Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:58

НГ: “Араб көктөмү” Украинага көчүшү мүмкүн


Апта ичиндеги дүйнөлүк басма сөзгө сереп (11-17-февраль).

The Christian Science Monitor гезити кытайлык бир Чин аттуу студент бир кезде президент Жорж Буш (атасы) окуган атактуу Йель университетин (Yale University) эң сонун бүтүрүп, бирок Нью-Йорк же Бээжин сыяктуу борбор шаарларда калып, чоң карьера жасагандын ордуна Кытайдын эң эле элет жерлеринин бирине суранып кеткени тууралуу макала чыгарды. Бул жаш кадрдын көздөгөн максаты - жергиликтүү бийликтерди, атап айтканда айыл өкмөттөрүн коррупциясыз, мыжыкыйлыксыз, элге пайдалуу кылып иштетүүгө болобу же жокпу деген суроого жооп табуу экен. Билими боюнча экономист, англисче түш жоруган, ошол чөлкөмдөгү жападан-жалгыз жогорку билимдуу адис болсо да, Чин айыл башчысына жардамчы болуп орношуптур. Жарыбаган айлык алып, төбөсүнөн тамчы тамып, түндөсү чычкандар уктатпаган үйдө жашап, бирок бир нече жылдын ичинде айыл турмушун түп тамырынан өзгөртүүгө жетишиптир.

Эгин эккенден тартып, сугат иштерине, мектепке, балдар бакчасына чейин киришип, элге кантип экономиканы өстүрүүнүн жолун үйрөтүп, акыры айылдын бюджетин 130000 долларга көбөйтүүгө жетишиптир. Бул окуя азыр ошол кичинекей айылдын эле эмес, чоң Кытайдын өкмөтүнүн да көңүлүн бурууда, деп жазат The Christian Science Monitor.

Сыягы Америкадан билим алып, Кытайдын эң эле артта калган айылына келип иштеген жана эл турмушун оңдогонго жакындан жардам берген Чиндин тажрыйбасы бул мамлекетте дагы бир маанилүү эксперименттин башы болот окшойт. Айтор эң мыкты деген университетти бүткөн Чин акыры жан дүйнөсүнө тынчтык бербеген суроосуна жооп тааптыр. Көрсө эч кандай парасыз, мыжыкыйлыксыз, төрөпейилдиксиз эле эл турмушун оңдоп, эч качан оңолбой тургансыган айыл турмушун жолго койсо болот экен, деп жазат The Christian Science Monitor гезити.

Бирок эл турмушун оңдойлу деген жаштар бир эле Кытайда эмес, биздин эле Кыргызстанда деле бар экенин ошол эле чет өлкөлүк маалымат каражаттары кабарлоодо. Маселен, Central Asia Online деген интернет сайтында “Кыргыз жаштары улут аралык ынтымакты жайылтууда” деген макала жарыяланды. Макалада Ош шаарында “Данек” деген гезит чыгарылып, анда журналисттердин жаңы муунун, жаңы тибин тарбиялоо иши колго алынып жатканы жазылат. Бул гезиттин башында турган Жыпар Акунова жана ага жардам көрсөткөн Журналисттер жамаатынын жетекчиси Марат Токоев экен. Айына бир жолу чыккан “Данек” гезитинин маанилүү максаты - жаштарды туура жолдо тарбиялоо, башка улуттардын маданиятына, тилине, үрп-адатына урмат менен мамиле кылууга жаштарды үйрөтүү, жалпы эле Фергана өрөөнүндө жашаган элдердин ынтымак-ырашкерлигин чыңдоо болуп саналат, деп жазат жогоруда аталган Central Asia Online интернет сайты.

Ушул темага үндөш кабарды lenta.ru интернет сайты жана Интерфакс агенттиги да таратты. Ал кабарда “Эл уулдары” аттуу жаштар кыймылы Ош шаарынын борбордук аянтында азыркыга чейин турган Лениндин эстелигин башка жакка жылдырууну сунуш кылганын, бул эстелик өзүнүн тарыхый миссиясын толук аткарганын, анын ордуна Кыргызстандын эгемендүүлүгүн чагылдырган кандайдыр бир башка эстеликти же символиканы орнотуу зарылдыгы айтылат.

The Washington Post гезити президент Барак Обаманын жакында Америка конгрессинде чыгып сүйлөгөн программалык сөзү тууралуу макала басты. Макалада Обаманын жакынкы төрт жылда жасай турган иштери жана пландары Америка коомчулугу тарабынан негизинен жакшы кабыл алынып, сурамжылоолор дурус баасын берип жатканы айтылат. 8 пункттан турган бул стратегиялык планда минималдык айлык акыны көтөрүү, атап айтканда, иш учурундагы ар бир саатка 9.50 доллардан кем эмес айлык төлөө, курал-жарак сатууга контролду күчөтүү, байлардан алынчу салыктарды көбөйтүү сыяктуу маанилүү пункттар бар. 2014-жылдын аягына чейин Ооганстандан америкалыктар аскерлерди чыгарып кетүү идеясы да абдан колдоого алынып жатканын кабарлады жогоруда аталган The Washington Post гезити.

Акырында КМШ өлкөлөрүнө тийиштүү эки макала тууралуу да кыскача маалымат. Бири Украина тууралуу, экинчиси Орусия тууралуу. “Независимая газета” Украинадагы оллуттуу социалдык жана экономикалык маселелер тууралуу айтып келип, азыркы бийликке болгону 3 гана пайыз эл ишенээрин, байлар менен кедейлердин ортосундагы айырма өтө эле чоң болуп кеткенин, эгер акыбал ушул боюнча кала берсе, Украинада да саясий кырдаал кыйындап, “араб көктөмү” бул өлкөдө да кайталанышы толук ыктымал болуп турганын жазды.

The International Herald Tribune гезити белгилүү орус жазуучусу Борис Акуниндин азыркы Орусия тууралуу макаласына орун берди. Бир катар ачуу айтылган сын пикирлер менен катар Борис Акунин “өткөөл доорду башынан кечирип жаткан орус коомунун баардык кыйынчылыктарын, проблемаларын түшүнүүгө кудурет жетет эле, бирок Владимир Путиндин коррупцияга белчесинен баткан бийлиги элге, оппозицияга, ага сын айткандарга ушунчалык деңгээлде майдачыл карасанатайлыгы жанды күйгүзөт” дейт Борис Акунин.

Баку шаарында жайгашкан ”Зеркало” аттуу интернет сайты Азербайжандын бажы комитетинин жетекчиси Айдын Алиевдин сөзүнө таянып, бул мамлекет - көз карандысыз мамлекет катары КМШ мамлекеттери менен кызматташтыкты ар дайым колдоорун, бирок Бажы шериктештигине кирүүгө эч бир ниети жок экендигин билдирди.
XS
SM
MD
LG