Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:15

Түндүк Корея чачты да көзөмөлгө алат


Түндүк Корея лидери Ким Чен Ындын баскетбол матчындагы баарлашуусу.

Түндүк Корея лидери Ким Чен Ындын баскетбол матчындагы баарлашуусу.

Эл аралык басма сөзгө сереп (24-30-март)

Узаган аптада дүйнөлүк гезит-журналдарда Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын жаңы буйругу, Орусия Кыргызстандагы таасирин арттырып жатканы, Кытайдын Европадан оолактап Орусияга жакындашы тууралуу сөз болду.

Корей эркектеринин чачы Ким Чен Ындыкындай болот


Түндүк Кореядагы эркектердин чачы өлкө лидери Ким Чен Ындыкындай болуш керек деген буйрук узаган аптада Пхеньянда жарыяланды. Чач жасалгасы менен коомду көзөмөлдөө кылымдар бою авторитардык режимдин бир куралы катары иштеп келген дейт Foreign Policy басылмасындагы макалада. Мындан ары Түндүк Кореянын бардык эркектери аркасы кырылган, маңдайында көкүл коюлган чач менен жүрүшмөкчү.

Аялдардын деле чач жасалгасы бул өлкөдө катуу көзөмөлдөнөт. Чач тарачтарда аялдар үчүн чачты кыркуунун 18 гана түрү атайын сүрөттөр менен белгиленип илинип турат. Узун чач күтүүгө тыюу салынган. Муну мамлекет башчылары социализмдин талаптары менен түшүндүрүшөт.

Чач жасалгасын зордоп элге таңуулоо бийликте байыртан бери эле келаткан көрүнүш. Маселен 1640-жылы Манжулар Кытайды басып алганда бардык эркектердин чачын кырып, төбөсүндө эле айдар көкүл калтырышкан. Эрежени бузгандар өлүм жазасына тартылган. Ал эми Орусияда Петр биринчи элди сакал-мурутту кырып салгыла деп буйруган. Сакалын өстүргүсү келгендер мамлекетке салык төлөгөн.

Түркмөнстандын мурдагы президенти, маркум Сапармурат Ниязов да 2004-жылы жаш жигиттерди узун чач койбогула деп тыйып чыккан. 1996-жылы Ооган бийлигине келген талибдер бардык эркектердин сакал коюшун талап кылган. Кызыгы 1967-жылы Грек бийлигине келген Жоржеус Пападополус эркектерди чач өстүрүп, аялдарды кыска юбка кийгенге мажбурлаган. Тарых көрсөткөндөй бийлик кээде чач тарачтын кайчысынан да өсөт окшойт деп жазат аталган басылма.


Орусия Кыргызстандагы тасирин арттырууда


АКШнын Бишкектеги аскердик базасы жабылганы турганда Орусия америкалыктардын кайра кайрылып келбөөсүн кепилдикке алгысы келип жатат деп жазат Nikkei Asian Review онлайн басылмасы. Кыргызстандагы стратегиялык тармактар Орусиянын ири компаниялары тарабынан сатылып алынууда. Нью-Йорк колледжинин саясат таануучусу Александр Кули: “Акыркы эки жылда Москва Бишкектеги АКШнын үстөмдүгүн азайтып, эң ири жана орчундуу өнөктөшү болууну көздөөдө. Орусия Кыргызстанды кардар аймакка айландыргысы келип жатканы маалым”, - деди.

“Роснефть” Кыргызстандагы мунай базарын башкарып, буга кошумча Ош аэропортун мунай менен камсыздоонун 50 пайыздык укугун алды. Бир жагынан “Газпром”, “РусГидро” сыяктуу ири компаниялар өлкөнүн энергия таркатуу тармагына ээлик кылуу ниетинде.

Эл аралык мамилелер боюнча Барселона борборунун адиси Николас де Педро: “Москванын мурдагы советтик өлкөлөргө карата мамилеси менен өткүрлүгү кыргыз бийлигин өлкө суверендигин сактай билүүсү үчүн ойлонтушу керек. Айрыкча Орусияда иштеген миңдеген кыргыз мигранттары да орус бийлиги үчүн Кыргызстанды башкаруунун бир чоң куралы боло алат”, - деди Nikkei Asian Review басылмасына.

Кытай – уктап жаткан арстан


Батыштын Орусияга карата экономикалык чектөөлөрү анын Кытайга кол сунуусун шарттоодо. Ошентсе да бул эки ири державанын ортосундагы мамилелер бир кылка эмес деп жазат француз журналисти Эммануэль Гриншпан Le Temps гезитинде. Шейшемби күнү Кытай Орусиянын Superjet маркасындагы 100 учагын сатып алуу меморандумуна кол койду. Дагы бир маанилүү кадам - “Газпром” ушул жалдын май айынан тарта 30 жыл бою Кытайга газ сатып турмакчы. Путин майда Бээжинге барып эки өлкөнүн ортосундагы бир катар маанилүү келишимдерге кол коёт. Муну аналитиктер коммерциялык эмес, стратегиялык жакындоо деп аташууда.

Азиядагы коопсуздукту сактоо максатында да Москва менен Бээжин жакындаганы турат. Ошентсе да Орусия менен Кытай дагы деле атаандаш бойдон калууда. Айрыкча атаандаштыктын бутасына акыркы мезгилде Борбор Азия чөлкөмү айланды. Эки өлкө бул аймак боюнча бир пикирге келе албай коюшту дейт Le Temps.

Европа лидерлери Си Цзинпинден Украина маселеси боюнча колдоо күтүштү эле, бирок стратегиялык өнөктөшү Орусияны кыялбай Кытай бул багытта ачык пикирин билдире элек деп жазат The Wall Street Journal басылмасы.

Өткөн аптада Си Цзинпинь Европага иш сапар менен барган. Анын негизги максаты соода байланышты чыңдоо болду. Ал бир катар аэрокосмикалык, унаа чыгаруучулар жана айыл чарбалык келишимдерди түзтү. Франциядагы иш сапары учурунда Си Цзинпинь “Наполеон Кытайды уктап жаткан арстан деген. Азыр арстан ойгонду, бирок ал тынч, сылык жана заманбап”, - деди. Эларалык дипломатияда Кытай Крым жана Украина маселесинде эч кандай пикирин билдирбей, Орусия менен ымаласын бузгандан оолак турууда дейт The Wall Street Journal.

Шумахер үйүнө барат


Британиянын Mirror гезитинде Михаил Шумахердин жубайы Швециядагы үйүнө 10 миллион доллардык оорукана бөлмөсүн курганы жарыяланды. Формула-1дин чемпиону Михаил Шумахер Франциянын Альпы тоолорунда лыжа тээп жүрүп, мындан үч ай мурун кулап катуу жаракат менен ооруканада комада жатат. Анын аялы Коринна Шумахер адистер спортчу комадан ойгонушу күмөн дегенге карабай кымбат баалуу аппараттар коюлган атайын бөлмө даярдап, күйөөсүн алып кетүүгө кам урду. Бул тууралуу Mirror гезитине Шумахердин үй-бүлөсүнүн жакын досу кабарлаган.

Бундестаг Тимошенкону колдобойт


Германия парламентинин спикери Норберт Ламмерт Украинанын мурдагы премьер-министри Юлия Тимошенконун президенттикке ат салышууга чыгып жатканын сындады деп жазат Der Spiegel. Тимошенконун Орусия боюнча айтылган агрессивдүү пикирлери анын келечекте татыктуу президент, же күчтүү саясий лидер боло албастыгын көрсөтүүдө дейт Ламмерт. Тимошенко алдын-ала жасалган божомолдор боюнча шайлоочулардын 10 проценттик гана добушун ала алат. Алдыда Виталий Кличко менен Петр Порошенко турат. Бирок аналитиктер Тимошенко бара-бара алдыга чыгарын айтышууда.

Байлар илбирс атканды модага айлантты


Кытайдын Шанцянг провинциясында байлар менен саясатчылар жаңы көңүл ачуу ыкмасын баштады дейт China Daily гезитине аймактын расмий өкүлү. Байлар илбирстерди жөн гана көңүл ачуу жана байлыгын башкаларга көрсөтүү максатында атып өлтүрүп жатышат. Бир ирээт гезитке маалымат берген кызматчыны да достору илбирс өлтүрүүгө чакырышкан. Бирок ал колу бошобой калып, муну көрбөй калганына өкүнгөнүн айтат.

Илбирстер Вьетнамдан алынып келүүдө. Буга чейин он чакты илбирсти эл көзүнчө байлар атып өлтүрүшкөн. Кытай Академиясынын Зоология Институтунун адиси Ши Яндын айтымында, илбирстер өлтүрүлгөндөн кийин союлуп этин дарылык максатта бөлүп алышууда. Кытайда 1993-жылдан бери илбирс же анын дене бөлүктөрүн сатууга тыюу салынган.

Казакстанда Lada көп сатылууда


Central Asia News онлайн басылмасында Казакстанда 2014-жылдын февраль айында эң көп сатылган автоунаа Lada маркасы болгону жарыяланды. Экинчи орунда Hyundai, үчүнчүдө болсо Toyota турат. Былтыр февраль айында 770 Hyundai машинеси сатылса быйыл 1284ү сатылып, жалпы көрсөткүч 4,5 процентке көтөрүлдү. Коңшу өлкөдө көп соодаланган машинелердин катарында Volkswagen, Chevrolet, KIA, Renault жана Nissan да бар. Эң эле аз Кореянын SsangYong маркасындагы темир тулпары сатылды. Аны болгону 196 казак атуулу алган.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG