Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:06

Түркияда мурут көчүрүү модага айланды


Апта ичиндеги дүйнөлүк басма сөзгө сереп (6-12-май).

The Sunday Times гезитинин акыркы саны “Британияда эски гвардия кетүүгө камындыбы?” - деген баш макала менен чыкты. Буга себеп жакында өткөн Британиянын лорддор палатасынын жыйынында мамлекет башчысы королева Елизавета тарыхта биринчи жолу уулу принц Чарльзды келинчеги Камилла менен оң капталына отургузганы болду. Дүйнө басма сөзүндө бул окуя көп нерседен кабар берген чоң жаңылык катары кабыл алынганын айтып кереги жоктур. Чынында да ханыша быйылкы жылы биринчи жолу кантсе да карылыкка моюн сунуп, парламентте сөз сүйлөгөндө бир нече жолу ката кетирип, мурункудай так жана таамай сүйлөй албай койду.

Анын үстүнө ар нерсенин убак-сааты бар экенин билгизген мисалдар кийинки убакта бир топ болуп кетти го. Маселен, Рим папасы Бенедикт өз ыктыяры менен ордун жашыраак адамга бошотуп берди; Голландияда ханыша Беатрикс анча деле алдан-күчтөн тая элек болсо да, ордун уулуна бошотту; Испанияда болсо кадимкидей кайраты кеткен король Хуан Карлостун кадыр-баркы кыйла төмөндөп, гезиттер анын ордун бардык жагынан ылайык келген уулу ээлесе болмок деген ойду ачык эле жазып жатат.

Деле бийлик деген нерсеге жетмек да тозок, андан кетмек да тозок деген сөз туура сөз белем: мындан эки жыл башта башталган араб дүйнөсүндөгү козголуштардан кийин ондогон жылдар бою бийлик башынан кетпеген диктаторлор, мамлекеттик кызматты менчиктеп алгансыган президенттер, шейхтер ар кандай жолдор менен ордун бошото баштады. Маселен, The New York Times гезити жакында Иранда өтө турган президенттик шайлоодо бир топ маанилүү жаңылыктар боло турганын сөз кылды. Батыш эч бир көргүсү келбеген президент Ахмадинежад акыры кете турган болуп калды окшойт. Бирок президенттикке талапкерлер каттала баштаган мөөнөттүн эң акыркы сааттарында мурунку президент Хашеми Рафсанджани талапкер катары күтүлбөгөн жерден катталып, аны менен катар дагы бир талапкер Эсфандияр Машайи документтерин тапшырганын кабарланды.

Ырас Машайи азыркы президент Ахмадинежаддын кудасы. Бирок Хашеми Рафсанджани Ирандагы абдан абройлуу саясатчылардын бири, анын үстүнө учурунда Ахмадинежаддын атаандашы жана жеке душманы Мир Хусейин Мусавини колдогон адам. Ошондуктан Ирандагы июнь айында өтө турган президенттик шайлоо бир топ эле курч жана татаал боло турганы эмитен эле дайын болуп калды деген пикирди билдирет The New York Times.

Бирок бийлигин ар кандай жолдор менен бербей тырышып отурган президенттер учурда Борбор Азия регионунда да бир канча экени жакшы белгилүү. Ушуга байланыштуу Regnum маалымат агенттиги коңшулаш Казакстанда президент Нурсултан Назарбаевдин ден соолугу жакшы эмес экендиги тууралуу каңшаарлар кайрадан күчөп кеткенин жазып чыкты. Бул жаңылык нечендердин уктаса түшүнөн чочутуп жаткан кези, дейт агенттик. Айрыкча казак экономикасына ири инвестицияларды алып келген, чоң-чоң корпорацияларда акционер катары отурган бизнесмендердин тынчы кетип, бир топтору акырындап өлкөдөн чыгып кетип жатканы белгилүү болду, дейт Regnum.

Өткөн апта дүйнөнүн ар кайсы жерлериндеги жардыруулардын, ири сандагы адам курмандыктарынын аптасы болуп калды. Бангладеште кулап түшкөн фабриканын имаратынын астында миңден ашуун адам каза тапты; кечээ жакында Түркияда бомба жарылып, 40тан ашуун адам мерт болгону кабарланууда. Ошондой эле жардыруулар Иракта, Ооганстанда, Пакистанда болуп, ондогон адамдар каза тапты. The Sunday Times гезити эң акыркы санында жазгандай, кечээ эле Африканын эң ири мамлекеттеринин бири болуп саналган Нигерияда 46 полиция кызматкери бир кылмышкерди кармоо учурунда дагы да ошол жардыруудан улам каза болуптур.

Эми илим жана маданият тармагындагы айрым жаңылыктарга да токтоло кетели. The Wall Street Journal басылмасы экономикасы мыкты өнүгүп бараткан Түркияда жаңы мода пайда болгонун, атап айтканда бул мамлекетте адамдын ички органдарын эмес, кадимки эле мурутту трансплантациялоо иштери абдан гүлдөп бараткан бизнеске айлана баштаганын жазып чыкты. Бул иш азыр айрыкча Стамбулда жакшы өнүгүп, бүтүндөй Жакынкы Чыгыштан, айрым араб мамлекеттеринен келген талапкерлер, кудум түрк султандарыныкындай муруттуу болгусу келген клиенттер жайнап кеткенин кабарлады The Wall Street Journal.

Акырында музыка тармагындагы бир жаңылык тууралуу да эки ооз. Германияда чыккан атактуу Der Spiegel журналы бул мамлекетте дале болсо антисемитизм көнүмүшү абдан күчтүү экенин, ага маселен, Рихард Вагнер сыяктуу улуу композиторлордун чыгармачылыгы да түрткү болуп жатканын жазып чыкты. Маселен, ошол эле Вагнердин Дюссельдорф шаарында коюлган “Тангейзер” аттуу операсы айрым бир ачык эле антисемиттик маанайдагы эпизоддору үчүн жергиликтүү еврей коомчулугунун катуу сынына кабылып, сахнадан четтетилүүгө мажбур болгону маалымдады.

Башынан эле антисемиттик көз караштары менен белгилүү жана учурунда Адольф Гитлер баштаган нацисттердин сүймөнчүгү болуп эсептелген композитор Рихард Вагнердин операсынын Дюссельдорфтогу премьерасында жөөттөрдү өрттөгөн газ камералары, кыргынга учураган жөөттөр сахнада көрсөтүлгөндө, залдагылар, айрыкча еврей улутундагы көрүүчүлөр шок акыбалына туш болуп, айрымдарына медициналык жардам көрсөтүүгө туура келди, деп жазат немис журналы Der Spiegel.
XS
SM
MD
LG