Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:32

Борбор Азия коопсуздугу коркунучта


Өзбекстан -- Атайын даярдыктагы бөлүктүн аскери Ташкенттин бир көчөсүндө, 31-март, 2004.
Өзбекстан -- Атайын даярдыктагы бөлүктүн аскери Ташкенттин бир көчөсүндө, 31-март, 2004.

Апта ичиндеги эл аралык басма сөзгө сереп (6-12-январь)

Жаңырган 2014-жылда дүйнөдө болчу согуштар, кыргыз муфтийинин айланасындагы чуу эл аралык басма сөздө, Ариэл Шарондун өлүмү эл аралык медиада жарыяланган башкы жаңылыктар болду.

Согуш коркунучу тооруган өлкөлөр

Foreign Policy
журналы жаңырган жылда согуш болот деп болжонгон дүйнөнүн 10 өлкөсүнүн тизмесин чыгарды. 2014-жылдын согуштары Чыгыш Конго, Борбордук Африка Республикасы, Сирия, Ливан, Бангладеш, Түркия, Гондурас, Түндүк Кавказ жана Пакистанда күтүлүүдө. Бул тизмеде Борбор Азия да бар. Саналган өлкөлөрдүн айрымдарында азыр да абал өтө курч. Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери картайып бара жатат. Ал эми калкы болсо жаш жана бийликтен көптү талап кылууда.

Кыргызстан коңшулары Өзбекстан жана Тажикстан менен суу, чек ара маселесинен улам согушуусу ыктымал. Ал ортодо Тажикстан Ооган чек арасын бекемдебесе коопсуздугуна чоң коркунуч жаралат. Бул өлкөлөрдүн өз ара эмес, ички саясий кырдаалы да туруксуз. Маселен Кыргызстанда айрым улутчул саясатчылар чет элдик инвесторлордун ишин жеке максатка пайдаланып, экономикалык кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн.

Ал тургай аймактын эң бай жана лидери делген өлкөсү Казакстанда да абал оор. Кытай баш болгон ири инвесторлор Казакстанда иш жүргүзүү акыркы мезгилде татаалдашып бара жатканын билдиришүүдө. Буга кошумча Нурсултан Назарбаевдин көп жылдык авторитардык бийлиги, адам укугунун коргоолбоосу, жакыр менен байдын ортосундагы чоң айырмачылык да Казакстандагы ички кырдаалды өзгөртө алат деп жазат Foreign Policy.

Ушундай эле мазмундагы макала Британияда чыккан The Economist журналына да жарыяланды. Анда Кыргызстандагы Американын “Манас” транзиттик борбору чыгары менен элдик толкундоолор, түстүү революциялар болушу күтүлөт деп айтылат. Кыргыз бийлиги азыр армияны 1 миллиард долларга курал-жарак менен камсыздайбыз деген орус өкмөтүнө ыктоодо. Бирок мындай чечим батышта кыргыз бийлигин чечкинсиз, эки ортодогу илең-салаң өлкө катары таанытууда. The Economist журналы Кыргызстан жакынкы коңшуларына ыктагандын ордуна НАТО жана батыш менен ымаласын жакшыртса, ички стабилдүүлүгү сакталмак деп жазды.

Кыргызстандагы муфтий чыры дүйнө назарында

Дүйнөнүн аналитикалык ири басылмалары Кыргызстандын мурдагы муфтийи Рахматулло ажы Эгембердиевдин айланасындагы чууну кеңири чагылдырды. Маселен Орусияда чыккан Moscow Times гезити Кыргызстанда көп аял алуу мыйзамсыз, бирок кызматынан чегинген Эгембердиев видеодогу келиндин өзүнүн экинчи жубайы экенин жарыялады, 4 жылдын ичинде бул өлкөдө ушуну менен алтынчы муфтий алмашууда деп жазса, “Чакан дүйнөнүн чоң чыры” деген рубриканын алдында Foreign Policy журналынын аналитиги Ханна Козловска мындай окуя дүйнөдө күнүгө эле боло бербестигин, бул ак селдечен адамдын айланасындагы чуу кыргыз мусулман коомчулугун таң калтырып эле чектелбей, муфтиятта оор кырдаалды жаратканын баяндайт.

Кыргызстанда муфтийлер кызматтан кетээрде эмнегедир адаттан тыш окуялар боло берет. Маселен алардын бирөө коррупция менен айыпталса, дагы бирөөнү уурдап кетишип, сабап салгандан кийин каза тапкан. Foreign Policy эми жаңы шайланчу муфтий мурдагылардан сабак алып, ак селдесин түшүрбөй кийип жүрөт деп үмүттөнөт дейт аналитик Козловска өз блогунда.

Американын Front Page Magazine басылмасынын журналисти Роберт Спенсер кыргыз мусулмандар лидеринин ызы-чуулуу абалын Ислам өлкөлөрүнүн жана тарыхтагы мусулман лидерлердин басып өткөн жолуна салыштырган. Ошондой эле “Ислам тынчтыктын дини” деген сөздүн айланасында ой жүгүртүп, ыйык Курандан буга дилил сүрөлөрдү мисал келтирген. Бирок мыйзамы полигамияга жол бербеген Кыргызстандын муфтийи видеодогу келинди “мыйзамдуу экинчи жарым” деп атоосуна таң калуусун жазган.

Мухаммед пайгамбардын эң жакын санаалашы Абу Бекир исламды жайылтууга абдан чоң салым кошконуна карабай ууландырылып өлтүрүлгөн. Азыр да мусулман өлкөлөрдүн лидерлери эмнегедир зомбулуктун курмандыгы болууда. Буга алыс кетпей эле Каддафини мисал кылсак болот. Балким кыргыз муфтийи да ушул жолдогулардын бирөөсүдүр дейт Front Page Magazine.

Мындан тышкары Италияда чыккан Le Figaro, Сауд Арабиясынын Al Arabia сыяктуу атактуу ири басылмалар да кыргыз муфтийнин кызматтан чегинүүсүн кеңири чагылдырды.

Кыргызстанда кысымга кабылган кытай ишкерлери

Ал ортодо Борбор Азиядагы олуттуу окуяларды чагылдырган EuroAsiaNet онлайн басылмасынын башкы темасы Кыргызстандагы кытай ишкерлерин оор абалы болду. Крис Риклтон аттуу аналитик бизде жашап, иштеп жаткан кытай ишкерлери үчүн узаган 2013-жыл абдан кыйын болгонун, алар жеке эле чөнтөкчүлөр жана майда каракчылардын курмандыгы болуп чектелбей, расмийлердин да бутасына алынып жатканын жазып чыкты. Кыргызстанда иштеген кытайлардан арыздар көп түшүп, ал тургай Кытай расмийлери өз атуулдарын бул өлкөдө иш алып барганда өтө этият болууга чакырды.
Мындай чакырык Бээжинде чыккан Global Times гезитинде кабарланган.

EuroAsiaNet басылмасына Бишкектеги чакан ресторанды иштеткен кытай ишкери интервью берип, ар дайым ар түрдүү уюшкан топтор алардан акча талап кылганын, бул топторду тартип сакчылары колдоп тураарын билдирди. Кытай ишкерлерин Орусиядагы Борбор Азия мигранттарынын документтерин текшергендей эле зомбулук менен кыргыз милициясы текшерип жаткан учурлар видеого тартылып алынган. Global Times гезитинин маалымдашынча, Кыргызстанда азыр 80 миңдей кытай атуулу иштеп жатат. Алардын 30 миңи баш калаада.

Шарондун бейнеси

Апта соңунда кайтыш болгон Ариэль Шарондун бейнеси тууралуу The Guardian гезитинде Израилдин эң эле талаш-тартыштуу премьер-министри деген макала чыкты. Шарон оппозицияда жүргөндө Израилдин жаркын келечеги катары бааланчу. Кийин бийликке келип, мурдагы айткан сөздөрүн аткара албаган соң “жалганчы”, “эки жүздүү” деген лакаптарга татыган. Эмнеси болсо да дүйнөнүн бир бөлүгү Шаронду адамдарды геноцидге учураткан десе, башка бөлүгү тынчтыкты орноткон улуу лидер катары коштошууда дейт The Guardian.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG