Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:38

Чавестин тажиясы: жашы тыйылбаган Лукашенко...


Венесуэла -- Беларус президенти Лукашенко кичинекей уулу менен жана Ирандын президенти Ахмединежад Уго Чавез менен коштошууда. 8-март, 2013

Венесуэла -- Беларус президенти Лукашенко кичинекей уулу менен жана Ирандын президенти Ахмединежад Уго Чавез менен коштошууда. 8-март, 2013

Жума ичиндеги дүйнөлүк басма сөзгө сереп (4-10-март)

Өткөн аптанын негизги окуясы - Венесуэланын лидери Уго Чавестин каза болушу жана анын тегерегиндеги ар түркүн ой жоруулар, талаш-тартыштар, аналитикалык макалалар болду окшойт. Венесуэла дүйнөнүн аркы тарабында, алыскы Түштүк Америкада жайгашса да, анын президенти Уго Чавестин өтө эле карама-каршылыктуу саясий фигурасы, илгерки Фидель Кастронун стилиндеги ички жана тышкы саясаты, атактуу революционер Че Геварага окшошкон жүрүш-турушу, жалындуу сөздөрү анын ысмын алыс менен жакынга таанымал кылды.

Евроньюс телеканалы Чавести акыркы сапарга узатуу асиретин түз эфирден баштан-аяк көрсөттү. Тажияга баш-аягы 32 мамлекеттин президенттери менен премьер-министрлери катышты. Мисалы, Беларус президенти Лукашенко Венесуэланын борбору Каракаска кичинекей уулу менен келип көңүл айтып, табыттын жанында ыйлап турганын, ал эми Ирандын президенти Ахмединежад эңкейип табытты өөп, “жан досуман айрылдым” деп билдиргенин миллиондгон адамдар көрдү.

Сыягы маркум Уго Чавес көзү тирүүсүндө эл ичинде кандай кызуу талаш-тартыштарды жаратса, көзү өткөндөн кийин да ошондой эле кайым айтышуулар эч бир токтобойт окшойт. Маселен, Лондондон чыккан The Telegraph Чавес мамлекет башчысы болуп турганда Венесуэланы тең экиге бөлүп, элди саясий жактан абдан жиктештирип таштаганын сөз кылды. Ал эми IHS Global Insight уюмунун аналитиги Диего Мойя-Окампос маркум Чавестин калтырган саясий мурасын, башкача айтканда чавизмди боливариандык революциянын жаңы этаптагы көрүнүшү деп атады.

Дээрлик бардык гезит-журналдар бул өлкө эми жаңы президент шайлаарда дагы бир жолу экчелээрин, социалдык жана саясий карама-каршылыктар дагы тереңдээрин, венесуэлалыктардын улут катары бириктирүү бир топ татаал маселе болуп калганын белгилешүүдө. Деле Уго Чавестин өлүмү Латын Америкасы эле эмес, бүт дүйнө өтө тереңдеп кеткен карама-каршылыктардын сазына абдан эле батып кеткенин дагы бир жолу көрсөттү. Бир эле мисал, Батыштын гезит-журналдары Венесуэланын президентинин өлүмүнүн себептери тууралуу дээрлик эч нерсе жазбаса, ал эми Уго Чавестин 14 жылдык антиамерикалык саясатын колдогондор бир ооздон сырткы күчтөрдү күнөөлөөдө.

ИТАР-ТАССтын билдиргенине караганда, Уго Чавестин негизги оорусу - рак шишиги болсо да, ал ортодо мээсине кан куюлуп, ошодон каза тааптыр. Ал эми “Независимая газетанын” жазганына караганда Чавес нака киши колдуу болгон имиш. Себеби америкалыктар эбак эле рактын вирусун ойлоп таап, ошол вирус менен Бразилиянын мурунку президенти Лулуну, кийинки президенти Дилма Русеффти, Аргентинанын азыркы президенти Кристина Киршнерди, ошондой эле Эквадордун, Боливиянын мамлекет башчыларына рак оорусун жугузушуптур деген болжолду айтат жогорудагы газета. Анткени ушул жетекчилердин баары АКШнын саясатына каршы турган, өз алдынча саясат жүргүзгөнгө аракеттенген ишмерлер экен. Бул тууралуу убагында Фидель Кастро да Чавести атайын эскертип, Палестинанын лидери Ясир Арафаттын кайгылуу тагдырын эсиңен чыгарба деп кеп-кеңешин берген экен, деп жазат “Независимая газета”.

Батыш басма сөзүндө Рим папасын шайлоо темасы да кеңири орун алды. Ошону менен бирге Европада жумушсуздук күчөп, өндүрүш кыскарып атса, Американын экономикасы жандануунун белгисин берип, жумушсуздук февраль айында 236 миң адамга кыскарганы CNN телеканалында бир нече күндөн бери тынбай талкууланууда.

Time журналы да эң акыркы санында АКШда жумушсуздук бир топ кыскарып, экономика жакшы жакты көздөй жандана баштаганын кабарлады. Ушул эле темага ВВС телеканалы да кайрылып, Американын эң мыкты деген компанияларынын баа кагаздарынын наркы ишенимдүү түрдө өсүп жатканын улам-улам көрсөтүүдө.

The Telegraph гезити болсо 236 миң жаңы иш орундарын камсыз кылгандар негизинен курулуш ишканалары, соода тармактары, профессионалдык даярдыкты талап кылган ишканалар болду деп жазды.

Ошол эле The Telegraph Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын ортосундагы чыңалууга токтолду. Тарыхтын мыйзамы менен экиге бөлүнүп калган корейлер кайрадан тагдырларын сынап, кайрадан катуу кагылышканга аз калгандай түрү бар. Пхеньяндан көрсөтүлгөн телепрограммада Түндүк Кореянын лидери “Түштүк Корея менен согуш баары бир болот” деп жарыялап жатканы маалымдалды. Ага жооп кылып Түштүк Кореянын коргоо министринин өкүлү “эгер ким бизге кол салса, аны тыптыйпыл кылып талкалаганга кудуретибиз жетет” деп жооп кайтарганын ВВС телеканалы көрсөттү.

Акырында INTERNATIONAL CRISIS GROUP аттуу уюмдун Кытай жана Борбор Азия мамлекеттери тууралуу анализине да токтоло кетели. Кытай менен Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикистандын жана Өзбекстандын өз ара экономикалык мамилелерине байкоо салган бул уюм Кытайдын негизги максаты - уйгурлар жашаган Синьцзянь менен канатташ жашаган ушул беш мамлекетте стабилдүүлүк болсо, соода-сатык иштери дагы да жанданса деген максат деп эсептейт. Бирок Кытай салып жактан чоң инвестициялар мурункудай эле бийлик чөйрөлөрүнүн чөнтөгүнө кетип жатканы өкүндүрбөй койбойт. Эгер ушул акыбал мындан ары да улана бере турган болсо, анда азыркы режимдер дагы да чыңдалат, анда дестабилизация коркунучу ого бетер өсөт, - дейт аталган уюм.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG