Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:36

Кадыровдун "кылыгына" Путин неге көз жумат?


Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Путиндин сүрөтү тартылган трибунада сөз сүйлөп жатат. 12-июнь, 2012-жыл
Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Путиндин сүрөтү тартылган трибунада сөз сүйлөп жатат. 12-июнь, 2012-жыл

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (17-24-январь).

Франциянын Libеration гезитинде Чеченстандын лидери Рамзан Кадыровдун бейнесине байланышкан сын макала жарыяланды.

"Владимир Путиндин ишенимдүү өнөгү катары таанымал Кадыров азыркы Орусия тушуккан кыйынчылыктардан пайдалангысы келген “эл душмандарын” соттоого чакырып, көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилерине “ийне саям” деп коркутту.

Кадыровдун бул опузасын айрым сынчылар “Орусия үчүн шерменде окуя” катары баалашты. 2004-жылы атасы Ахмат Кадыров киши колдуу болгондон кийин бийликке келген Рамзан патриархалдык, салттуу исламга таянган өзүнчө мамлекет курду. Кадыровго тил кайрыгандардын дээрлик бардыгы Анна Политковская сыяктуу тындым кылынды. Маселен, аны ачык сындап чыккан укук коргоочу Наталья Эстемирова 2009-жылы Грозныйда барымтага алынып өлтүрүлдү. Путиндге бирден бир ачык оппозицияда болгон Борис Немцовдун киши колдуу болуусунда да Кадыровдун изи бар. Андыктан чечен лидеринин акыркы опузасын олуттуу кабылдаш керек. Анткени ал Путин үчүн "көзгө атар мерген" же "ишенимдүү ити" сыяктуу кызмат кылып берет. Сентябрдагы шайлоого аз калды. Ошондо Кадыровдой желдеттердин Путинге сөзсүз пайдасы тиет. Орус лидеринин Рамзандын ооздуксуз, неосталинизм таризинде өзүн алып жүрүүсүнө көз жумуп коюусунда өз пайдасын ойлогон саясат жатат”, - деген баа берет Libération гезитинин баяндамачысы Элен Деспис Попович.

Ири шаарлар картайып баратат

2030-жылга чейин 65 жаштан өткөн адамдардын саны 1 миллиардга жетет. Нью-Йорк, Гонконг сыяктуу ири шаарлардын калкы да барган сайын картаят. Ошентсе да өнүккөн өлкөлөрдө карылардын ыңгайлуу жашоосуна ылайыкташкан жаңы технологиялар көбөйөрүн The Washington Post жазды. McGraw Hill Financial Global институтунун анализи боюнча, 15 жылдан кийин дүйнө калкынын 49 проценти шаарларда жашайт. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму "Дени сак карылык" акцияларын баштады. Азыр Жапониянын айрым чоң калааларында улгайган кишилер кар жааганда тайгаланбасын деп тротуарлар кышкысын атайын жылытылып жатат. Мындай жагдайдан улам жаңы транспорт, медициналык тейлөө түрлөрү башталарын божомолдойт The Washington Post.

Кытайдын ички мигранттары кыйналууда

Кытайдын ички мигранттары айлык акыларын ала албай кыйналышып, 2015-жылы Социалдык коопсуздук министрлигине жардам сурап кайрылууга мажбур болушту деп баяндайт China Daily гезити. Хуайбей, Анхуй провинцияларынан Шанхай, Бээжин сыяктуу ири шаарларга барып иштеген кытайлыктардын былтыркы жылдагы кирешеси бир нече эсеге түшүп кеткен. Жогоруда аты аталган министрликке жалпысынан 4 815 мигрант маянасынын кыскарып кеткенин билдирип арызданган. Акыркы маалыматтар боюнча Кытайда азыр 274 миллион ички мигрант бар. Алардын көбүнүн айлык акы алууда укуктары бузулуп жатат. 2020-жылга чейин мамлекеттик органдар жеке компаниялардагы иш келишимин бузууларды катуу көзөмөлдөп, мыйзамсыз аракеттерди токтотуу программасы кабыл алынганын жазат China Daily.

Түндүк Корея баш оорутпаган арак чыгарганын жарыялады

"Кайрадан коммунизм жеңди, же Түндүк Корея ичкенден кийин эртеси баш жазганды талап кылбаган арак чыгарды" деп кабарлайт Foreign Policy журналы. Былтыр августта бул өлкөнүн лидери Ким Чен Ын ВИЧ инфекциясы менен рактын дабасын таптык деп чыккан эле. Эми болсо 30-40 проценттик жаңы аракты ичкен киши эртеси кыйналбай эле туруп кетерин жар салышты. "Корио" деп аталган жаңы ичимдик Түндүк Кореяда өскөн инсам же женьшен чөбүнө окшош өсүмдүк кошулуп, күрүчкө ачытылат. Түндүк кореялык Pyongyang Times гезити муну технологиялык, илимий чоң ачылыш деп атады.

Сырткы дүйнөгө толугу менен жабык Түндүк Кореяда ичимдик маселеси кандай экени белгисиз. Бирок кыйынчылык менен кирип чыккан чет элдиктер ал жакта аракты эл көп ичерин айтып жүрүшөт. 2013-жылы аябай мас болгуча ичип алган Ким Чен Ын мамлекеттик жогорку кызматтагы эки агасын өлүм жазасына тартканы айтылган. Андыктан баш жазганды талап кылбаган жаңы ичимдик Түндүк Корея коммунизминин чоң жеңиши болсо керек деп жазат Foreign Policy.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG