Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:50

Бул жолку серепте илим менен техникадагы эң соңку жаңылыктар тууралуу сөз кылууну туура таптым.

Өткөн аптада медицина дүйнөсүндө чоң жаңылык болду. Америкадагы Балтимор шаарында тарыхта биринчи жолу дээрлик төрт жыл башта эки колунан ажыраган Брендан Марроко аттуу адамга узакка созулган операция жасалып, жыйынтыгында бул адам кайрадан эки колдуу болду.

Көрсө, 2009-жылы Ирак согушунда бул адамдын эки колу ампутация болуп, бир нече жыл мунжу катары жашаган экен. Эми Жон Хопкинс университетинин клиникасында жасалган татаал операциядан кийин колдуу болуп, азыр эки колуна кадимкидей жан кириптир.

The Associated Press агенттиги уюштурган пресс-конференцияда сүйүнүчүн жашыра албаган бактылуу Марроко жан кирген колдору менен чачын артка тараганга жарап, журналисттердин суроосуна жооп берди деп жазат The New York Times гезити.

Ошол эле The New York Times атактуу физик, ай-ааламдын, анын ичинде Жер шарынын келип чыгышы тууралуу бир катар терең гипотезаларды айткан космолог Стефен Хоукинг тууралуу даректүү тасма тартылганын кабарлады.

Узакка созулган катуу оорудан кийин шал оорусуна (Lou Gehrig’s disease) тушуккан, тили да таптакыр күрмөөгө келбей калган Кембридж университетинин легендарлуу профессору башына түшкөн кыйын илдеттен кийинки тарткан азаптары тууралуу атайын аппараттын жардамы менен сүйлөп берип, кантип жашап, кантип окуп жана интенсивдүү илимий иш менен алектенгени тууралуу ой бөлүшүптүр. Бүт дүйнөдө бестселлер болгон “Убакыттын кыскача тарыхы” (A Brief History of Time) аттуу китептин автору Хоукинг тууралуу фильм ушул жылдын март айында Остин шаарында өтө турган кинофестивалда көрсөтүлөт экен.

Ошол эле The New York Times гезити өткөн апта - биринин артынан экинчиси учурулган ракеталардын аптасы болгонун жазды. Түндүк жана Түштүк Кореяда, Иранда, Орусияда, ошондой эле АКШда учурулган ракеталар тууралуу макалага орун берди.

Түндүк Корея континенттер аралык ракетаны ийгиликтүү сынады, ага удаа Түштүк Корея да өз спутнигин космоско чыгарды. Өткөн аптада Иран да ракета учуруп, биринчи жолу космоско маймыл жөнөттү. Ирандыктардын эмки максаты - космоско маймыл эмес, адам жөнөтүү экен. Бирок бул кабарды Батыштагы бир катар гезит-журалдар ишенкиребей кабыл алып, англиялык The Telegraph гезити болсо түз эле “пропаганда”, “жалган маалымат” деп атады.

Өткөн аптада орустар да телекоммуникациялык максаттагы ракета учурду. "Бирок ракета бир нече секунддан кийин Тынч океанга кулап түштү" деп жазат The New York Times. Америкалыктар да космонавтика жагынан активдүү иш жүргүзүүдө. Канаверал тумшугундагы космодромдон учкан ракета тынчтык максатта учурулуп, NASA космоско бир катар спутниктерди чыгарганын, алар коммуникациялык максатта пайдаланыла турганы кабарланды.

Эң абройлуу эл аралык илимий басмалардын бири болуп эсептелген Science журналы да бир катар олуттуу жаңылыктарды жарыялады. Маселен, америкалык окумуштуулар адамдын кызыл өңгөчүн тирүү клеткалардын жардамы менен жасаганга үйрөнүшүптүр. Баса белгилей кетели: пластик же башка жасалма материалдан эмес, кадимки жандуу клеткаларды өстүрүүнүн жана көбөйтүүнүн негизинде.

Деле кийинки жылдары жасалма материалдардан эмес, жандуу клеткалардан адамдын ички органдарын жасоо - эң эле перспективалуу илимий багыт болуп баратат. Ушул тапта бир катар кытайлык жана нидерланддык окумуштуулар адам баласынын кан тамырын да ошондой жол менен жасоого катуу аракеттенүүдө, дейт Science журналы. Ал эми АКШнын Түндүк Каролина штатындагы Уейк Форест университетинин изилдөөчүлөрү болсо адамдын табарсыгын, пластик же жасалма эмес, кадимки эле жандуу табарсыгын жасоого толук жетишкени мурда эле кабарланган эле. Азыр болсо америкалык окумуштуулар бөйрөк менен боорду да кантип адамдын жандуу клеткасынан жасап чыгуунун үстүндө эмгектенип жатышыптыр. Деле келечекте адамдын бардык ички органдарын ушул жол менен жасоо жана аны ар кандай оор илдеттерди дарылоодо пайдалана турган заман анча деле алыс эмес деп жазат жогорудагы Science журналы.

Орусиянын “Коммерсантъ” гезити да бир кызыктуу илимий кабар менен чыкты. Гезиттин маалыматына таянсак, Вашингтон университетинин профессору Вернер Камински баштаган окумуштуулар “хмель” деп аталган жана кадимки эле пивого ачкыл даам берген кошумча азыкта гумулон деп аталган зат бар экени аныкташыптыр. Ал заттын молекуласынын диабет оорусуна жана рактын кээ бир түрлөрүнө шыпаа болчуу мыкты касиеттери бар экен.

Бул жаңылыкты комментарийлеген орус окумуштуусу Николай Адрианов мындай дейт: «Албетте пивону ар кандай ооруларга шыпаа болот деп айтуу өтө кыйын, анткени анда ден соолукка зыяндуу алкоголь менен фитоэстроген бар эмеспи. Бирок пивонун составындагы гумулон деп аталган заттын ден соолукка пайдасын тереңдетип изилдөө өтө маанилүү».

Орус премьер-министри Дмитрий Медведев өзүнүн интернет блогунда Орусияда караманча жасалма диссертациялар ыгы жок жайнап кеткендигин, плагиатчылык, башкача айтканда башка бирөөнүн эмгегинен уурдоо же көчүрүп алуу адатка айланып кеткенин билдирди. Ал эми «Независимая газета» болсо Орусияны «жалган диссертациялардын өлкөсү» деп атап, кийинки учурда диссертацияларды «под ключ», же болбосо жазгандан тартып аны илимий кеңештерде корготконго чейин жасап берген адамдар же «сервистер» чыкканын жазып чыкты.
XS
SM
MD
LG