Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:33

Апта ичиндеги эл аралык басма сөзгө сереп (22-28-апрель)

Кытайда англис тилинде чыккан Beijing Morning Post гезити бул мамлекеттин башын ооруткан бир жаңы маселени талкуулады. Элинин саны 1,5 миллиардга жакындап бараткан кошуна Кытайда окшош ысым менен жашаган адамдар ушунчалык көп болгондуктан эл каттоо иши, тергөө жүргүзүү, кылмышкерлерди издөө же болбосо керектүү кишини тез аранын ичинде табуу өтө кыйын иш болуп баратыптыр. Маселен, жалаң эле Ли деген аты бар кытай улутундагы адамдардын саны 270 миллион экен, же болбосо калктын 21 пайызын түзөт, деп жазат гезит. Ушул эле сыяктуу көрүнүш Ванг, Жанг деген ысымдарга да тиешелүү болуп чыкты.

Beijing Morning Post гезитинин жазганына караганда, бул маселени кандай болсо да чечүү абдан эле зарыл маселе, анткени Кытайдын 87 пайыз калкы, б.а. 1 миллиардга жакын эл 100гө жакын гана ысым менен жүрөт, андыктан статистика жүргүзүү маселеси бир катар оор кыйынчылыктарга дуушар болуп жатыптыр.

Ушул эле проблема Америкада да актуалдуу болуп чыкты. The Foreign Рolicy журналынын пикирине караганда, бир эле Ливиянын мурунку лидери Муаммар аль-Каддафининин 112ге жакын англисче жазылышы бар экен. Маселен, америкалык гезиттер аны ар дайым “Кадгафи” деп жазчу жана айтчу. Ал эми кечээ эле жакында Бостон шаарында бомба жардырып, бүт дүйнөгө чечен улутун жаманатты кылган Царнаевдердин аты-жөнү да англис тилинде ар кандайынан жазылып жүргөндүктөн булардын кайда жана кимдер менен жүргөнүн, Орусияга качан келип кеткенин, кимдер менен жолугуп, терроризм боюнча кимден таалим алганын тактоо же алдын алуу бир топ кыйынчылыкка туруптур. Себеби интернет бир эле тамгасы туура эмес болсо, эч качан таба албайт эмеспи.

Башкача айтканда, биздин Кыргызстанды деле дүйнөдө англисче жазылышы боюнча бирде “Кыржыстан”, бирде “Киржистан”, кээде “Курдистан” да деп чаташтырып жүрүшкөндөй кеп экен.

The New York Times гезити орус президенти Владимир Путиндин дээрлик 5 саатка созулган түз эфирдеги эл менен баарлашуусун комментарийлеп келип, Орусиянын экономикасы бара-бара рецессия, б.а. төмөндөө акыбалына жакындап келатканын белгиледи. Буга себеп - дүйнөдө кара майдын баасы улам ылдыйлап, экспорт төмөндөгөндөн болууда, дейт басылма. Ошону менен бирге Орусиянын ички саясаты, биринчи кезекте Кремлдин бийлик конфигурациясы да бир топ өзгөрүүлөргө дуушар боло тургандай.

Маселен, The New York Times азыркы премьер-министр Дмитрий Медведевдин саясаттагы күнү дээрлик бүтүп баратканын, анткени Путин менен мамилеси улам убакыт өткөн сайын ирип, келечектеги президентикке мураскор түгүл, азыркы ордунда калышы да абдан күмөн болуп баратканын жазып чыкты.

Ал эми Москвадагы Саясий технологиялар борборунун деректири Игорь Буниндин пикири боюнча, Медведевдин саясий рейтинги учурда өтө төмөн баскычка түштү, Кремлдин эмки максаты - аны саясий фигура катары таптакыр колго алгыс кылып таштоо жана ошентип андан биротоло кутулуу. Ошондуктан кийинки мезгилде мурунку каржы министри Кудриндин аты улам көбүрөөк аталып, ал болсо маанилүү телеканалдардан чыгып алып, азыркы өкмөттү ачык эле сынга ала баштаганынан көрүнүп турат.

The Foreign Рolicy журналы акыркы санында “Чет өлкөлүк студенттер Америкага келип билим алгандан корко баштадыбы?” деген макала менен чыкты. Макалада эң мыкты деген Гарвард университети жана Массачусетс технологиялык институту жайгашкан Бостон шаарына агылып келип жатчу чет өлкөлүк жаштар эми алда канча азайышы мүмкүн деген болжол айтылды. "Маселен, Америкага келип окуган кытайлык жана жапониялык студенттердин саны азыр бир топ эле азайганы билинди",-дейт The Foreign Рolicy.

Бул маселеге жакында эле Жапонияга расмий сапар менен келип кеткен АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри да көңүл бурууга аргасыз болуп, “жапониялык ата-энелер балдарын Америкадан окутуудан чочулап калышканын, анткени Америка мурункудай коопсуз жана тартипти катуу сактаган өлкө болбой баратат деп ойлошоорун” моюнга алды.

Лондондон чыккан The Guardian гезити биздин кошуна Тажикстандагы шайлоо өнөктүгү тууралуу жазып келип, президенттикке талапкерлигин койгону жаткан оппозиция лидери Мухаммадал Хаит Душанбенин чет жакасында ур-токмокко алынып, катуу жаракаттар менен ооруканага түшкөнүн кабарлады. "Жалпысынан президенттикке шайлоо Тажикистанда мурунку эле калыбындай, б.а. Эмомали Рахмон менен чындап тең тайлаша турган атаандаштарсыз өтө турганы эмитен эле дайын болуп калды",-дейт The Guardian.

Ошол эле гезитте Тарас Кузио аттуу аналитиктин азыркы орус-украин мамилелери тууралуу макаласы жарыяланды. Макалада СССР таркагандан кийин Украинанын курамында калган, бирок орустар нечен кан төгүп, катуу кармаш менен сактап калган ата конушубуз деп эсептеген Крым жарым аралы жана Севастополь порту бул эки мамлекеттин өз ара мамилесин ичинен иритип, бара-бара Европанын жаңы баш оорусуна, керек болсо дүйнө геосаясатын солкулдата турган чоң проблемага айланат деп болжол кылат The Guardian акыркы санында.
XS
SM
MD
LG