Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:02

Апта ичиндеги дүйнөлүк басма сөзгө сереп (18-24-февраль).

Сөз атасы Сулайман тээ атам замандарда “Акылың көбөйсө - азабың да көбөйөөр” деген экен. Анын сыңары техникалык жактан адамзат укмуштуудай ийгиликтерге жетишип, компьютер менен мобилдик телефондор бүт дүйнөнү бир чырмакка чырмап койсо да, проблемалар эч бир азайбай, кайра көбөйдү сыяктанат. Бир кездерде “кансыз согуш”, “идеологиялык күрөш”, “экономикалык диверсия” деген түшүнүктөр болсо, азыр “кибер согушу”, “кибер чабуул”, “компьютердик жардыруу” деген түшүнүктөр пайда болду.

Дүйнөлүк прессада, анын ичинде СNN телекомпаниясынын көрсөтүүлөрүндө, The Washington Post гезитинде кытайлык хакерлер, же болбосо компьютер технологиясын ийне-жибине чейин билген профессионалдар Шанхай шаарында отуруп алып, Американын компьютерлерине атака жасаганы тууралуу көп сөз болууда. Кытайлык хакерлер интернет аркылуу Американын жашыруун деген компьютерлерине жойлоп кирип, эң жаңы деген техникалык табылгаларды, ошондой эле аскерий сырларды көчүрүп алууга, уурдоого аракет жасап жатыптыр.

Маселе канчалык маанилүү экенин ушундан билиңиз - президент Барак Обама бул тууралуу атайын билдирүү жасап, Кытай мамлекетин, айрыкча анын аскерий чөйрөлөрүн мындай иштерден четте болуусун катуу эскертти жана муну СNN телекомпаниясы бир нече жолу көрсөттү.

Албетте, илимий-техникалык прогрессти эч ким токтото албайт, токтотууга мүмкүн да эмес. Ошол эле Америкада мамлекеттик деңгээлде жаңы илимий стратегия кабыл алынганы тууралуу маалыматты The New York Times гезити жазып чыкты. Бул илимий долбоордун башкы максаты - адам баласынын мээсин тереңдеп изилдөө болуп саналат. Мээнин миллиардга жакын нейрондорун кылдат иликтеп, адам акылынын, аң-сезиминин иштөө механизмдерин үйрөнүү аркылуу америкалыктар жасалма интеллектти, жасалма акылды, аң-сезимди ойлоп табууга умтулууда. Ошону менен бирге Паркинсон оорусу, Альцгеймер оорусу, эпилепсия, талма ж.у.с. сыяктуу татаал илдеттерди айыктыруунун да жолдорун табуу маанилүү илимий максаттардан болуп саналат, деп жазат The New York Times гезити.

Бул долбоорду эксперттер Американы илим жагынан алдыга сууруп чыга турган долбоор катары карашууда. Ошону менен бирге экономикалык жактан да Америкага зор жемиштерди бере турган стратегия болуп эсептелет. Жакында сүйлөгөн сөзүндө Барак Обама бир кезде адам геномун изилдеген долбоорго кеткен ар бир доллар азыр 140 доллардан ашуун пайда алып келгенин айтып, бул долбоор да өзүн толугу менен актай турган долбоор болооруна ишенимин билдирди. Азыр америкалык окумуштуулар “Мээнин иштөө картасын” түзүүгө белсенип киришүүгө камынып жаткан кези.

Assosiated Press агенттиги Кытайдын жаңы лидери Си Цзиньпинь эң биринчи расмий сапарын Москвадан, Орусиядан баштай турганын кабарлады. Бул расмий сапардан жаңы геосаясий тенденцияларды байкаган эксперттер да жок эмес. Бир жагынан Кытай менен Орусия улам жакындашып баратса, экинчи жагынан Жапония менен АКШ саясий, аскерий жана экономикалык жактан шериктештик мамилесин дагы да бекемдөөнүн аракетин жасоодо. Ушул тапта АКШда расмий сапар менен жүргөн премьер-министр Синдзо Абе өз мамлекетин жаңы аскерий державага айланта турганын ачык эле билдирүүдө. Ага расмий Вашингтон да астейдил колдоо көрсөтүүдө. Дүйнөлүк экинчи согушта жеңилүүгө учураган Жапония эч качан милитиризмге жол берилбейт, куралданбайбыз деп убадасын берсе да, бул мамлекет мындан ары жаңы программа менен жашайт окшоп калды.

Эми өзүбүз жашаган Борбор Азия тууралуу макалаларга токтололу. Чоң Кытай менен учу-кыйырсыз Орусиянын ортосунда жайгашкан, табигый ресурстары абдан бай бул регион эч качан жеке бийлигин өз ыктыяры менен бербеген диктаторлордун кол астында азап чегүүдө, деп жазды Сара Кендзиор аттуу аналитик Foreign Policy журналында. Сыртынан караганда стабилдүү өнүгүп жаткансыган Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан жана Тажикстан коррупциянын сормо сазына терең батып, саясий системалары ичинен ирүүдө, дейт автор. Анын ою боюнча, бул өлкөлөрдөгү тынчтык - айласыздан келип чыккан тынчтык, чыр-чатак, тополоңдор башталса дагы эмне болуп кетет деп корккон калайык-калктын чыдамдуулугу. Ал эми саясий режимдер жалаң репрессиялардын, кармаганын карыштырган катуу бийликтин күчү менен гана жашап келүүдө. Ошондуктан Борбор Азиядагы стабилдүүлүк - каргыш аралашкан стабилдүүлүк, аяк-башы көрүнбөгөн бир азап, дейт ошол эле автор.

Ал эми Кыргызстан болсо 2005 жана 2010-жылдагы эки көтөрүлүштөн кийин жакшы үмүттөрдү жаратып, Батыштын жылуу мамилесине арзыса да, жыйынтыгы кайра эле стагнация болууда, дейт жогоруда аты аталган Сара Кендзиор.

Бирок Борбор Азияны иликтеген адистердин пикири боюнча, 2013-жыл кандайдыр бир өзгөрүштөрдүн, трансформациялардын жылы болушу да мүмкүн. Кыргызстан тууралуу макалага Eurasia Daily Monitor да орун берди. Макалада Кумтөр алтын кенинин тегерегиндеги чыр-чатак тууралуу сөз болуп, эгерде Кыргыз өкмөтү эл аралык сотто 2009-жылкы келишимди кайра карап чыгууга аракет жасаса, өлкөдө бюджеттик тартыштык ого бетер күчөп, баарынан да чет өлкөлүк инвесторлор Кыргызстанга келгенден жана экономикасына акча салгандан чочуп калышы толук ыктымал, деген оюн билдирет жогоруда аталган Eurasia Daily Monitor.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG