Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:21

Борбор Азияда Америка таасири солгундоодо


"Манастагы" АКШ транзиттик борбору, 18-октябрь, 2013.
"Манастагы" АКШ транзиттик борбору, 18-октябрь, 2013.

Апта ичиндеги дүйнөлүк басма сөзгө сереп (4 - 10-ноябрь)

Узаган аптада дүйнөдөгү белдүү басылмалар Кыргызстандагы окуяларга көбүрөөк көнүл бурушту. Маселен, New York Times гезитинде Американын Кыргызстандагы Транзиттик базасынын кетип атканын Борбор Азиядагы таасирин жоготууга салыштырган Жошуа Куцеранын көлөмдүү макаласы жарык көрдү.

Аталган макаланын автору менен байланышка чыгып, өз оозунан мындай түшүндүрмө уктук:

- Жеке эле "Манас" транзиттик борбору эмес, жалпысынан эле Орусия АКШнын Борбор Азиядагы таасирин солгундатууга аракет кылып келген. Эми Америка чындап эле өз таасирин жоготууда. Советтер Союзу кулаганына жайырма жыл болсо да менимче, кыргыздар Америкага караганда Орусияга көбүрөөк ишеним артат. АКШны белдүү өнөктөш катары көрбөйт.

Журналист Жошуа Куцера бул макаласында Акаев менен Бакиевдин учурунда АКШ аскердик күчтөрү экөөнүн үй-бүлөсүнүн пайдасына иштеген компаниялар менен гана келишим түзгөнүн, ал эми Отунбаева 2010-жылы бийликке келип, мындай келишимдерде АКШ менен Кыргыз өкмөтү акчаны кайда, кимге жумшарын ачык-айкын ишке ашыруу системасын киргизгенине токтолгон. "Азыркы президент Алмазбек Атамбаевдин шайлоодогу жеңиштик ураандарынын башында да базаны чыгаруу турган. Мурдагы үй-бүлөлүк башкаруу учурундагыдай эмес, азыркы бийлик базаны каалабаганы айдан ачык. Эми Борбор Азияда экономикалык жактан Кытайдын да таасири артып барат" деп жазган Куцера.

Ал эми Newsweek журналынын жаңы санында Кыргызстандагы кыз ала качууга байланышкан макала чыгып, эң көп окулгандардын тизмесинде али да биринчи болуп турат. Анда бир нече кыздын жеке мисалы сүрөттөрү менен чагылдырылып, Кыргызстандагы кыздарды зордоп никеге тургузуу маселеси дагы бир ирээт көтөрүлгөн.

15 жаштан 54 жашка чейинки орустардын жарымы аракечтиктен өлөт. Орусиядагы ичимдик көйгөйүн The Boston Globe журналынын кабарчысы иликтеген. Өлкө жетекчилиги мезгил-мезгили менен алкоголизмге каршы күрөш жүргүзсө да натыйжасыз болууда. Орустарда америкалыктардагыдай “Жашыруун аракечтердин” топтору аз. 1987-жылы бүтүндөй Орусияда 400 ушундай топ болсо, ал эми бир эле Бостон шаарында 1600 топ иш алып барчу. Орустардын генетикасында аракечтик бар. Мындай жагдай экономикалык жана саясий жактан да бийликке пайдалуу, анткени арак чыгаруу монополиясы мамлекетке таандык болуп, мас элди башкаруу алда канча оңой эмеспи, деп жазат The Boston Globe.

Британиянын Ооганстанда кызмат өтөгөн аскери туткун талибди атып өлтүргөнү үчүн өмүр бою абакта отуруу жазасын алды. Окуя аскерлер башына кийип жүргөн шлемдин камерасына тартылып алынган. Ооганстан менен Ирактагы согуштук аракеттер башталгандан бери бир да Британ аскери сот жообуна тартыла элек болчу деп жазат The Telegraph.

Сауд Арабиясында кант диабетинен жабыркаган атасын салып, ооруканага машине айдап бара жаткан кувейттик аял камакка алынды. Бир апта мурда эле аталган өлкөдө аялдарга унаа айдоого тыюу салган мыйзамга каршы акциялар болгон эле. Кармалган аялга кылмыш иши козголгонун Kuwait Times гезити жазды.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG