Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

Көчө шыпыргыч Кытай миллионери


Апта ичиндеги эл аралык басма сөзгө сереп (13-20-январь)

Узаган аптада айрым эл аралык маалымат каражаттары кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал жана андан кийинки жагдайга да кайрылды.

Чыгышын гүлдөткөн Кытай

Бээжин чыгыш аймактарын өнүктүрүүнүн артында жүрүп, Кытайдын батышы көз жаздымда калууда. Буга Тянаминдеги жарылуу да анык далил деп жазат The Diplomat басылмасы. Дүйнөнүн экинчи кубаттуу державасында энергия муктаждыгы барган сайын артып жатат. Жакынкы Чыгыштан мунай алуу үчүн Чыгыш жана Түндүк Кытай деңиз порттору иштеп келген. Си Цзинпиндин бийлиги мындан ары Кытайдын тышкы саясатында Евразия чөлкөмүнүн чоң мааниси болорун таасын көрсөтүп жатат. Ушундан улам Кытайдын чыгышында жайгашкан аймактары гүлдөп өнүгүүдө.

Мурдагыдай айылдык жаштар Шанхай же Гонконгдон жумуш издебей өз жерлеринде да татыктуу орун таап калышты. Борбор Азия өлкөлөрүн аралап өтүүчү жаңы Жибек жолун жандандыруу менен Кытай Жакынкы Чыгыш жана Европа өлкөлөрүнө темир жол аркылуу ачылмакчы. Бирок мындай жагдайда өндүрүш аймагы болгон Кытайдын батыш аймактары артта калат деп кооптонот The Diplomat.

Үн катпаган ЖККУ

Кыргыз-тажик чек ара чатагында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун кийглишипөөсү шек жаратууда деп жазат аналитик Жошуа Куцера EuroAsia.Net онлайн гезитинде. Аталган уюм өзүн Борбор Азиянын коопсуздугу үчүн жооптуу деп жар салган эле. Бирок Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чек ара чатагы ырбаганда эмнегедир бул эки өлкө өз көйгөйүн жалгыз чечсин деп калтырылгандай. Бул окуялар тууралуу ЖККУ эч кандай расмий билдирүү деле жасабады. Болгону анын айрым мүчөлөрү эки өлкөнүн чек ара кызматынын башчылары менен сүйлөштү деген гана учкай маалымат бар.

Бул кырдаал кыргыз парламентинде да талкууланды. Президенттин мурдагы кеңешчиси, саясий аналитик Эдил Байсалов Орусия Борбор Азияда таасирин түшүрүп жатат деген баа берди. Эгерде Фергана өрөөнүн экинчи Балканга айландырып алуудан корксо, анда бул аймактын коопсуздугуна жооптуу эл аралык бирикмелер сөзсүз кырдаалды жөнгө салууга киришүүсү керек эле дейт Жошуа Куцера.

Ооган кызынын каармандыгы

Узаган аптада Ооганстанда тогуз жашар кызды атасы менен агасы белине жардыргыч толтурулган кур курчап, Америка аскер базасынын текшерүү өтмөгүн жардырууга жиберишкен. Тестиер кыз бир да арип тааныбаган, билимсиз, жакындарынын сөзүнөн чыкпаган жоош болгону менен текшерүү пунктуна барганда жардыргычты иштетпей, болгон чындыкты америкалык аскерлерге айтып, билим алгысы келгенин билдирген.

Анын бул каармандыгы батыш басылмаларында байма-бай талкууланууда. The Washington Post гезитинде Жон Керри баштаган АКШнын төбөлдөрү мына ушул бармактай кыздан сабак алса жакшы болмоктугун айткан макала жарыяланды. Жон Керри терроризм жакырчылыктан улам келип чыгууда дейт. Бирок террорчулукка баргандардын бардыгы эле кедей же караңгы болгон эмес. 30 жылдан бери Керри мырза Кошмо Штаттарынын сенатында федералдык казына бардык көйгөйдү чече алат деген эгоисттик идеяны таркатып келет. Мамлекет акчаны жакырчылык менен кылмышкерликти жоюуга коротсо эле бүтүндөй көйгөйлөр чечилип калат дейт ал. Бул идеяны ал дүйнөгө да таратты.

Балким АКШ мамлекетинин акчасы Ооганстан менен Иракта айрым жакшы иштерди кылууга жумшалар, бирок тогуз жашар кыздыкындай зиректикти эч качан сатып бере албайт деп жазат The Washington Post.

"Оскар" саясатташып кеттиби?


“Оскар” сыйлыгы саясатташып бара жатат. Ага коюлган даректүү тасмалардын арасында Орусиянын "Pussy Riot" тобу тууралуу тартылган фильм да бар. Муну менен Голливуд азыр глобалдык саясий дебаттардын өзөгүн чагылдырууга умтулууда дейт Британиянын The Observer гезитине берген маегинде атактуу режиссер Майк Лернер.

"Pussy Riot: панк-сыйынгыч" деген аталыштагы тасма «Оскарга» коюлган 15 даректүү фильмдин ичинде. Мындай жагдай Орусияда тескери кабылданууда. Айрым орус басылмалары калыстар тобунун саясатташып кеткенин жазып чыгышты дейт Лернер.

Миллионер көчө шыпыргыч

Кытайлык миллионер аял көчө шыпырып иштейт. Бул кабар Daily Mirror гезитине чыкты. Ал таңкы үчтө ойгонуп алып, көчөдөгү акыр-чикирлерди тазалайт. Ошол эле мезгилде анын банктык эсебинде бир жарым миллион доллары бар. Йу Йужен 54 жашта, эки баланын энеси. Алар да апасындай болуп бири жөнөкөй айдоочу, 33 жаштагы экинчи уулу болсо лотерея сатып иштейт.

10 миллион юандык төлөмдү Йуженге мамлекет ата-бабасынан калган жерин сатып алып берген. Аябагандай чоң үйү да бар. Ошентсе да ал 14 жылдан бери көчө шыпырып иштейт. Жумушка 3 эле күн чыкпай калган дейт анын мүдүрү. Бул күндөрү Йужен кайненеси менен атасынын тажиясына барыптыр. “Миллионер болуу менин атуулдук парзымдан жогору эмес”, - деп жылмаят Йужен телекамераларга.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG