Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:21

The Telegraph: Пессимисттер узак жашайт


Апта ичиндеги дүйнөлүк басма сөзгө сереп (11-17-март).

Батыштын бардык абройлуу деген гезиттери менен журналдары башка маанилүү темалар менен катар ден соолук, саламаттыкты сактоо маселелерин такай чагылдырат. Маселен, Британиянын популярдуу басмаларынын бири The Telegraph акыркы санында оптимисттерге караганда пессимисттер узагыраак жашайт экен деген илимий кабар менен чыкты.

Изилдөөчүлөр 400 миңге жакын адамды 10 жылга жакын байкоого алып, жыйынтыгында өзүн оптимистмин деп санаган адамдар көп учурда тобокелге салып жашап, натыйжада же ооруга, керек болсо бейажал өлүмгө да дуушар болоорун аныкташыптыр. Ал эми өзүн пессимистмин деп санаган адамдар негизинен ар кандай нерселерге этияттык менен мамиле жасап, эч качан тобокелчиликке барбай, өзүн карап, ден соолугун чыңдап, ар кандай кырсыктардын алдын алууга аракет жасайт экен да, ошонун натыйжасында оптимисттерге караганда узагыраак жашайт экен.

Ушул эле ойду талкуулаган канадалык The National Рost мындай дейт: “Албетте көңүлү ачык, жайдары адамдар качан болсо башкаларга да жакшы маанай тартуулайт, бирок пессимисттерге караганда алар келечек турмушка дайым эле ойдогудай даяр жана камылгалуу эмес” дейт.

Экинчи бир канадалык абройлуу гезит The Globe and Mail жакында эле шайланган Рим папасы тууралуу мындай бир кызыктуу кабарды ортого салды. Көрсө Аргентинада туулуп-өскөн азыркы Рим папасы 12 жашында эле өзү теңдүү Амалия Дамонте деген кызды жакшы көрүп калып, анын менен нечен курдай кат жазышып жүрчү экен. Ал гана эмес, экөө келечекте жашай турган үйдүн сүрөтүн да тартып, балалык кыялга көп батчу экен. Бирок бул экөөнүн кат жазышып жүргөнүн билип калган кыздын атасы Амалияны катуу урушуп, ал гана эмес, жаакка да чаап, ошондон кийин эки бала бири-бири менен сүйлөшпөй калыптыр. Ошондон кийин Хорхе Берголио эч качан эч кимге үйлөнбөйм, бу дүйнөдөн так өтөм деп деп шерт кылып, динге катуу берилип, кийин кечил болуп кеткен экен. Бул тууралуу азыр жашы 76 келген Амалия Дамонте айым гезиттерге курган маегинде айтты, деп жазат канадалык гезит The Globe and Mail.

Ошону менен бирге азыркы The Christian Science Monitor гезити 1970-жылдарда Аргентинада болуп өткөн репрессияларда 30 миңге жакын адам жок болуп кеткенин эскертип, ошол татаал убакта азыркы папа - мурунку заманда Буэнос-Айрестин абройлуу дин кызматкери Хорхе Берголио - адилетсиздикти айыптап, эч бир үн катпай койгондугун жазып чыкты.

Лондондон чыккан The Finansial Times гезити мындан 40 жыл мурун Кытай жетекчилиги кабыл алган “Бир үй-бүлөдө бир гана бала болсун” деген саясий чечимдин глобалдык мааниси тууралуу макала жарыялады. Ошол тарыхый чечим болбогондо адамзат азыр бери болгондо 330 миллион адамга көбөйүп, ал эми калкынын саны 1.5 миллиард Кытай ушул тапта эбак 2 миллиард адамга чыгып кетмек экен. Себеби кытайлык аялдар өткөн кырк жыл ичинде 330 миллион жолу аборт жасатууга, боюндагы баланы алдырып салууга мажбур болуптур. Демек ошончо бала жарык дүйнөгө келип, аман-эсен төрөлгөн болсо, деп жазат The Finansial Times азыр жер үстүндөгү ар бир жети кишинин экөө кытай улутунан болмок.

Орусияда самолеттордо учуп баратып арак же башка алкогол ичимдиктерди ичүү абдан кенен жайылып кеткен адатка айланды, деп жазат The Moscow News гезити. Быйылкы жылдын башынан бери эле ошондой жүргүнчүлөрдүн саны 3000ден ашты, дейт гезит. Ал эми алардын кээ бирлери бортто чатак чыгарып, жүргүнчүлөр менен мушташып, кай бирде стюарттар же стюардессалар менен кызыл чеке болуп жакалашканы учуу учурунда кадимкидей коркунуч туудуруп, ушуга байланыштуу бир канча кылмыш иштери козголгону жакшы белгилүү.

Central Asia On-line аттуу сайтта бир кезде Өзбекстандын нечен тынчын алып, бир канча жолу террордук иш-аракеттерди уюштурган “Өзбекстандын ислам кыймылы” аттуу террористтик уюм азыр кайрадан баш көтөрүп, Пакистан менен Ооганстанда күч топтоп, эми кайрадан Өзбекстанга өтсөм деп аракеттенип жатканы айтылат.

Жакында эле Тажикстандын түштүк жана түндүк чек араларындагы кагылышуулар, Фергана өрөөнүндөгү байкалып жаткан бир топ чыңалуу буга күбө дейт аты аталган сайт. Бул кыймылдын максаты - Дагестандагы исламчылар менен байланыш түзүү, Чечен террористтери жана Шинжаң уйгурлары менен бирге аракеттенишүү, дейт Central Asia On-line.

Ушул эле сайтта коңшулаш Тажикистан өз территориясынан газ запастарын издеп, Курама аттуу кырка тоонун түптөрүндө 4 миң 800 метр тереңдикте газ бар экени аныкталып, азыр ошол газ издеген бургу 4 миң 400 метрге жетип калганы маалымдалды. Тажиктерди жер астынан газ издегенге мажбурлаган жагдай - Өзбекстандын өз убагында газ бербей, берсе да ар качандан бир качан өчүрүп салмай адаты болууда дейт жогорудагы сайт.

The Eurasia Daily Monitor “АКШ менен Кытай Борбор Азияда темир жол байланыштарын жакшыртууга кызыкдар” деген макала менен чыкты. Азия континентинин тереңинде жайгашкан Борбор Азиянын бир катар мамлекеттери үчүн эл аралык транспорт түйүндөрүнө чыгуу, айрыкча темир жол байланыштарын кеңейтүү - стратегиялык мааниси бар зор маселе экени башынан белгилүү. Темир жол аркылуу Ооганстанга чыгып, андан ары Пакистан менен байланышып, деңиз портторуна жетүү - экономиканы ыкчам өнүктүрүүнүн негизги шарттарынын бири. Ошону менен бирге темир жол байланыштары эл аралык коммуникация түйүндөрүнө чыкканда Борбор Азия мамлекеттери Орусияга да азыраак көз каранды болот эле, деп белгилейт The Eurasia Daily Monitor.
XS
SM
MD
LG