Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:03

Сауд Арабия: Кызганчаак аялдар жазаланат


Сауд Арабия
Сауд Арабия

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (8-15-май)

Сауд арабиялык аялдар жолдошунун чөнтөк телефонун уруксатсыз текшерсе, балак урулуп, түрмөгө камалат. Бул тууралуу The Independent гезити жазды. Саудиянын башкы юристи Мухаммед ал-Темияттын айтымында, мындай жазага аялдар күйөөсүнүн жеке жашоосуна кийлигишкени үчүн тартылмакчы. Бул кабар чыгары менен социалдык тармактарда кызуу талкууга алынды. Айрыкча саудиялык аялдар Твиттерге: «Эмнеге бул эреже аялдарга гана багытталган? Аялдар бүт өмүрүн күйөөсүнө арнап жашаганы аз келгенсип, эми кызганууга да акысы жокпу?», - деген тариздеги суроолорду жаадырышууда. Айрым укук коргоочулар: «Аялын сабаган эркекти эмнеге мыйзам көз жаздымда калтырып жатат? Кордук көргөн аялдарды мамлекет коргобойбу?» - деген көз караштарын билдиришкен. The Independent гезитине Мухаммед ал Темият: «Бул милдеттүү түрдө жазаланат дегенди түшүндүрбөйт. Исламдагы «Тазир» деген жазанын түрү колдонулат. Башкача айтканда, эгерде күйөөсү арызданбаса анда аялды жазага тарта алышпайт», - деди.

Ирандыктар Мекеге барбай калышабы?

Foreign Policy журналы быйыл ирандыктар ажылык сапарга чыга албай калышабы деген аталыштагы макала чыгарды. 2015-жылдагы ажылык учурунда тебелендиде калган 700дөн ашык зыяратчы каза тапса, анын 464ү ирандыктар болгону үчүн Тегеран Сауд Арабия ажылык сапарды уюштура албай жатат деп айыптап чыккан. Эки өлкөнүн ортосундагы тиреш быйыл январь айында шиит аалымы Нимр ал-Нимрди Саудия өлүм жазасына тарткандан бери да курчуп кетти. Узаган аптада Ирандын расмий адамдары ажылык сапар боюнча Саудия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бирок бир пикирге келе алышкан эмес. Эми Иран бийлиги өз атуулдарын Меккеге барбоого чакырууда. Ал арада Сауд Арабиянын Вашингтондогу элчиси Foreign Policy журналына: «Мекке эч качан бир да мусулманга эшигин жаппайт. Алланын жайына кимдин жолу түшсө, келе алат», - деген кат жиберген.

Буга чейин 1987-жылы Саудияда жүздөгөн ирандык зыяратчылар каза тапкан окуядан кийин да Иран 1988-1989-жылдары өз атуулдарын Меккеге жибербей койгон.

Борбор Азиянын солкулдаган экономикасы

Forbes журналына аналитик Аямер Окейсинин Борбор Азиядагы "экономикалык кыйын кырдаал жана туруксуз саясий акыбал" тууралуу макаласы жарыяланды.

"25-апрелде Эл аралык валюта корунун жылдык отчету жарыяланып, анда Кавказ жана Борбор Азиянын ички дүң өнүмү былтыр 1,2 пайызга түшүп кеткени баяндалган. Газ жана мунайга бай Казакстан, Түркмөнстанда да экономикалык солгундоо катталган. Ал эми Орусиядагы каатчылыктан улам Кыргызстан менен Тажикстандын акыбалы кыйындап, өлкөдө саясий кырдаал курчуй баштады. Глобалдык мунайдын арзандоосу Орусиянын экономикасын солкулдаткандай эле Борбор Азияга да туруксуздуктун шамалын айдап жатат. Аймактагы өлкөлөр чукул убакытта экономиканы калыбына келтирүүчү реформаны ишке ашырбаса, абал дагы кыйындап кетет" деген пикирин жазган аналитик Аямер Окейси.

72 жашында төрөгөн аял

Узаган аптада дүйнөлүк басма сөздө Индияда 72 жашка чыгып уулдуу болгон аялдын окуясы кызуу талкууланды. Арман Синх Гил 72 жашында уулдуу болгон. Аялга жасалма урук салынып, донордун спермасы менен балалуу болду деп жазат The Guardian.

«Улгайган куракта эне болуу жаңылык деле эмес. Маселен, 1947-жылы 40 жаштан өткөн 34 696 аял төрөсө, 2010-жылы бул сан 27 731 болгон. Айрыкча акыркы мезгилде жасалма уруктандыруу ыкмасы жайылгандан бери аялдын төрөт жашы узарып баратат. 70 жаштан өткөндө төрөгөндөр боюнча Индия алдыңкы орунда. Маселен, 2008-жылы Уттар Прадеш провинциясынан Омкари Панвар аттуу жетимиштеги кемпир уулдуу болгон», - деп баяндайт The Guardian.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG