Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:03

Дүйнө кайда баратат?


Кипрдеги нааразылык акциясынан бир көрүнүш, 26-март, 2013-жыл

Кипрдеги нааразылык акциясынан бир көрүнүш, 26-март, 2013-жыл

Дүйнө басма сөзүндө кийинки убакта пессимисттик маанайдагы болжолдор, анализдер өтө эле көп кездешчү болду. Мисалы, The Economist журналы акыркы санында азыркы Европанын эң негизги проблемаларын санап келип, төмөндөгүдөй түйүндүү маселелерге көңүл бурат: биринчиден, ыксыз көбөйүп кеткен жана иш-аракеттери мамлекеттик көзөмөлдөн чыгып кеткен банктар көп түйшүктү жаратууда.

Экинчиден, нечен жылдар бою чогулуп калган мамлекеттик карыздар колду-бутту байлап, реалдуу сектордун, өндүрүштүн өсүшүнө тоскоол болууда. Үчүнчүдөн, Европаны дале болсо тышкы миграциянын толкуну каптоодо.

Бирок баарынан да кооптуусу - Еврозонанын, башкача айтканда еврону акча катары пайдаланган мамлекеттердин финансылык маселелерди чечүүдөгү биримдигинин жоктугу болууда, дейт The Economist журналы.

Азыркы учурда Түндүк Европа менен Түштүк Европа өз ара тил табыша албай, бири-бири күнөөлөмөй адатка айланууда, деп жазат немис журналы Der Spiegel. Чынында да Европанын көп мамлекеттеринде бир нерсе болсо эле Германияны, Европанын эң эле стабилдүү экономикасын, анын азыркы жетекчилигин күнөөлөмөй көп болуп жатканы чындык. Ага мисал - абдан кыйын акыбалга жеткен жана Европа шериктештигинин эң кичинекей мүчөсү эсептелген Кипр. Бул мамлекетте көчө демонстрациясына чыккандар Европа шериктештигинин желегин өрттөп, Германиянын дарегине ачуу да, катуу да сөздөрдү айтышууда.

“Ырас, - деп жазат Der Spiegel, - Кипрди банкрот болуудан сактап калышты, Европа шериктештиги менен Дүйнөлүк валюта кору (IMF) 13 миллиард доллар карыз бере турган болду, бирок Түштүк Европа менен Түндүк Европанын ортосунда бара-бара өз ара саясий араздашуу тереңдесе, бул араздашуу акча кризисинен да коркунучтуу кризиске айланышы толук мүмкүн”.

Парижде чыккан La Monde журналы карызга белчесинен баткан Греция ага тиешелүү 2000ге жакын майда жана чоң аралдарды четинен сатууга бел байлаганын жазып чыкты. Бирок азыркы тапта арал сатып алам деген алармандар дүйнөдө анча деле көп эмес экен. Бир кезде онго жакын гана арал сатыкка коюлса, азыр анын саны 20га чукулдады, дейт Крис Кролоу аттуу бизнесмен La Monde журналында.

Ал эми Ставрос Селлас аттуу бизнесмен аянты 17 миң квадрат метр, суусу да таза, кереметтей пляждары бар, балыгы да мол бир аралды бир кезде 1.7 миллион еврого сатпай койсо, азыр 1 миллион еврого да сата албай отурганын айтат.

Эми The Economist журналы санап чыккан эл аралык эң негизги окуяларды санап өтөлү. Биринчиден, Кипр финансылык банкрот болуу коркунучунан азырынча кутулду. Экинчиден, Сириянын Башар ал-Асад жетектеген өкмөтү аз-аздап эл аралык уюмдардан четтетилип, анын ордун оппозициянын өкүлдөрү ээлей баштады. Мисалы, Катарда өткөн Араб лигасы деп аталган эл аралык уюмдун саммитинде Сириянын өкүлү катары Муаз ал-Хатиб баштаган оппозиция жетекчилери катышты, ошол эле катарда Сириянын жаңы бийлиги дайындаган элчи ишин баштады.

Өткөн апта Түркия үчүн абдан жемиштүү апта болду. Анткени Барак Обаманын кийлигишүүсүнөн кийин Израил жетекчилиги премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган менен кадимки эле уюлдук телефон аркылуу байланышып, 2010-жылдагы кагылышуу үчүн кечирим сурады жана ал кагылышууда Израил аскерлери атып салган 9 түрк жараны үчүн компенсация төлөп берээрин убада кылды, деп жазат The Economist журналы.

Эл аралык изоляцияда калып, өзү менен өзү болуп калган Түндүк Корея да эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурууга чоң аракетин жасоодо. Өткөн аптада бул мамлекет Бириккен улуттар уюму кириптер кылган экономикалык санкциялар үчүн Американы күнөөлөп, массалык маалымат каражаттарында аябагандай ызы-чууну салды. Бул мамлекеттин жетекчиси, кадимки Ким Ир Сендин небереси Ким Чон Ын "Американын аскерий базаларына, Гуам аралы менен Гавайя аралдарына ракета менен кол салам, керек болсо континенталдык Американын батыш тарабын да кароолго алам" деген билдирүүнү үстөккө-босток таратууда. Бирок бул билдирүүнү Америка деле, Түштүк Корея деле өтө чоң этибарга алган жок, себеби эл аралык изоляцияда калган жана санкциялардын айынан азык-оокат жагы абдан тартыш болуп, катуу кыйынчылыкка учураган Түндүк Корея ар кандай провокацияларды жасап, шантаж жолу менен болсо да бир аз жеңилдик алууну эңсөөдө, деп жазат америкалык Time журналы.

“Независимая газета” эксперт Александр Князевдин макаласына орун берди. Макалада Кыргызстан жана анын азыркы лидери Алмазбек Атамбаев АКШнын “Манас” аэропортундагы авиабазасын кетирбесе жана көп векторлуу деп аталган тышкы саясатын токтотпосо, жакынкы келечекте кыйын кырдаалга туш болоорун жана элдин социалдык колдоосунан ажырап калган, саясий элита менен тил табыша албаган кыргыз президентинин абалы абдан оор болоорун жазат.
XS
SM
MD
LG