Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:17

Эл аралык басма сөзгө сереп (17-23-март).


Твиттерге президент Абдулла Гүл да кирет

Бейшемби күнү түрк өкмөтү интернетте социалдык баарлашуунун бир түрү болгон Твиттерди өлкө аймагында колдонууга тыюу салды. Бирок Режеп Тайып Эрдогандын бул тыюу салуусу эмнегедир ишке ашпай жатат деп жазат The Washington Post. 30-мартта боло турган парламенттик шайлоонун алдында бийликте турган АК партиясы Түркиянын коопсуздугу менен аброюна шек келтирип жатат деген жүйөө менен атуулдарына интернеттеги Твиттер, Фейсбук, Ютуб сыяктуу социалдык тармактарга кирүүгө тыюу салды. Ошентсе да интернетти көзөмөлдөгөн уюмдар түркиялыктар дүйнөлүк түйүндөн социалдык тармактарга кирүүнүн жаңы жолдорун таап алышып, аларды колдонууну улантып жатканын кабарлашат.

Абдуллах Гүл, Түркия президенти.

Абдуллах Гүл, Түркия президенти.

Ал тургай президент Абдулла Гүл Твиттерге үзгүлтүксүз кирип жатканы катталган деп жазат The Washington Post. Ал эми Newsweek журналында Америка Ак үйүнүн басма сөз катчысы Жей Карнер Эрдоган бул кадамы менен адамдардын ой-пикир билдирүү эркиндигин кысымга алып жатканын айтканы жарыяланды. Түркияда 10 миллион киши Твиттерди колдончу.

Бишкекте суу ташкын коркунучу артууда

Борбор Азиянын Euroasia.Net онлайн басылмасы Кыргызстандагы мөңгүлөр эрип, суу каптоо коркунучу жаралганын жазып чыкты. Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин изилдөөчүлөрү Бишкектен 40 километр жогору турган Ала-Арча капчыгайында Адыгине мөңгүсү баш калаага чоң коркунуч жаратып жатканын айтышат.

Ала-Арча дарыясындагы суу ташкын, 31-июль, 2012.

Ала-Арча дарыясындагы суу ташкын, 31-июль, 2012.

Борбор Азия мурда мындай мөңгүлөрдүн коркунучунда бир нече жолу калган. Маселен 1998-жылы Өзбекстандын Шаймерден аймагында сел жүрүп, жүздөн ашуун киши каза тапкан. 2002-жылы болсо Тажикстандын Памир тоолорунда Шахдара өрөөнүн сел каптап, 23 киши өлгөн. Кыргызстандын бөксө бюджети менен өкмөттөгү бюрократиядан улам мөңгү маселеси каралбай келет. Эгер Адыгине эрисе Бишкекте цунамидей таасир калтырышы ыктымал деп жазат Euroasia.Net.

Крым бүттү, кезек Борбор Азиядабы?

Британияда чыккан Economist журналы Украинадагы Януковичтин бийлигинин кулашы жана Крымдагы референдумдан кийин Борбор Азия өлкөлөрү үчүн эки чоң коркунуч турганын жазып чыкты. Биринчиден, бийликти кулатуучу митингдер Борбор Азия элине шык бериши ыктымал. Экинчиден, Владимир Путиндин Крымды бөлүп, Орусияга кошуп алуусу анын Борбор Азияны да басып алуусуна өзөк болуп бериши мүмкүн. Аймактагы беш өлкө тең көптөгөн жылдар бою Советтер Союзунун курамында болгон. Азыр да орустардын таасири күчтүү бойдон.

Орусиянын Канттагы авиа базасы, 27-октябрь, 2013.

Орусиянын Канттагы авиа базасы, 27-октябрь, 2013.

Маселен Казакстандын Байконурун Орусия көзөмөлдөп, бир нече аскер тобу машыгууда жүрөт, Тажикстанда 7 миң орус аскери бар, ал эми Кыргызстанда болсо Орусиянын аскер базасы жайгашкан. Украинада болуп жаткан окуялар тууралуу Борбор Азия лидерлеринин баары эч нерсе айткан жок. Тажик саясий аналитиги Парвиз Мулложановдун айтымында, Орусиянын бөлүп-жарууга умтулуусу Борбор Азия үчүн өтө опурталдуу.

Орус куралдуу күчтөрү Крымды басып алгандан кийин Казакстан буга терең кооптонгонун, натыйжасы күтүүсүз экенин айтса, Тажикстан окуяларды калыс изилдөө керек деди. Баарынан да Кыргызстан ашып түшүп, Украинанын тынчтыгын бузууга багытталган кадам деген баа берип ийди. Ошентсе да үч өлкө тең Орусиянын атын атаган жок. Крым окуялары эгер Путин кааласа мурдагы советтик өлкөлөрдү басып алууга эч кимден уруксат сурабастыгын көрсөттү дейт Economist журналынын аналитиги.

Буга кошумча, кыргыз саясий аналитиги Бакыт Бешимовдун “Украинадан кийин кезек Кыргызстандабы?” деген макаласы Японияда чыккан The Diplomat басылмасына жарыяланды. Анда Грузия менен Украинада 2003-2004-жылдары болгон түстүү революцияга улай эле Кыргызстанда да Акаев бийлиги кулатылганы, азыр да өлкөдөгү саясий абал туруксуз болуп жатканы айтылган. Буга автор 2014-жылдын январь айында Ошто болгон митингдерди мисал келтирген. Бешимов макаласын "эгер бийлик дагы бир жолу күч менен алмашса Кыргызстан экиге бөлүнүү коркунучуна тушугушу ыктымал" деп бүтүргөн.

Каримованын 650 миллион евролук эсеби жабылды

Гүлнара Каримова.

Гүлнара Каримова.

Өзбек президентинин кызы Гүлнара Каримованын Швейцария банкындагы 800 миллион франк, же 656 миллион евролук эсеби жабылды деп жазат Франциянын Le Point гезити. Мындай кадам менен Швейцария өкмөтү “кара” же “соо эмес” акчаларды өз аймагында жүгүртпөй турганын билдиргиси келди. Буга удаа аталган өлкөнүн Сенаты банктар салыктан качкандарды аныкташ керек деген мыйзамды кабыл алды. Каримованын үстүнөн иликтөө иштери 2012-жылы эле шведдердин телекоммуникациялык TeliaSonera компаниясынан 220 миллион евро пара алды деген шектен улам башталган эле.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG