опурталдуу саясий оюндарды токтотуу үчүн жана Кремлдин ар кандай неоимпериалисттик иллюзияларына эмитен чекит коюу үчүн айтылганы азыр эми бардык тараптарга түшүнүктүү болду окшойт.

Албетте, жөн жерден чөптүн башы кыймылдабайт. Советтер Союзунун идеологиясы, дурусу менен бурушу тууралуу саясий тыянактар эми гана ачык айтылууда. Өткөн жылдын күзүндө Түркияда ошол эле Назарбаев “Орусиянын жана Советтер Союзунун колониясы болуп жашаган 150 жылдын ичинде казактар аз жерден өз эне тилинен, ата-бабасынан калган каада-салттардан биротоло кол жууп кала жаздаган эле” деп айткан болчу. Бул сөз албетте, Батыштын, айрыкча түрк туугандардын кулагына майдай эле жаккан. Бирок ошого удаа эле Москва менен Астананын ортосунда Байкоңур космодрому тууралуу чатак чыккан жана ал маселе ушул тапта Орусия менен Казакстандын ортосунда кырынан коюлуп турган кези.

Эл аралык басма сөздө дагы бир көңүл бура турган учур тууралуу эки ооз сөз. Кийинки учурда Казакстанда да, Өзбекстанда да, ал гана эмес Тажикстанда да президенттер алмашат, баары азыр тымызын мураскор издөөнүн үстүндө деген пикирлер тарады. Бул тууралуу “Независимая газета” бир эмес, бир нече жолу жазды.

Тажикстанда жакында шайлоо өтөт. Имамали Рахмон дагы шайлоого барабы же ордуна башка бирөөнү сунуш кылабы деген маселе кошуна мамлекетте тынымсыз талкууланып жаткан учур. Убагы келгенде Өзбекстан да президенттик шайлоо өткөргөнгө мажбур болот. Айтор, “түбөлүк президенттердин” заманы кааласак да, каалабасак да баары бир бүтүп бараткандай. Ага араб дүйнөсүндөгү төңкөрүштөр айрыкча күбө болду го. Жогоруда аты аталган Аркадий Дубнов да азыр Казакстанда “Назарбаевдин ордуна ким келет?” деген сөздү оозу менен дем алып, мурду менен тынган ар бир казак сөз кылып отурганын ошол эле "Московские новости" гезитинде жазып чыкты.

Кошуна мамлекеттер тууралуу сөз болуп калган соң Өзбекстан жөнүндө Open Societe Foudation тараткан бир нече видеоклип жана “Өзгөргөн форма, эскирген мазмун” атуу макалага да кыска токтоло кетүү зарыл. Эл аралык бир катар сайттарда көрсөтүлүп жаткан видеоклипте эки айдан ашык созулган пахта терүү кампаниясына мектептеги балдар тартылып, балдардын эмгеги тууралуу эл аралык конвенцияны өзбек бийликтери ар дайым бузуп келатканы көрсөтүлүп, ошол үчүн Өзбекстандын пахтасына бойкот жарыялоо керек деген ой айтылды.

Ал эми аталган макалада бул мамлекетте пахта терүү сезону кадимки эле согуштук иш-аракеттер катары каралып, мектептин мугалимдери менен дарыгерлерден баштап завод, фабрикалардын жумушчулары, ал гана эмес мамлекеттик кызматтагы чиновниктер да талаага күч менен айдалганы, кокус барбаса 200 доллар айып пул төлөөрү айтылат. Ал эми мажбурият менен менен иштегендер негизинен акысыз иштээри, себеби пахта плантацияларынын чыныгы ээси - зордукчул өзбек мамлекети, деп жазылат макалада. Канча гектар жерге пахта өстүрүү керектигин мамлекет чечет, бир тонна пахта канча баа болоорун да бийликтегилер чечет, пахтаны багып-өстүргөндөргө канча пайызы калат, канчасы өкмөткө тапшырылат - мунун баарын мамлекет аныктайт.

Ырас, Европа менен Америка өзбек пахтасына бойкот кылаарынан чочулап, быйыл тарыхта биринчи жолу кенже курактагы мектеп балдары пахтага барган жок, бирок эрксиз эмгек жана зордукчул бийлик мурунку эле боюнча калды, деп айтылат “Өзгөргөн форма, эскирген мазмун” аттуу макалада.

Бу саясат, бийлик деген нерсе өзүнүн ички мыйзамдары жана өз логикасы менен жашаган татаал оокат го. Маселен, Барак Обама жаңы эле экинчи мөөнөткө шайланып, инаугурациясы жаңы эле өттү, биок анын ордуна төрт жылдан кийин ким келет деген сөз Америкада эмитен эле башталып кетти. The Christian Science Monitor гезити эң акыркы санында АКШнын азыркы учурдагы мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондун Конгресстеги сүйлөгөн сөзүнө таянып жана ал жерде Хиллари айымга тийишип, “эгер мен президент болсом, сизди кызматтан токтоосуз кетирет элем” деп айтып ийген Рэнд Пол аттуу конгрессмендин сөзүн эске алып, 2016-жылкы президенттик таймашка эки претендент эмитен эле шыбыш берди деп жазып чыкты.

Чынында эле Хиллари Клинтондун мамкатчылык кызматтан өз эрки менен кетишин анын кийинки президенттик сынакка даярдык көрүүсү катары карагандар Американын гезит-журналдарында көптөн бери айтылып келатат. Кечээ күнү болсо Барак Обама кызматтан кетип аткан Хиллари айым менен чогуу отуруп, CNN телекомпаниясына интервью берди. “Эң мыкты мамлекеттик катчы, тубаса дипломат” сыяктуу мактоо сөздөрдү президент эч бир аяган жок, мамкатчы да Обаманын адресине жылуу пикирин армансыз эле айтты.

Ошону менен бирге The Foreign Policy журналы “Америкадагы байденизация” деген ат менен макала жарыялап, азыркы вице-президент Жо Байден жашы 70ке таяп калса да эмки келе турган президенттик ат салышууга ачык даярдык көрүп баштаганын, буга азыркы президент Барак Обама да тымызын көз кысып жатканын жазып чыкты.

Чындыгында да Жо Байден Американын тарыхындагы эң эле таасирдүү вице-президент катары таанылып, чындыгында эле президентикке татыктуу саясатчы экенин иши менен далилдөөдө, дейт The Foreign Policy журналы.

“Кайда барсаң казандын кулагы төртөө” дегендей, саясат - Казакстанда да саясат, Египетте да саясат, Вашингтондо да саясат. Француздар айтмакчы, се ля ви - турмуш деген ушундай…

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG