Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:18

Кытай: "Жүзүңдү аччы, Гүлчөтай"


Кытай -- Шиңжан уйгур автоном аймагындагы жоолукчан кыздар. Кашкар, 8-октябрь, 2006-жыл.

Кытай -- Шиңжан уйгур автоном аймагындагы жоолукчан кыздар. Кашкар, 8-октябрь, 2006-жыл.

Дүйнөлүк басма сөзгө сереп (25-ноябрь - 1-декабрь)

Кытайдын уйгурлар эң көп жашаган Шиңжан аймагында бийлик паранжа жамынган аялдарды сулуулук үчүн жүзүн ачууга чакырууда деп жазат Foreign Policy басылмасы. Мусулмандардын шаары катары эсептелген Кашкарда сулуулук полициялары пайда болду. Тяньаньмэн терактынан кийин паранжа жамынып жүргөндөргө карата кысым өзгөчө күчөп, сулуулук менен улуттук коопсуздукту айкалыштыруу керек деген үгүт жүрүп жатат. Ошентсе да Кытай Франция, Бельгия, Түркия сыяктуу жамынгандарга карата кескин түрдө эмес, өзүнүн жибектей жумшак саясаты менен мамиле кылууда деп жазат аталган басылманын аналитиги.

Пахта кулчулугунан быйыл Өзбекстанда 11 киши каза тапты. Коңшу өлкөдө ноябрдын соңунда аяктаган пахта теримине миллиондогон мектеп окуучулары, студенттер, мамлекеттик кызматкерлер, ал тургай пенсионерлер да тартылган. Каза болгондордун эң кенжеси 6 жаштагы Амирбек Рахматов, аксакалы болсо 63 жаштагы Турсуналы Садыков экенин Канадада жарык көргөн The Toronto Star гезити жазып чыкты. Эл аралык эмгек уюмунун маалыматына караганда, жылына 15 жаштан өйдө жарандардын дээрлик бардыгы мамлекеттик планды толтуруу үчүн пахта талааларына чыгышат. Муну өзбек бийлиги “ыктыярдуу эмгек” деп атайт. Каза тапкандардын да басымдуусу өспүрүмдөр. Быйылкы түшүм 3,35 миллион тонна болду. Өзбекстан дүйнөдө пахта экспорттогон эң ири беш өлкөнүн бири, анын 70 пайызы Кытай менен Бангладешке кетет. Дүйнөдөгү кийим чыгарган эң ири 140 брэнд Өзбекстандын пахтасын алуудан баш тарткан. Ошентсе да бул өлкөдө пахта кулчулугу жыл сайын артып барат деп жазат The Toronto Star.

Орусия Украинаны Евробиримдиктен алыстатып, жеңишке жетишсе да коңшулары менен мамилеси жакшы эмес деп жазат Washington Post гезити. Айрыкча Германия, Нидерландия, Польша жана Литва менен дипломатиялык мамилелер Путин 2012-жылы бийликке кайра келгенде чыңала баштаган. Мурдагы советтик өлкөлөрдө таасирин арттыруу үчүн орус бийлиги соода жана экономиканы башкы курал катары колдонууда. Ушундан улам Молдова менен Грузия да Европа Биримдигине кошулуу маселесин көтөрө албай тайсалдап келет. Грузиянын жаңы бийлиги Орусия менен жакшы ымалада. Ошентсе да потенциалы күчтүүрөк Европа базарына ыктай баштады. Сынчылар Путин Орусия кирбеген бардык келишимден эле АКШ изин издей берип, сокур болуп калганы калды дешүүдө. Ал ортодо Борбор Азия өлкөлөрүнүн соода тармагы Кытайга багытталууда. Аны да ооздуктоо үчүн Орусия Тажикстанга аскерий жардам берүү программасын киргизип, ага коңшу Кыргызстандагы НАТОнун базасын чыгарууга жетишти. Муну менен Путин аскерий жеңишин ырастагысы келет деп жазат Washington Post.

Германиянын жаңы пенсия саясаты карыларды сыйлап, жаштарды жазаламакчы деп жазат Der Spiegel. Ангела Меркел бийликке келери менен эле пенсия саясатын өзгөртүүгө киришип, жаңы баш ооруну жаратты. Европада азыр дүйнөнүн 7 процент калкы жашайт, ошентсе да социалдык төлөмдөргө кеткен каражат дүйнөлүк чыгымдын 50 процентине тете. Меркель бийликке келерде ал үчүн добуш бергендердин жарымынан көбү карылар болгон. Эми Ангела айым алардын талабын ишке ашыруу үчүн немис жаштарынын пенсиялык салыгын бир кыйла жогорулатмакчы. Аналитиктер бул саясатты жаштарды жазалоо дешүүдө. Ансыз да Германияда жыл сайын эмгек акы төмөндөп, пенсия болсо тескерисинче жогорулап жатат. Эгер мыйзам кабыл алынса немис карыларына төлөнчү пенсия жылына 20 миллиард евро болмокчу. Азыр ар бир пенсионер орто эсеп менен айына 1 900 евро алууда.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG