Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:16

BZ: Януковичтин бет кабы сыйрылды


Украина -- Евробиримдикке кошулуу келишимине кол коюуну талап кылган акция. Киев, 24-ноябрь, 2013.
Украина -- Евробиримдикке кошулуу келишимине кол коюуну талап кылган акция. Киев, 24-ноябрь, 2013.

Дүйнөлүк басма сөзгө сереп (18-24-ноябрь)

Украинанын президенти Виктор Янукович Вильнюс саммитинин алдында Европа Шериктештигине кошулуу келишимин токтотуп, Европаны таӊ калтырды. Буга карата немис басма сөзүнүн реакциясы өтө терс болууда. Германия гезиттери Украинанын бул кадамында Орусиянын “колу” бар экенин жазып чыгышты. Маселен Anzeige гезити расмий Киев бул чечими менен Европа жана Орусиянын ортосунда арасат калганын, Орусия Украинаны Европа Шериктештигине көз артпай, Белорусия менен Казакстан кирген Бажы Биримдигине мүчө болууга чакырып, муну аткарбаса экономикалык кысым көрсөтөрүн билдирип жатат деп жазат.

Ал эми Süddeutsche Zeitung басылмасы Путин 1939-жылы Сталин менен Гитлер Украинага кысым көрсөткөндөй эле болуп жатат. Анын бөлүп-жаргыч максаты акырындап ишке ашууда. Ансыз да Украинанын аймагы Польша жана Орусия тарап болуп, тилдик, маданияттык жактан экиге бөлүнүп турат деп жазган.

Солчулдардын Berliner Zeitung гезити болсо Виктор Янукович бир нече жылдан бери европачыл саясатчы катары өзүн таанытып келген. Бирок акыркы кадамы анын жасалма бет кабын сыйрып салды. Ал өзүн дагы бир ирээт кыска мөөнөттүү пайдаларды стратегиялык чечимдерден жогору койгон саясатчы катары көрсөттү деп жазган.

Иранга жер оодарган ооган качкындары ар кандай зомбулуктун курмандыгы болууда деп жазат New York Times. Иранда азыр каттоодо 800 миң ооган качкыны бар. Бирок мыйзамсыз баргандар мындан да арбын. Расмий башпаанек ала албаган оогандыктар ар кандай кыйынчылыктарга дуушар болууда. Айрыкча ата-энеси иш издеп, үйдө же көчөдө жалгыз калган жаш балдарды Иран полициясы кармап кетип, өлкөдөн депортациялаган учурлар көп. Бул өлкөнүн мыйзамына ылайык депортациялангандар жол киреси менен тамак-аш акысын өздөрү төлөшү керек. Ооган балдары буга алы келбей полициядан таяк жеп, ачка калышууда. Human Rights Watch уюму качкындардын саны боюнча 2,6 миллион адам менен дүйнөдө Ооганстан биринчи орунда турарын билдирди. Алардын 1 жарым миллиону тили жана маданияты окшош Пакистанга кетишкен. Быйыл 37 миң гана оогандык өз мекенине кайткан. Европа менен АКШдан баш калка издегендер болсо 60 миңдей.

Британиянын мурдагы премьер-министри Тони Блэр Нурсултан Назарбаевге кеңешчи болгонуна 2 жыл болсо да Казакстанда демократиялык реформалар ишке ашкан жок деп жазат The Economist журналы. 2011-жылы Назарбаев тынчтык боюнча Нобель сыйлыгын алыш үчүн гана Блэрди кеңешчиликке жалдаган. Бирок анын бул аракети Жаңы-Өзөндөгү тополоңдон кийин ишке ашпай калды. Ошентсе да 24 жылдан бери өлкө башында туруп, газ, мунайдын аркасы менен Назарбаев Казакстанды Борбор Азиядагы кубаттуу өлкө кыла алды. Мына ушул күчүн пайдаланып, Тони Блэрди алгачкы жылы 8 миллион, быйыл болсо 16 миллион фунт-стерлингдик келишим менен кеңешчиси кылып жалдаганын казак медиасы жазып чыккан. Бирок Тони Блэрдин басма сөз катчысы Блэр мырза Назарбаевден акча албаганын айтты деп жазат The Economist.

Эрдоган Путинден өз өлкөсүн Шанхай Кызматташтык Уюмуна кабыл алууну суранды. EuroAsia.Net онлайн басылмасында жарык көргөн макалада Москва иш сапары учурунда Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган Европа Шериктештигине киргенден көрө ШКУга мүчө болгулары келгенин Владимир Путинге билдирди. Былтыр Түркия бул уюмга байкоочу-өнөктөш катары кабыл алынганы менен Бишкекте өткөн саммитке чакырылган эмес. Мындай жагдайга карабай Евразия чөлкөмүнө жакындоо үчүн, аталган уюмга мүчө болгулары келгенин Эрдоган Путинге ачык айтты.
XS
SM
MD
LG