Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:31

FA: Кен казуучулардын келкели


Foreign Affairs басылмасы дүйнөнүн 40 чоң кен казуучу компаниясы 2012-жылы 500 миллиард доллар киреше тапканын жазып чыкты.

Foreign Affairs басылмасы дүйнөнүн 40 чоң кен казуучу компаниясы 2012-жылы 500 миллиард доллар киреше тапканын жазып чыкты.

Эл аралык басма сөзгө сереп. (27-январь-2-февраль)

Жохар Царнаевге өлүм жазасын талап кылуу америкалык басма сөздө кызуу талкууну жаратты. Казакстан Израил менен аскердик кызматташтыгын арттырат. Дүйнөдөгү кен казуудан канча киреше кирет?

Царнаевди өлүм жазасына тартуу - кызуу талкууда

Былтыр Бостондогу марафондо болгон жардыруунун айыпкери деп божомолдонгон Жохар Царнаевге АКШ прокуратурасы өлүм жазасын талап кылууда. Бирок бул маселе америкалык басма сөздө кызуу талкууга түштү.

Алардын айрымдарына токтоло кетсек, Boston Globe гезити Царнаевди өлүм жазасына тартуу керекпи деп окурмандар арасында атайын сурамжылоо жүргүзгөн. Жыйынтыгында окурмандардын 57 проценти Царнаевди өмүр бою абакка отурсун десе, 33 пайызы өлүм жазасын колдогон. Бостон прокурорлугу Царнаевге 2013-жылдын 15-апрелинде болгон жардыруу боюнча 30 айып коюуда. Аны өлүм жазасына тартуунун мыйзамдуулугу да талаш. Эгер чындап эле бул ишке ашса анда чечимди кабыл алгандардын үстүнөн да атайын сот болот деп жазат Boston Globe.

Ал эми The Christian Science Monitor гезитинин аналитиги Марк Клейтон бийлик Царнаевге өмүр бою абакта отуруу жазасын берсе туура чечим кабыл алмак. Өлүм жазасы аны террорчулардын көз карашында курмандыкка айландырып, террорчулуктун өркүндөөсүнө түрткү болот дейт макаласында.

The Washington Post гезитине чыккан Ричард Коэндин блог-макаласында адам өлтүргөндү ошол кылгын кылмышы үчүн жаза тарттырбай туруп кайра эле өлтүрүп салуудан эч ким сабак албай, тескерисинче өлтүргүчтөрдүн ишенимин арттырат. Бостон жардыруусунда жаракат алган 32 жаштагы Ли Энн Янни да Царнаевди өлүм жазасына тартуу окуядан жан таслим болгондорду кайтарып бербестигин айткан дейт автор.


Казакстан Израилден курал-жарак алат


Казакстан менен Израил аскердик кызматташтыгын өркүндөтөт. Eurasia Daily Monitor басылмасында чыккан кабарга ылайык, Казакстандын коргоо министри Адилбек Жаксыбаев Тель-Авивге иш сапар менен барып, Израилдин коргоо министри Моше Яалон менен кызматташтык келишимине кол койду.
Казак аскерлери.

Казак аскерлери.


Израил менен казактардын байланышы 2001-жылдын 11-сентябрындагы АКШдагы террордук чабуулдан кийин жандана баштаган. Мындан ары бул эки өлкөнүн коопсуздук кызматташтыгы төмөндөгүдөй үч багытта болмокчу: советтик доордон калган курал-жаракты Израилдин жаңы шаймандарына жаңыртуу, чек араны бекемдөө, спутник байланышын жаңылоо жаатында Казакстан Израилден көмөк алат.

Азыркыга чейин Израил коңшу казактар менен аскердик кызматташтыкта бир катар кайчылаш көз караштарда турган. Буга расмий Астананын Иран менен болгон байланышы себеп эле. Ал тургай 2009-жылы Израилдин президенти Шимон Перес Астанага расмий иш сапар тартып, Казакстандан Иранга уран рудасын сатпоону суранган.


Кен казууда кимдер пайда табууда?


Кен казуучу ширкеттер менен кенге ээлик кылган мамлекеттердин ортосундагы киреше пайын бөлүштүрүүнү анализдеген макала Foreign Affairs басылмасында жарык көрдү. Анда Түндүк Африкадан Борбор Азияга чейинки кен казуу тармагында болгон акыркы жылдардагы көйгөйлөр чагылдырылган.

Дүйнөнүн 40 чоң кен казуучу ширкети 2012-жылы 500 миллиард доллар киреше тапкан. Бул көрсөткүч 2002-жылы эле 100 миллиард болчу. Кирешенин ушунчалык көп болуусу айрым мамлекеттерде ондогон жылдар мурда кол коюлган келишимдерди жокко чыгарууну көздөгөн талаштарды жаратууда. Айрыкча алтын кенин казууда мамлекеттин пайы канча деген суроо элди да кызыктырып, бир катар нааразылык акциялары болуп жатат.

Бай компаниялар жакыр өлкөлөрдөгү кен казууну улантуу үчүн таасирлүү адвокаттарды жалдап, эл аралык уюмдарга кайрылышууда. Бирок буга карабай, пайдасы тоодой ширкеттердин кызыкчылыгы бара-бара солгундап, иш таштаган жана нааразычылык жараткан элдин талабы алдыга чыкчудай. Буга Монголияны мисал келтирсе болот. Чет элдик ширкеттердин кен казуудагы пайын төмөндөтүшөөрү менен эң жакыр делген бул өлкө экономикасы өтө ылдам өнүккөн мамлекеттердин катарына кирди деп жазат Foreign Affairs.


Тажикстанда террорчу делгендерди кармоолор уланууда


Тажикстанда 118 адамга ар кандай террордук жана экстремисттик топко мүчө деген айып коюлуп камалды деп билдирет Ички иштер министри Абдурахмон Бузмаков. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазып чыкты. Камалгандардын арасында Өзбекстан ислам кыймылынын, Жамаат Ансаруллах жана Молдо Абдулланын тарапкерлери да бар дейт министр.

Курман айт, Душанбе, 15-октябрь, 2013.

Курман айт, Душанбе, 15-октябрь, 2013.

2013-жылы Тажикстанда катталган кылмыш иштери 10,5 процентке жогорулап, жалпысы 18 300 кылмыш иши катталган. Алардын 3 100ү олуттуу кылмыш катары каралууда. Тажикстанда экстремисттик диний топторго мүчө деп шектелгендердин соттук иши жабык өтүп, аларга коюлган айыптын канчалык деңгээлде мыйзамдуу экенин тактоо кыйын. Американын Диний эркиндик боюнча эларалык комиссиясы 2013-жылы Тажикстанда дин эркиндиги системалык түрдө чектелгенин жарыялаган.


Жакыр өлкөлөрдө жол кырсыгы да көп


Ар бир 30 секунддун ичинде жер жүзүндө бирден адам жол апаатынан каза табууда. Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, жылына 2 миллион киши жол кырсыгынан өлүүдө. Бай мамлекеттер унаанын көптүгүнө карабай, жолдорун коопсуз жасап алышкан. Ал эми өнүгүү жолундагы жана жакыр мамлекеттерде 2030-жылга чейин жолдо өлгөндөрдүн саны ВИЧ-СПИДден да бир кыйла ашып түшөрүн жазат The Economist журналы.

Европа сыяктуу өнүккөн өлкөлөр жакыр мамлекеттердин жолун оңдоого каражат бөлгөнү менен коопсуздук маселеси чечилбеген бойдон калууда. Өкүнүчтүүсү жол курмандыктарынын көбү 15-29дун ортосундагы жаштар болууда. Бул да экономикага чоң сокку. Маселен 80 жаштагы кишинин өлүмүнө караганда 17 жаштагы кишинин өлүмү үй-бүлөнүн кирешесине чоң балта чабат дейт The Economist.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG