Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:13

Апта ичиндеги дүйнөлүк басма сөзгө сереп (25-февраль - 3-март).

Өткөн аптада дүйнөлүк прессада эң эле көп сөз болгон үч маанилүү окуя болду. Биринчиси, Американын эбегейсиз зор мамлекеттик карызы жана анын тегерегиндеги катуу саясий кармаш; экинчиси, Рим папасынын өз ыктыяры менен ыйык тактыдан баш тартып, кечил болуп кетиши жана үчүнчүсү - Италиядагы бүт Европаны түйшүккө салып, катуу кабатырланткан парламенттик шайлоо.

Адегенде сөздү Рим папасынан баштайлы. СNN, BBC жана Евроньюс телеканалдары христиан дүйнөсүнүн эң эле урматтуу адамы, бүт дүйнө католиктеринин аталыгы деп аталган Бенедикт ХVI ден соолугуна, алдан-күчтөн тайып баратканына байланыштуу өз ыктыяры менен папалык тактыдан түшкөнүн, Ватикан менен биротоло коштошконун түз эфирде баштан аяк көрсөттү. Жашы 85ке караган бул карыя адам эми Рим папасы эмес, катардагы динаетчи, калган өмүрүн дуба менен, кудайга сыйынуу менен өткөргөн көп кечилдин бири болмокчу. Муну дээрлик бардык басма сөз каражаттары чыныгы руханий пакизалыктын үлгүсү, ал гана эмес эрдик катары баалап, башкалар да ушул улуу инсандан үлгү алса деген ойду айтышууда.

Ырас, Италиянын эң абройлуу гезиттеринин бири саналган Corriera della Sierra баштаган бир катар басылмалар папанын кызматтан кетишин жалпы эле католик чиркөөсүндөгү бүтпөгөн чыр-чатактар, айрыкча дин кызматкерлеринин арасындагы моралдык кризис, бала зордуктоо, педофилия сыяктуу жексур иштердин көп болуп кеткени менен түшүндүрдү. Бирок Тime журналы, The New York Times, The Christian Science Monitor сыяктуу гезиттер бийликтен да, отурган тактысынан да кечип, Ватикандын кереметтүү ак сарайынан көрө монастырды, ошол монастырдагы кичинекей көөмүттү артык көргөн папага зор урматын жана сыйын билдирди.

Эми Вашингтондогу саясий ит жыгылышка келели. Президент Обама менен ага оппозицияда турган республикачыл партия бир пикирге келе албаган себептүү Америка биринчи жолу бюджеттик тартыштыкка туш болгону турат. Бул өтө татаал, бир-эки ооз сөз менен түшүндүрүүгө өтө оор маселе болсо да, ток этээрин айта кетели: кептин мааниси - Американын мамлекеттик карызы аябагандай өсүп кеткендиктен, ошол карызды кантип кыскартуу жана андан кантип кутулуу керек деген маселеде жатат. Оппозициячыл Конгресстин ою - “жылкыбызга карап ышкыралы”, ыксыз коромжуларды токтотолу деген ой. Бирок ага эч качан Барак Обама көнбөйт. Анын себеби да абдан түшүнүктүү: бюджет кыскарса - жумушсуздук күчөйт, экономика өспөйт, эл арасында бийликке нааразылык көбөйөт.

National Journal басылмасы эмитен эле бул бюджеттик кыскартууну Обаманын президент катары фиаскосу деп атады. The Atlantic гезити Конгресс таңуулаган бул чечимди нака жоопкерчиликсиз, саясий кармаштан улам келип чыккан социалдык “гильотина”, башкача айтканда, анык баш кесе турган баталга деп атады.

The Independent гезити “Акчаны каалагандай сапырып көнгөн Америка эми европалыктарча экономия жолуна түшүп, курун кындыйта курчана турган болду окшойт” десе, ошол эле гезитте Дэвид Осборн аттуу аналитик “Мындай бюджеттик тартыштыкта жашоону эч ким деле каалабайт, бирок андан кутулуунун жолун да эч ким билбейт, натыйжада Америка кай жакка баратканын өзү да билбеген өлкөгө айланууда” деп жазды.

Айрыкча Ак үйдөгү Обама менен Конгресс жетекчилеринин жолугушуусу болгону 45 минутка гана созулуп, өз ара тил табыша албаган саясатылар бир заматта тарап кеткенин дээрлик бардык гезит-журналдар нааразылык менен баса көрсөтүп, мамлекеттик жоопкерсиздиктин белгиси катары кароодо.

1-марттан баштап 85 милилардга кыскарган бюджеттин тартыштыгы азыртан эле байкалганын кечээ жана бүгүн телеканалдар үстөккө-босток кабарлоодо. Лондондон чыккан The Economist журналы эми миңдеген адамдар ишсиз калып же мөөнөтсүз дем алууга, отпускага кетээрин, айрыкча аскер кызматкерлери катуу жапа чегээрин жазып чыкты. Бир катар массалык маалымат каражаттары аэропорттордо бир канча учактар рейстен кечигип, биринчи кезекте жапа чеге турган мамлекеттик чиновниктер эмитен паникага түшө баштаганын жазууда.

The Times белгилегендей, азыр Обама баштаган демократтар бардык күнөөнү республикачылар партиясына оодарып жатат. Ошондуктан Америкада бул партияга нааразылар абдан көбөйүп баратканы айтпаса да түшүнүктүү иш го.

Эми Италиядагы шайлоо эмне үчүн батыш прессасынын көңүлүн өзгөчө буруп, жыйынтыгы айрыкча европалыктарды дүрбөлөңгө салганы тууралуу эки ооз сөз. The Economist жазгандай, негизги маселе - бири-бири менен эч качан оту күйүшпөгөн партиялар жеңишке жетишип, коалиция түзүү жана ымалалашып мамлекетти башкаруу өтө оор маселеге айланып баратканында болууда. Маселен, популист Сильвио Берлусконини Евросоюздун жетекчилери эч бир каалабайт, ал тууралуу ачык эле айтышты; ал эми Беппе Грилло аттуу куудулдун партиясы Италияны Европа шериктештигинен биротоло чыгып кетишин максат кылаарын жарыялады.

Демек бир кезде дүйнө экономикасын алдыга сүйрөп, тыгыз кызматташуга, биримдикке умтулган Европа үчүн дагы бир проблема пайда болду, баш ооруткан маселелер дагы арбыды.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG