Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:15

DW: Сом кескин арзандабайт


Апта ичиндеги эл аралык басма сөзгө сереп.(10-16-февраль)

Узап бараткан апта ичинде дүйнөлүк басылмалардагы орун алган негизги темаларга Швейцариядагы референдум, Сочидеги Кышкы олимп оюндары, спортчулардын жетишкендиктери жана Италиядагы саясий күрөш кирди. Айрым басылмалар өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн валюталарына дагы сереп салды.

Валюталар "таймашы"

Германиянын Deutsche Welle агенттиги кыргыз сому казак теңгеси сыяктуу кескин арзандабайт деп жазып чыкты. Немис басылмасы Улуттук банктын статистикасын мисал келтирип, сом акыркы жылы АКШ долларына карата 3.9 пайыз кунун жоготконун жазды. Өткөн аптада коңшу Казакстандын валютасынын наркы 19 пайызга жасалма түрдө арзандатылган.

Deutsche Welle жазгандай, былтыр Кыргызстандын Улуттук банкы сомдун кунун туруктуу кармап туруу максатында форекс базарында бир ирет 14.7 миллион доллар короткон.

Быйыл болсо Улуттук банк төрт жолу жалпысынан 61.5 миллион доллар валюталык интервенция кылган. Алардын 27 миллион доллары казак теңгеси девальвациялангандан кийин ташталган.

Кыргызстан коңшулары менен соодада долларды колдонгондуктан, "товар бааларына терс таасири тийбейт деп жазды" – немис басылмасы. Теңге кыргыз экономикасына таасир тийгизбегени менен орус рубли кескин төмөндөсө, мигранттардан келчү акча азайышы ыктымал. Кыргыз мигранттары былтыр мекенине 2 миллиард 270 миллион доллар акча которгон.

Орустар аракты таштап, спортко өтөбү?

Сочи шаарындагы XXII Кышкы олимп оюндары орусиялыктарды таң калтырды. Олимпиадалык объекттерде спирт ичимдиктерин ичүүгө жана тамеки тартууга толугу менен тыюу салынган. Адатта ар бир жакшылыкка чөйчөк кагышкан жергиликтүү күйөрмандар үчүн бул күтүлбөгөн окуя болду. Бул тууралуу Time журналы жазып чыкты. Олимпиада хартиясына ылайык, мелдештер өтүүчү жайларда ден соолукка зыян келтирүүчү ичимдиктер, тамак-аш жана башка заттар такыр сатылбайт.

Олимпиада өтүүчү жайларда сыра түгүл, куурулган, хот-дог сыяктуу тез даяр болгон тамактар дагы сатыкта жок. Ал эми тамеки тартууга Сочи жана Адлер шаарларында толугу менен тыюу салынды. Спирттик ичимдиктерди саткан компаниялар Олимпиадага демөөрчү боло албаганына нааразы. Алкоголго тыюу салынганы менен, Time журналы өткөн жумада президент Владимир Путин австриялык делегация менен шнаппс ичкенин баса белгиледи. Басылма соңунда "орустар арак менен тамекинин ордуна спортту түбөлүк сүйүп калса, мындан ашык олимпиадалык мурас болбос чыгаар" деп жазды.

Евгений Плющенко жана Владимир Путин.
Евгений Плющенко жана Владимир Путин.
Олимпиада демекчи, дүйнөнүн жүздөгөн басылмалары эки жолку олимпиада жана үч жолку дүйнө чемпиону Евгений Плющенконун чоң спорттон кеткендиги тууралуу жазып чыгышты.

Американын The Washington Post гезити 13-февралда машыгуу маалында "Муз падышасы" атыккан спортчу белин кокустатып алганын жазды. Көркөм муз тебүүнүн чебери, 31 жаштагы Плющенко омурткасынан, жамбашынан жана тизесинен 12 ирет операция болгону белгилүү. Аны эркектер арасында кыска программада алтын медалга татыйт деп жатышкан. Орусиянын Ыраакы Чыгышында туулган спорт чебери төрт олимпиадага катышкан. Плющенко эркектер арасындагы мелдешке катышуудан баш тарткандан көп өтпөй Сочидеги "Айсберг" муз сарайынан орусиялык күйөрмандар жапырт чыгып кетишкенин да басылма белгиледи. Спортчу эми Санкт-Петербургда көркөм муз тебүү мектебин ачууну пландап жатканын айтты.

Швейцариядагы талаштуу референдум

Швейцарияда иммиграцияга бөгөт койгон референдум европалык басылмалардын баарында жарык көрдү. 9-февралда өткөн референдум сегиз миллион калкы бар тоолуу өлкөнү экиге ажыратты. Немис тилдүү бөлүгү иммиграцияга каршылыгын билдирсе, француз тилдүү тарабы келгиндерге каршы эместигин билдиришти. Бул тууралуу The Economist журналы жазып чыкты. Референдумдун кесепеттери экономика жана саясаттан тышкары жада калса жогорку билим алууга, электр энергиясын импорттоого, саламаттыкты сактоого жана тамак-аштын баасына таасирин тийгизиши мүмкүн. Андан сырткары журнал Европанын финансы борбору атыккан Цюрих референдум жыйынтыктарынын айынан ал макамынан кол жууп, а тургай миллиарддаган франк банктардан чыгарылышы ыктымалдыгын эскертти.

Женева.
Женева.
Аталган британ басылмасы Швейцария Евробиримдикке кирбегенин белгилеп, расмий Берн шаркет менен жүздөн ашык келишимге кол койгонун эскертти. Алардын негизгилери адамдардын эркин кыймылы, эркин акча которуу жана эркин товар ташуу. The Economist журналынын жазышынча, бул референдум башка европалык өлкөлөрдө дагы радикалдык солчул, анти-иммиграциялык маанайга чок салды. Мисалы, Британия 2017-жылы референдум өткөрүп, Евробиримдиктин курамында калуу же андан чыгуу маселесин кабыргасынан коёт. Расмий Брюссель Швейцариянын бул кадамын катуу сынга алды. Өз кезегинде Швейцария иммигранттардын санына квота киргизип, үч жыл ичинде тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүсү абзел экенин айтты. Белгилей кетчү жагдай, тоолуу өлкөдө дарыгерлердин басымдуу бөлүгү чет өлкөлүктөр.

Италиянын бүтпөгөн трагикомедиясы

Өткөн аптанын соңунда Италиянын премьер-министри Энрико Летта кызматтан өз каалоосу менен кетти. Парламенттеги көпчүлүктү түзгөн Демократиялык партия Леттаны өлкө экономикасында эч кандай оң жылыш болбогонуна күнөөлүү деп эсептейт. Бул тууралуу Римде чыккан La Repubblica гезити жазып чыкты. Басылма мисал катары өлкөдө жумушсуздук акыркы 40 жылдагы эң жогорку деңгээлге жеткенин келтирди.

Премьерлик кызматка Флоренциянын мэри, көпчүлүк партиянын жетекчиси, 39 жаштагы Маттео Ренци дайындаларынан күмөн жок. Ренци Ыйык Валентин күнүндө Флоренцияда 1200 түгөйдүн үйлөнүү тоюна катышып, саясий упай чогултту. La Repubblica гезити жазгандай, Ренци өз кичи мекенинде флоренциялыктардын алдында мэр катары акыркы сөзүн айтты. Ал эми кээ бир серепчилер аны солчул жана популисттик саясатчы катары сыпаттап келишет.


Deutsche Welle: Сом дароо арзандабайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:47 0:00
Түз линк
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG