Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:02

Дүйнөнү дүрбөткөн Түндүк Корея


Түндүк Корея аскерлери. Пхеньян, 15-апрель, 2013.
Түндүк Корея аскерлери. Пхеньян, 15-апрель, 2013.

Апта ичиндеги дүйнөлүк басма сөзгө сереп (8-14-апрель)


Маргарет Тетчердин тажиясы: күйүнгөндөр жана сүйүнгөндөр

Ошентип “жаасы катуу леди” Маргарет Тетчер а дүйнө салды… Улуу Британиянын жаңы тарыхына жол чаап, “жаңы курс” деп аталган саясатты түптөгөн, “кансыз согушту” жеңиш менен аяктап, Уинстон Черчиллден кийинки Англиянын эң көрүнүктүү лидери аталган бул ишмер тууралуу пикирин жазбаган бир да гезит же журнал калган жок окшойт. Бирок The New York Times гезити жазгандай, баронессанын 87 жашында каза тапканына күйүнгөндөр да, сүйүнгөндөр да арбын болуп чыкты. Мынакей, ошолордун айрымдары гана.

Нью-Йорк шаарынан бирөө Тетчердин каза болгону тууралуу минтип жазат: “Ыракмат сага, Мэгги, эң кыйын заманда оор ишке бел байладың, СССРди кулатып, Чыгыш Европаны азаттыкка чыгарып кеттиң”.

Дагы бир Эни Уолхейфер аттуу блоггер Тетчердин ишмердигин мындайча баалайт: “Анын саясий мурасын биз, албетте, туура баалашыбыз керек, бирок “жаасы катуу айымдын” дүйнөлүк жумушчу кыймылына жасаган чабуулун жана ошол чабуулдун кесепеттери кандай оор болгондугун эч качан унутпашыбыз керек”.

Либералдык көз караштары менен жакшы белгилүү The Guardian редакциялык макаласында төмөндөгүдөй пикирди билдирет: “Албетте, Тетчердин мүрзөсүнө чыгып алып бий бийлейбиз дегендерге катуу тыюу салуу керек, бирок анын премьер-министр убагындагы саясаты элди ич ара бөлүп кетти, ач көздөр менен өзүмчүлдөрдүн күнү тууп, адамгерчиликтен кеткендердин саны көбөйдү.”

Ал эми ошол эле Британияда чыккан The Daily Telegraph каза болгон баронессага өтө зор баа берсе, The Daily Mail болсо Маргарет Тетчерди “XX жана XXI кылымда тынч заманда кызмат эткен башка премьерлерге салыштырганда чыныгы гигант, ал эми калган премьерлер Тетчердин жанында эбелектей болгон бир пигмейлер” деп кесе айтып таштады. Учурдагы Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон Тетчерди “Англияны сактап калган саясатчы” деп баа берсе, ал эми 17 апрелде боло турган узатуу ариетине королева Елизавета да катыша турганы маалым болду. Англис гезиттери мындан мурун королева Уинстон Черчилдин гана узатуу тажиясына катышканын да унуткан жок.


Опуртал опуза

Дүйнөлүк пресса Түндүк Кореянын бүт дүйнөнү дүрбөтүп, Америка, Түштүк Корея жана Жапонияга каршы ядролук согуш ачам деген опурталдуу опузасын дале болсо талкуулоодо. Ага жооп кылып, “болот айым” атка конгон Түштүк Кореянын азыркы президенти Пак Геун Хи да кайратын катуу жыйноодо. “Өзү келип тийишке жоону ташын талкан кылууга даярбыз” деген сөзүн The New York Times гезити кабарлады. Кечээ болсо The World Street Jornal АКШ менен Кытай чогуу аракет кылып, Корей жарым аралындагы согуш коркунучун азайтууга чогуу белсенип аракет кылаарын кабарлады. Ал эми Stratfor аттуу аналитикалык сайт “Түндүк Кореянын ар качандан бир качан согуш ачам деген шантажы - анын күчү эмес, алсыздыгы, ошентип эптеп-септеп элин баккан мамлекет экендиги” деп баа берди.

The World Street Jornal ошол эле Ырааккы Чыгыштагы олуттуу проблемаларды анализдеп келип, Америка менен Жапониянын ортосунда да бир топ маселелер чыгып жатканына токтолду. Атап айтканда, азыркы жапон өкмөтү иендин курсун өтө эле төмөндөтүп, ошентип жапон товарларын экспорт кылганга шарт түзүп жатканын Америка абдан терс кабыл алып, Синдзо Абенин өкмөтүнө мындай протекциячыл экономикалык саясатты токтотууну талап кылып жатканын белгилеп кетти.


Борбор Азия: Бажы биримдигин ээрчиген кымбатчылык

The Eurasia Daily Monitor басылмасы биздин Борбор Азия регионуна түздөн-түз тиешелүү эки маанилүү макала менен чыкты. Биринчиси, Бажы шериктештигине киргенден кийинки Казакстандагы экономикалык кырдаал тууралуу жана экинчиси - Кыргызстан бажы шериктештигине кирсе, кандай проблемалар пайда болоору жөнүндөгү ой-пикирлер.

Бул басылманын жазганына караганда, Бажы шериктештигине киргенден кийин Казакстанда экономикалык кырдаал бир канча оорлоп, бир катар азык-оокаттардын баасы өсүп, айрыкча машиналардын баасы кескин кымбаттап кетиптир. Газдын баасы ушу тапта Казакстанда 29 пайызга, ал эми дизелдин баасы 34,3 пайызга кымбаттаганы белгилүү болду.

Ошол эле The Eurasia Daily Monitor басылмасы Казак ишкерлер бирикмесинин жетекчиси Марал Толмиевдин пикирине таянып, эгер Кыргызстан да Бажы шериктештигине кирсе, Кыргызстанда баалар өсүп, Кытайдан келген арзан баалуу товарлар алда канча кымбаттай турганын, натыйжада нааразылык күчөп, кедей-кембагалдардын саны дагы көбөйө тургандыгын айтат. Ал эми Кытай менен Кыргызстандын өз ара соодасы 2012-жылдын биринчи эле жарымында өтө чоң көлөмгө - 2,4 миллиард долларга жетиптир, ал эми эсепке кирбеген, жашыруун алып өтүлгөн товарларды эсепке алганда бул цифра андан да жогору болот, деп жазат The Eurasia Daily Monitor.

Акырында Expert аттуу интернет сайтындагы бир маалымат тууралуу да эки ооз сөз. Бул сайт кийинки убакта Өзбекстандын президенти Ислам Каримов катуу ооруга чалдыгыптыр деген каңшаарды талкуулап, кокус ал кызматынан кетүүгө чын эле аргасыз болсо, анын ордун ким басат деген маселеге токтолду. Орус эксперти Сергей Долговдун пикири боюнча, Каримовдун ордун анын кыздарынын бири басат деген сөз баягы көп ушактын гана бири. Келечектеги мамлекет башчысы азыркы өзбек күч структураларын жетектеген эки министрдин жана каржы министринин пикири кандай болсо - маселе так ошондой чечилет,-дейт Expert интернет-сайты.
XS
SM
MD
LG