Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:49

Казакстан: Мас айдоочу миллион теңгеге жыгылат


Казакстан -- Жол полициячысы бир автоунааны токтотуп турат. Астана.
Казакстан -- Жол полициячысы бир автоунааны токтотуп турат. Астана.

Апта ичиндеги дүйнөлүк басма сөзгө сереп (11-17-ноябрь)

Казакстанда мас абалында унаа айдаган айдоочуга айып пул 1 миллион теңге же 6 жарым миң АКШ долларына чейин көтөрүлөт. Бул кабар Times of Central Asia басылмасында жарык көрдү. Жаңы Жаза кодексине ылайык, мас айдоочу кылмышкер деп табылып, ага 500 айлык өлчөмүндө айып пул салынат, ар бир айдын жазасы 1 731 теңгеге барабар. “Муну төлөй албагандар 300 сааттык түзөтүү ишине же алты айлык камакка алынат”, - дейт казак ички иштер министри Калмухамбет Касымов. Кызыл жарыктан өткөн, ылдамдыгын жогорулаткан, машине айдап баратып телефон менен сүйлөшкөндөргө да айып пул бир кыйла көтөрүлмөкчү.

Орусиянын Либерал-демократтар партиясы өлкөдө Америка долларын колдонууга тыюу салуучу мыйзам долбоорун парламентке сунуштады деп жазат “Правда” гезити. Бул мыйзамдын демилгечиси депутат Михаил Дегтярев АКШдагы каржылык олку-солку Орусияга да терс таасирин тийгизбөөсү үчүн ушундай кадамга барыш керек деп эсептейт. Анын оюнча, эгер мыйзам кабыл алынса Орусия атуулдарынын доллардык эсептерин бир жылдын ичинде жаап, башка валютага өткөрүш керек. Кимдир бирөө доллар көтөрүп жүрсө, аны күч менен тартып алып, 30 күндүн ичинде рубль менен кайра кайтарып берилет. Ал ортодо белдүү орус экономисттери либерал-демократтардын бул мыйзамы суу кечпей турганын “Правдага” билдиришти.
Кытай бир балалуу болуу мыйзамын өзгөртөт.

Узаган аптанын шейшембисинде Коммунисттик партиянын кезектеги жыйыны аяктап, өлкө мыйзамдарына бир катар олуттуу өзгөрүүлөр кирмей болду деп жазат The Wall Street Journal. Ага ылайык, 1980-жылы кабыл алынган Кытай атуулдарынын бирден гана балалуу болуу мыйзамына толуктоолор кирет. Эгерде ата-энелердин бирөөсү үй-бүлөнүн жалгызы болсо ага экиден бала күтүү уруксаты берилмекчи. Азыркы тапта жубайларга эки балалуу болуу уруксаты эгер алар этникалык азчылыктын өкүлү, же жакыр аймактардагы пилоттук программаларга кирген болсо берилип келген. Бирок эл аралык укук коргоо уюмдары Кытайда бийлик аялдарды зордоп боюнан алдырып жатканын адам укугуна каршы деп бир топтон бери сындоодо. Си Цзинпиңдин жаңы өкмөтү мына ушул эл аралык терс пикирлерди азайтууну көздөйт дейт The Wall Street Journal.

Лондондо жарык көргөн Evening Standard гезити Ооганстандагы апийимдин мол түшүмү Британ көчөлөрүнө да кыйынчылык алып келерин жазды. БУУнун Ооганстандагы акыркы апийим түшүмүнө тиешелүү отчетун бетке кармоо менен гезиттин кабарчысы англис аскерлери келерки жылы бул өлкөдөн чыкканда дүйнөдөгү апийим керектөөсүнүн орчундуу бөлүгүн жапкан ооган маңзаты Британияны да каптарынан кооптонгонун жазган.

Стамбулдун символу болгон Аясофья музейин кайрадан мечитке айлантуу идеясын Түркиянын вице-премьер-министри Бүлент Арынч билдирди. Financial Times гезитинде чыккан кабарда байыркы Византия империясынан калган тарыхый мурас Аясофья 1936-жылы ататүркчүлөрдүн демилгеси менен музейге айланган. Андан мурда Осмон Империясы тушунда бир нече кылым бою Стамбулдун башкы мечити болуп турган. Азыркы өкмөт башында турган АК партия Түркияда диний маданиятты кайрадан жаңыртууну көздөп, эми Аясофьяны кайрадан мечитке айлантуу керектигин жар салууда деп жазат Financial Times.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG