Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:41

Foreign Policy: Кремлде "адашкан" Лавров


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана орус президенти Владимир Путин.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана орус президенти Владимир Путин.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (15-22-февраль).

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун калдайган карааны барган сайын кичирейүүдө. Эл аралык саясаттын ардагерин Кремл эмнеге жогорку деңгээлде колдонгусу келбейт деген суроого Foreign Policy журналынын аналитиги Марк Галеотти жооп издеп көргөн. "Акыркы ирет Мюнхендеги Коопсуздук саммитинде сөз сүйлөп жатып Сергей мырза Украинага карата Орусиянын позициясын билдирүүдө ыргылжың болгону байкалды. Ар дайым өзүнө ишенип, дымактуу жүргөн орустардын номур биринчи дипломатына эмне болду?

Лавров Орусиянын тышкы иштер мекемесин 2004-жылдан бери тескеп келе жатат. 2007-жылы Улуттар Уюму тарабынан “эң таасирлүү инсан” деп табылган. Ошентсе да ал азыр Кремлде өзүн таппай адашып калган наристе кейиптенет. 2012-жылы президенттикке кайтып баргандан бери Владимир Путин айланасындагы ишенимдүү адамдардын санын кыскартууда. Мындай саясат Лавров сыяктуу таланттуу дипломаттын демине суу сээп эле тим болбой, Орусиянын эл аралык абалын оорлоштурууда. Жалындуу сөздөрү, Британия, Австралия сыяктуу өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери менен курч кайым айтышуусу аркылуу Лавров күчтүү саясатчы болуп келсе, азыр андан коркок, жалтанчаак гана көлөкө калгандай. Кремл башкы дипломатты абдан акылдуу, эрктүү, тажрыйбалуу адам катары азыркыдай деңгээлде эмес, дагы жогорку кызматтарда пайдаланышы керек эле. Бирок Путин эмнегедир Лавровду унутуп койгондой" деген баа берет Foreign Policy.

Күнүнө эки наристе деңизге чөгүүдө

Newsweek журналы качкындарга байланыштуу макалалар түрмөгүн басып чыгарууну улантууда. Өткөн жумада басылмада Жер ортолук деңизине орто эсеп менен күн сайын эки мигрант наристе чөгүп кетип жатканы баяндалды. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча агенттиги жана ЮНИСЕФ атайын иликтөө жүргүзгөн. Сирия, Ооганстан жана Ирактан Европага качкандардын 36 пайызын балдар түзөт. Түркия менен Грециянын ортосундагы деңизди кайыктар менен сүзүп өтүүнүн арты кээде трагедияга алып келүүдө. 2016-жылдын алгачкы айларында эле 410 киши деңизге чөгүп кетти. Алардын көбү наристелер. Frontex агенттигинин маалыматында, 2015-жылы Жер ортолук деңизинен Европага сүзүп өткөн качкындардын жалпы саны 885 миң адам болгон.

Шинжаңда мөңгү туризмине тыюу салынды

New York Times гезитине чыккан макалада коңшу Кытайдын Шинжаң аймагында акыркы кезде абдан өнүккөн мөңгү туризмине тыюу салынганы кабарланат. Кытайдын мөңгү изилдөөчүлөрү акыркы кезде Шинжаңда жайгашкан тоо кыркаларындагы муз барган сайын азайып, аймактын экологиясына кооптуу кырдаал жаралганын жүйө кылып, туризмди да тыйышты.

Тянь-Шань тоо кыркаларындагы мөңгүлөргө Кытайдын булуң-бурчунан миңдеген туристтер агылып келип жаткан. Акыркы 50 жылдын ичинде муз запасынын 47 пайызы эрип жок болгон. Бирок туризмден аталган аймак жылына 153 миллион долларга барабар киреше тапчу.

Азиз аялга күйөөсү гүлзар талаасын белек кылды

Уругвайда океан жээгине толкун уруп, чыгып калган дельфиндин баласы менен селфи сүрөт тартып жатып, аны өлтүрүп алган адамдардын кылыгы узаган аптадагы дүйнөлүк басма сөздө эң көп талкууланган темалардын бири болду.

Ошондой эле көзү көрбөгөн жубайы жыттап, ырахат алсын деген максатта миңдеген гүл тиккен Жапониядагы Куроки аттуу кишинин окуясы да окурмандардын кызыгуусуна арзыды.

The Independent гезити Жапониянын Шинтоми кыштагынын тургуну, 52 жаштагы Куроки көзү азиз аялы жыттап ырахаттансын деп, эки жыл бою өзү ээлик кылган жерге миңдеген шиба-сакура аттуу гүл тиккен деп жазат. Азыр эми анын бул гүл талаасы жеке эле жубайынын эмес, миңдеген туристтердин да сүйүктүү эс алуучу жайына айланды. Күнүнө 7 миңге чукул киши жубайлардын гүл бакчасын көрүүгө барат.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG