Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:56

Старр: Борбор Азияда "чыныгы ислам" бар


Апта ичиндеги эл аралык басма сөзгө сереп (24-февраль - 2-март)

АКШ - Борбор Азия алакасы чыңалабы?

Америка он жылдан ашык мезгилден бери Жакынкы Чыгыштагы мусулман өлкөлөрү менен диалог түзүүгө далалаттанып келгени менен, олуттуу ийгиликтерге жетишкен жок. Бул тууралуу The New York Times гезити жазды. Макаланын автору Фредерик Старр АКШ андан көрө бүт күч-аракетин ислам цивилизациясынын башаты жана бешиги болгон Борбордук Азияга буруу керектигин белгилейт. Анын жазышынча, аталган чөлкөмдө биринчиден, дин мамлекеттен ажыратылган. Экинчиден, Борбордук Азиянын беш республикасы Улуу Жибек жолунда жайгашып, илгертен эле башка элдер менен тыгыз алака куруп келген.

Астроном Улугбектин жылдызканалары, Өзбекстан.
Астроном Улугбектин жылдызканалары, Өзбекстан.
Ислам дүйнөсүнүн илимий жана саясий очогу – дал ушул Борбордук Азия. Автор хадистер Бухарада чогултулганын, татаал математикалык алгоритмдер Хорезмде ойлоп табылганын, астроном Абу-Хамид ал-Хожанди учурдагы Хожент шаарында туулганын жана аны менен бирге белгилүү илимпоздор ал-Фараби, Авиценна, ал-Хорезми баары Борбордук Азиядан чыкканын мисал катары келтирди.

Толеранттуулугу менен айырмаланган Борбордук Азия өлкөлөрү АКШ үчүн приоритеттүү багыт болушу керек. Себеби цивилизациялар кесилишкен аймакты байырлагандар гана касташкан элдерди жараштыра алат. Автор Старр учурда расмий Вашингтон Борбордук Азиянын жаратылыш кендерине гана кызыкдарлыгын белгилейт. Макала соңунда автор диний экстремизм менен күрөшүп жаткан чөлкөмдүн өлкөлөрүндө гана президенттер Барак Обама жана Жорж Буш айткан "чыныгы ислам" бар экенин белгиледи.

Кара-Кече чатагы инвесторлорду үркүттү

Жумгал районундагы көмүр кениндеги чатак чет элдик инвесторлорду кооптондуруп жатканын EurasiaNet маалымат порталы жазды. Кара-Кече кенинде 430 миллион тонна көмүр бар. Кенди көзөмөлгө алууну каалаган кылмыштуу топтордун тиреши өлкөнүн инвестициялык кадыр-баркына шек келтирди. Кыргызстанда 3.3 миллиард тоннага чейинки көмүр запастары болушу мүмкүн. Деген менен, көмүрдүн басымдуу бөлүгү четтен ташылат.

Тамыр жайган коррупция жана кримтоптордун талаштары инвесторлорду ойлондурбай койбойт. Бишкек Жылуулук жана кубаттуулук борбору (ТЭЦ) жаккан көмүрдүн 70% Казакстандан келет. Макалада ошондой эле көмүр казуунун усулдары, шахталардын шарттары жана кендерге транспорттук коридор жоктугу да белгиленди. Кендерди чет элдик инвесторлорго берээрден мурда, өкмөт темирдей тартипти орнотуусу керек. EurasiaNet Балыкчы – Кара-Кече темир жолу алигиче курула электигин да эске салган.

Үч түркмөн чек арачы набыт кетти

Талиптер эң азы үч түркмөн чек арачыны Ооганстан менен чектешкен жерде атып өлтүрүшкөнүн Khaama Press ооган басылмасы 27-февралда кабарлады. Адатта сырткы дүйнөгө жабык Түркмөнстан мындай жаңылыктарга катуу тыюу салат. Атышуу Ооганстандын Бадгис дубанынын Мокор ооданында 26-февралда түнкүсүн болгон. Жергиликтүү ооган бийлигинин басма сөз катчысы Мирваис Мирзаквал бул кабарды тастыктап, чабуулду Талибандын Абдулла жана Ахмад аттуу согушкерлери ишке ашырганын кошумчалады. Расмий Ашхабад бул тууралуу үн ката элек.

Өзбекстанда туризм өнүгүүдө

Былтыр Өзбекстанга эки миллиондой чет элдик турист келген. Бул тууралуу "ӨзбекТуризм" мамлекеттик мекемесине таянып, Central Asia Online басылмасы жазды. Расмий статистикага ылайык, 2013-жылы туристтердин саны 16% өскөн. Улуу Жибек жолу, байыркы Бухара, Самарканд жана Хива шаарлары өлкөнүн туризм Мекесине айланды. Өлкөнүн башка аймактарына дагы туристтерди тартуу максатында өкмөт Анжиян, Кашка-Дарыя, Сурхан-Дарыя, Ташкент жана Хорезмге жалпысынан 250 миллион доллар каражат чегерет. Туристтердин басымдуу бөлүгү Жапония жана Франциядан келген. Өзбекстанда жалпысынан миңге жакын саякат ишканалары бар.

Биринчи тажик социалдык түйүнү түптөлдү

Кеңири тараган орусиялык "ВКонтактеге" окшош алгачкы тажик социалдык түйүнү ишке кирди. Бул тууралуу "РИА Новости" агенттиги кабарлады. Өткөн аптанын башында ааламторго туташкан parta.tj сайты орус тилинде жана башка социалдык түйүндөргө түспөлдөш. Бул сайтта бир жума ичинде Тажикстандын 60 айыл-шаарларынан миңге жетпеген колдонуучу катталды. Келбети Facebook сайтына окшош parta.tj социалдык түйүнүнүн өзгөчөлүгү - ага Тажикстанда тыюу жок. Расмий Душанбе бир нече жолу Twitter, "ВКонтакте", YouTube жана Facebook сайттарына тыюу салган.

"Эйр Казакстандын" экинчи өмүрү

Туура он жыл мурда банкротко тушуккан "Эйр Казакстан" авиаишканасы жергиликтүү аба каттамдарды тейлеген ташуучу болуп кайра түзүлөт. Сегиз жыл гана иштеп, карыздарынын айынан жабылган "Эйр Казакстандын" флотунун өзөгүн 10 канадалык Бомбардье учактары түзөт. Бул тууралуу казак президенти Нурсултан Назарбаев "Бомбардьенин" жетекчиси Пьер Бодуэн менен жолуккандан кийин белгилүү болду.

The Times of Central Asia гезити жазгандай, расмий Астана менен Монреалдык "Бомбардье" өлкө ичиндеги жергиликтүү жана аймактар аралык аба каттамдарына адистештирилген "Эйр Казакстан" авиакомпаниясын түптөө келишимине жетишти. Кайра түзүлгөн авиаишканага өкмөттүн "Самрук-Казына" улуттук байлык кору ээлик кылаары да айтылды. Дүйнөдөгү тогузунчу ири мамлекеттин 17 миллион калкын болгону беш авиакомпания тейлейт. Ал эми калкы алты миллионго жетпеген Кыргызстанда жыйырма чакты авиаишкана катталган.

"Самрук-Казынанын" жетекчиси Өмүрзак Шукеевдин айтымында, "Эйр Казакстан" май айына чейин катталып, учактар жылдын аягына чейин келип, аталган авиакомпания келерки жылдан баштап ишке кирет. Ал эми учурдагы ири казак авиа ташуучу "Эйр Астана" эл аралык каттамдарга басым жасай баштайт. Бул авиакомпанияга өкмөт ээлик кылат.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG