Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:05

Дүрбөлөң түшкөн дүнүйө


АКШ -- Полиция Бостондогу жардырууга шектелгендерди кармоо операциясы учурунда, 19-апрель, 2013.

АКШ -- Полиция Бостондогу жардырууга шектелгендерди кармоо операциясы учурунда, 19-апрель, 2013.

Жума ичиндеги эл аралык басма сөзгө сереп (15-21-апрель).

Өткөн аптада эл аралык коомчулукту дүрбөткөн бир катар окуялар болуп кетти. Адегенде АКШнын президенти Барак Обаманын наамына жөнөтүлгөн конвертте рицин деп аталган уу зат бар экендиги аныкталып, Вашингтондогу Ак үй бир сыйра тополоңго түштү. Андан соң ошондой эле кат Германиянын мамлекет башчысы Иоахим Гауктун наамына келип, ал кат салынган конвертте да уу зат бар экендиги билинди. Ошол эле окуяларга тушташ атактуу Гарвард университети жана Массачусетс технологиялык институту жайгашкан Бостон шаарында жыл сайын өткөрүлгөн чуркоо учурунда бомба жарылып, үч адам өлүп, жүздөн ашуун адам жаракат алды. Ал эми Техас штатындагы жер семирткич чыгарган комбинат жарылганда америкалыктардын эсине баягы үч миңге жакын адамдын өмүрүн алган 2001-жылкы Нью-Йорктогу жарылуу эске түшүп, миллиондогон адамдар түн уйкусунан ажырады десек болот.

CNBC телеканалында сүйлөгөн бир адам Техастагы жарылуу ушунчалык күчтүү болуп, алгачкы мүнөттөрдө кудум ядролук курал жарылгандай козу карын шекилдүү жалын асманга көтөрүлдү деп айтканда, Американын коопсуздук кызматы чындап тополоңго түштү.

Бостон шаарынан чыккан The Boston Globe гезити бир катар кызыктуу маалыматтарды алгачкылардан болуп таратты десек болот. Биринчиден, бул гезит Массачусетс эле эмес, бүт Американы дүрбөткөн Жохар жана Тамерлан Царнаев аттуу террористтердин улуту чечен, туулган жери Кыргызстан, анын ичинде Токмок экендигин жазып чыкты. Экинчиден, Американын эле эмес, бүт дүйнөнүн гезит-журналдарынын бетинде Чечня, Кыргызстан деген сөздөр жайнап кетти.

Лондондон чыккан The Guardian бир тууган Царнаевдер бир кезде Сталин зордук менен жер которткон келгин чечендерден экенин, алардын жамааты азыр да Токмок шаарында бирин-серин бар экенин жазды. Бирок Царнаевдер 2001-жылы Борис Ельцин заманындагы чечен согушунда Батышка баш калка сурап көчүп кеткен чечендер менен кошо булар да Кыргызстандан чыгып кеткенин, ошентип Америкага келгенин кабарлады. “Бул бир туугандар эч качан Чечняда жашабаса да, жыйырма жылдай согуш абалында жашаган чечендер менен, анын турмушу, маданияты менен тыгыз байланышта болгон экен”, деп жазат The Guardian.

The USA News гезити болсо “эмне үчүн канча замандан бери Москвага, орус бийликтерине каршы күрөшүп келаткан чечендер азыр эми Америкага каршы террордук иштерди баштады?” деген суроону коюп, бирок ага эч бир жооп таба алган жок. Гезиттин ою боюнча, Жохар жана Тамерлан Царнаевдер - нака “жалгыздап жорткон жаш карышкырлар”.

Ал эми жогоруда аталган The Boston Globe гезитинин пикирине караганда, бул эки чечен Америкада же мектептен, же мектептен тышкары жерлерден жолдош-жоро күтө албаптыр, жергиликтүү элге аралаша албай, бири “клоун” атка конуп, экинчиси эки сөзүнүн биринде америкалыктарды жамандаган мигранттар экен. Ар дайым элден обочолонуп жашап, өзүнчө эле көрүнгөнгө ызырынып жүрмөй көнүмүшү үчүн айрым классташтары аны “террорист” деп да атачу экен.

Айтор, жамандын кесепети дегендей, жок жерден Царнаевдер менен катар Кыргызстандын да аты дүйнө басылмаларында көп жолу аталды. The Boston Globe биздин өлкөнү “Борбор Азиядагы эң эле кедей, эң эле тынчы жок мамлекет” десе, Кевин Гуллен аттуу журналист Тамерлан Царнаевдин күрөш спорту жагынан абдан мыкты көрсөткүчтөрү бар экенин айтып келип, “Кыргызстан күрөш жагынан дүйнөдөгү мыкты спортчуларды чыгарган мамлекет” деп атап салганын да айта кетели. Сыягы, бул журналист Тамерлан өсүп-чоңойгон “Дагестан” (бул элден чыны эле бир катар атактуу спорт күрөшчүлөрү өсүп чыккан) менен “Кыргызстанды” чаташтырып алды көрүнөт.

Кыскасы, азыркы замандагы дүйнө - чынында эле өтмө катары аралашып, аябагандай тыгыз маалымат чөйрөсүндө жашап калгандыгын Америкадагы окуялар дагы бир жолу далилдеп койду. Элестетип көрүңүздөр: CNN, BBC, CNBC сыяктуу глобалдык маанидеги телеканалдар кантип полиция Бостон шаарын сөздүн тике маанисинде курчоого алып, көчөлөрдү чычкандын мурду өткүс кылып тосуп, кантип чөптүн ичинен ийне издегендей издеп отуруп, акыры террорчу делгендердин бирин атып өлтүрүп, экинчисин колго түшүргөнүн түз эфирден көрсөтүп жатты. Ошол түз эфирде Американын эң эле мыкты, эң эле тажрыйбалуу деген журналисттери толгон-токой маалыматтарды таап чыгып, бул эки жигиттин кошуналарын, классташтарын, ал гана эмес Мериленд штатында жашаган Царнаевдердин туугандарынын сөзүн да бир нече жолу көрсөттү.

Ал эми The Guardian болсо Чечен Республикасынын жетекчиси Рамзан Кадыров менен байланышка чыгып, анын Царнаевдер тууралуу оюн да жарыялады. Рамзан Кадыровдун бул улуту чечен эки адамдын эмне үчүн террорист болуп калган себебин Чечен Республикасынан эмес, ал экөө өсүп-чоңойгон Американын өзүнөн издегиле дегенин да эскерте кетели.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG